ЖАШКА, БОЙГО ЖАРАША АДАМДЫН ИДЕАЛДУУ САЛМАГЫ КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?

Көпчүлүк учурда адамдын идеалдуу салмагын табуу үчүн француз окумуштуусу Поль Броканын формуласы колдонулат. Анын эсеби боюнча айымдардын боюнан 110, мырзалардыкынан 100 сантиметр кемитилиши керек. Мисалы, боюңуз 165 сантиметр болсо, андан 110ду кемитесиз. 165-110=55. Сиздин идеалдуу салмагыңыз – 55 килограмм. Андан ашсаңыз семирип баратканыңызды моюнга ала берсеңиз болот. Бирок бул формула дагы такталып, (адамдын бою-100 (110)х1,15 формуласы келип чыккан. Мисалы, боюңуз 165 сантиметр болсо, (165-110)х1,15=63,25 килограмм.

Ал эми окумуштуулар Николай Егоров менен Иван Левицкий 20 жаштан жогору адамдардын идеалдуу салмагын эсептөө боюнча таблица иштеп чыгышкан. Алардын ою боюнча, адамдын жашы өткөн сайын салмагы да өзгөрөт. Салмактын өзгөрүшүнө ден соолугуна байланыштуу себептерден сырткары жашаган чөйрөсү да таасир этерин айтышкан. Алардын изилдөөсүндө мындан 20-30 жыл мурун көпчүлүк айымдардын салмагы 7-10 килограммга азыраак болгон. Төмөндө Егоров менен Левицкийдин таблицасын мисал келтирдик. Бул көрсөткүчтөр 100 пайыз туура дегенден алыспыз, бирок болжолдуу салмагыңызды салыштырып алсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1011, 22-28-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан