«КҮЙӨӨГӨ ТИЙГИМ КЕЛЕТ...»

Мен чарчадым, жашым өтүп кете электе үй-бүлө куруп калайын деп жан талаша берип чарчап кеттим. Акыркы күндөрү бошой калсам эле кафелерге, түнкү клубдарга барчу болдум. Өзүм байкабай “аңчылыкка” чыга баштаптырмын. Жан дүйнөмдө тынчтык жок, күйпөлөктөй берем, тыбырчылай берем. Азыр жашым 35те. Мурда турмушка чыккам, 2 балам бар. Аларды ата-энеме таштап, жумуш издеп борбор шаарга келгендердин катарындамын. Азыр жакшы жумушум бар, балдарыма жума сайын барып турам. Бирок эмнегедир эле ичимдеги боштукту толтура албай келем. Анан таптым, ошол караоке, клубдардан бир эмес, бир нече жигит таптым, көңүлүмө Дайырдан башкасы жакпай туруп алды. Өзүмдү жеңе албай койдум, анын үй-бүлөлүү болгонуна карабай мамиле курдум. Ал айткан бардык шарттарга көндүм, көзүн карадым...

Бир жолу экөөбүз урушуп кеттик

– Сен менин үй-бүлөм бар экенин билгенсиң да, эми эмне каалап жатасың?- деди ал ачуусу менен. “Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм” деп жалбарып жүргөн “ханзаадам” ар кайсы сөздү айтып, намысымды тепселеп салды. “Мен сага үйлөнбөйм, аялымды сүйөм” деди. Эмнесин жашырайын, ал мени аялынан көбүрөөк сүйсүн, мага үйлөнсүн деп аракет кылчумун. Ошондуктан көзүн карап, тамагын жасай калып, ага ыңгайлуу болгон учурда жолугуп, урушса да унчукчу эмесмин. Кандай катуу сөз айтса да эртеси күнү кечирип койчумун. Уруштан 2 күн өткөндө кайра жазды:

– Кандайсың, жанусь? Сени сагынып кеттим, жолукпайлыбы?

– Макул.

Кайрадан эле анын көңүлүн карайм. Бир күнү жатып алып ойго батыптырмын. Өзүнчө эле Дайыр менен өткөргөн күндөр көз алдыма тартылды. Эч эле бакыт, романтика, жылуулук жок экен, Дайыр мен үчүн эч нерсе жасабаптыр. Көз алдыма уруштар, анын мени басынткан сөздөрү, буйрук бергени, талап кылганы гана тартылды. Мен эле аракет кыла берет экенмин, чыдайт экенмин, ал үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдү айтып берсе угам, аны менен кошо кейийм, ойлоном, акча сураса берем...

Күйөөгө тийгим келгенинен баарына макул болуп калыптырмын. Бул тууралуу отуруп алып ойлонбоптурмун дагы. Бир күнү сүйлөшуп отурсак, бир курбум психологиялык китеп берди. Ал китепти окуп отуруп өзүм кабылган көйгөйлөр тууралуу да таптым. Өзүмдү изилдедим, андан башка да бир топ китептерди окуп, бир топ кино көрдүм. Көрсө, мен мурунку турмушумдан ажырашканыма өзүмдү күнөөлөйт экенмин. Ошол себептүү бардык жигиттерге мен гана күнөөлүүдөй, аларга баары кечиримдүүдөй мамиле кылат экенмин. Анан ошол катамды жоюш үчүн үй-бүлө курушум керек дегенди мээме сиңирип алыптырмын. Өзүмдү түшүнүүгө, өзүмдүн үстүмдөн иштөөгө өттүм. Дайырга кээде жок деп айта баштадым. Анчалык эркектердин артынан чуркабай, алар үчүн кара жанымды карч урбай калдым. Өзүмдү сыйлаганды үйрөнүп жатам.

– Сен өзгөрүп кеттиң,- деди бир күнү Дайыр мага эмне болуп жатканын түшүнбөй караган көз карашы менен.

– Эмне болуп?

– Мурда жакшы болчусуң, азыр мерез болуп баратасың,- деди.

Хе, ага ыңгайсыз болуп калганда мен жакшы эмес адам болуп калдым. Жөн гана жылмайып койдум, өзүмө бул абалым жагып жаткан. Азыр деле күйөөгө тийип, көп балалуу болуп бактылуу жашагым келет. Бирок бул орунга татыктуусу, мени сыйлаганы келмейинче макул болбойм деп өзүмө сөз бердим.

Айчүрөк

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан