СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Мен сени бүгүн билип, бүгүн түшүнүп жатам. Сен кандай жан элең?.. Маңдайыма бүткөн ырысым.
Рустам ыйлап жатты. Аялынын колунан өөп, тизесине башын коюп, мөгдүрөп ыйлап жатты. Ушул адамды баалай албаганына, өзүнүн таш жүрөгүнө ыйлап жатты.
– Рустам, мен сени мурункудай күчтүү көргүм келет. Уулуң... Мени соороткон, мага дем берген нерсе – экөөбүздүн уулубуз бар. Сага ушунчалык окшош, Рустам. Кээде табиятка таң калып кетем. Басканы, турганы, алтургай уктаганы да сага окшош.
– Ал эми күлкүсү сени тарткан. Эсиңдеби, сен дагы башыңды чалкалатып ырахаттанып күлчүсүң. Күлкүчү элең...
– Курбуларым экөөбүзгө таң калышчу. “Түндөй түнт адам менен сендей шайыр адам кантип тажабай чогуу жүрөт?” дешчү. Көрсө, ошондо эле элдер экөөбүз эки башка дүйнөнүн адамы экенибизди билишчү тура.
Алар көпкө сүйлөшүп отурушту. Оо, дегеле көптөн бери минтип сүйлөшө элек эле. Ошол күндөн тартып Рустам аялына болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Жанынан чыкпай, улам бир догдурга алып барып, жаны төрт чарчы болуп жүрдү. Тез арада уюшулган дарыгерлердин кеңешмесинин жыйынтыгын укканы экөө тең кабылдамада отурушту.
– Кириңиздер,- деген мээрман айымдын сөзүнөн кийин экөө селт дей түшүштү.
Рустам бет маңдайында отурган дарыгердин көздөрүн тиктей албай үрөйү учуп турду. Ажал азыр алкымдан ала тургансып Айнуранын колдорун кысып жибергенин да сезбей калды. Тамагын жасап алган дарыгер алардын үмүттүү көздөрүн тиктеп туруп жай сүйлөй баштады.
– Жашырганда эмне, абал оор. Бирок үмүт бар. Эгерде операция жасала турган болсо, аман калышы мүмкүн. Бирок бизде бул оор операцияны белсенип жасай турган хирург жок. Казакстанда менин жакшы таанышым бар. Профессор Бурханов өз ишин мыкты билип, көп өмүрлөрдү алып калган. Мен ал адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, силердин жагдайыңарды түшүндүрүп көрөйүн.
– Демек, операция Казакстанда жасалат экен да.
– Ал иш чечилгенче жубайыңыз ооруканада жатышы зарыл.
– Мен үйдө эле болоюнчу. Уулумдун жанында. Болгон дары-дармекти алып турам. Анын үстүнө кайненем да врач. Ал дайым жанымда болот.
Рустам жалдырай түшкөн аялын эркелете карады.
– Ушундай деле кылсак болот эмеспи, агай. Чын эле, апам да врач. Ал Айнураны көзөмөлдөп турат.
– Мейли. Бирок оорулуу адамга биринчиден тынчтык керек. Эч нерсеге капа болбошу зарыл.
Небересин эки колунан жетелеп, сыртта үмүт менен турушкан Иман менен Айша ооруканадан чыга берген экөөнү утурлап тосуп алышты.
– Эмне дейт?
– Баары жайында, ата. Бирок сиздер эми менин үйүмө көчүп келбесеңер болбойт. Мени билесиңер, жумуштамын. А Айнураны азыр жалгыз калтырууга болбойт.
– Ошол элеби? Кемпир экөөбүз кайра жыргап калбайбызбы Айдиндин жанында болуп...
Иман бапылдап келинине да бир нерселерди айтып жатты. Апасы менен уулу тиктешип калышты. Адаттагыдай үнсүз түшүнүштү иштин жагдайын.
Балам, эр жигиттин башына нелер келбейт, бекем бол” деп жатты эненин көзү. Рустам үнсүз башын ийкеди.

ххх

Айдананын консерваторияга жумушка киргенине аз эле болгон. Студенттерге сабак берип жатып, сыртка капысынан көз жүгүртүп калды. Рустамдын машинасын көрүп, жүрөгү кубанычтан ыргып кете жаздады.
– Балдар, мен азыр...
Тепкичтерден тез адымдай сыртка чыкса, Рустамдын машинасы бурулуп чыгып бара жаткан экен. Колунан оюнчугун жулдурган балага окшоп, томсоруп туруп калды. Ошондо гана өзүнө келбей, атасын жумушуна таштап бара жатканын билди. Рустамды көрбөгөнүнө көп болгон эле. Баягы коштошпой чыгып кеткен боюнча бир да жолу телефон чалган жок. Келбеди дагы... Чалса да телефонун албаганга өттү. Сагынычтан жанчылган Айдана аргасыз телефондун номерин терип кирди.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
zarinai
2010-12-18 00:07:33
Aiabai jakwy 4ygarma eken takyr usboi okuim.
0
meerime
2010-12-18 02:24:07
emi kyzyktu bolup jatat ko
0
aminali
2010-12-18 04:27:57
Aidananiki jaman ottu,Rustamdi ele andip,jagaldanip,nazdanip,jaiina koiboibu.
0
Elit
2010-12-19 10:03:42
Негизи жашоодо деле убагында бири-бирибиздин баркыбызды билбей келебиз. ОКУНУЧТУУ
0
Aicholpon
2010-12-19 21:44:06
Бул чыгарма деги эле бутпой кеттиго((
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан