ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2-майдан 8-майга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Убакытты кылдат бөлүштүрүп энергияңызды үнөмдөңүз. Анткени аптада жумуш жана эмоционалдык чыңалуулар көп болушу мүмкүн. Кошуна, тааныштар менен достук мамилени жөнгө салганга, мурун-кийин араздашып жүрсөңүз элдешкенге ылайыктуу апта. Жубайыңыз менен курч маселелерди талкуулабай туруңуз, чырдын чыгуу ыктымалдыгы жогору. Бойдоктор жактырып жүргөн адамына сезимдерин билдирүүгө ашыгуулары кажет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Букачар айымдарга жылдыздар аптада “шоппинг” кылууну сунушташат. Зер буюмдарын, саркеч кийимдерди сатып алып, өзүңүзгө жаккан иш менен алектениңиз. Ырахаттануу, эс алуу сиздин маанайыңызды көтөрөт. Түгөйүңүзгө киреше-чыгаша, аманаттар боюнча сөз козгобой туруңуз, ортодо келишпестик жаралып чоң чырга айланып кетиши ыктымал. Бойдок букачарларга сүйүктүүсү андан жашырып жүргөн чоң сырын ачыктайт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кесиптештер, жакын туугандарыңыз менен баарлашууда, кечелерде сылыктыкты көрсөтүңүз. Эмоцияларды тыйбасаңыз чоң чырдын күнөөкөрү болуп калышыңыз мүмкүн. Бойдок эгиздерде маанай көтөргөн окуялар көп болот. Достор менен жолугушуп, чогуу машыгууга барууну ойлонуңуз. Диета кармагысы келгендер аракетин ушул жума баштаса болот. Балдары бар эгиздер алардын жүрүм-турумун катуу көзөмөлгө алышы зарыл.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Башкалардын адилетсиз жана катаал мамилеси сиздин эмоционалдык абалыңызды чыңалтып, чоң урушууга түртүшү мүмкүн. Бул абал сизди да башкаларга ачууланууга жеткирет. Андыктан маселени жеринде жай отуруп чечип алган туура. Душманды доско айлантуу сиздин колуңуздан келет. Үй-бүлөңүзгө жакын болуп шаан-шөкөттөрдү убактылуу токтотуп турганыңыз оң. Аптада убакытты жеке өзүңүз үчүн пайдаланыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптанын биринчи жарымында материалдык жоготууларга байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Жылдыздар ири каржылык чыгашалардан сактанууну эскертет. Аптада сатып алуулар ийгиликсиз болот. Социалдык тармактарда, таанышуу сайттарында активдүү болуп ал жактан жаңы досторду табасыз. Бойдоктор сүйүүдө жолдуу болушат, айрыкча арстан мырзалар күткөн периси менен табышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта башында жакындарыңыздын пикири менен эсептешпей жасаган аракетиңизден ортодогу мамиле чыңалып кетиши мүмкүн. Ошондуктан ата-эне, бир туугандарыңыз менен сый болуу сунушталат. Жумушта ишмер адамга айланып чыга келесиз, сизге мактоо айткан адамдардын саны көбөйөт. Сизден статусу жогору турган адам менен мамиле куруп калышыңыз ыктымал. Дем алыш күндөрү карызга акча берүү, карыз алуу жана ири сатып алууларды жасабай турганыңыз оң.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Каржы маселесине байланыштуу көп иштерди бүтүрө албай чамаңыз чак болуп калат. Кризистен чыгуу үчүн тынымсыз эмгектенүүгө туура келет. Жакындарыңыздын жасап жаткан иштеринен көп шектенип баштайсыз, мындай ойлор көбүнчө бекерчиликтен чыгат. Андыктан өзүңүздү жумуш, үй иштери менен алаксытканга аракет жасаңыз. Айрым бойдок селкилердин жеке жашоосунда чоң өзгөрүүлөр болот, сүйүктүүсү колун сурап, үлпөт той күнү белгилениши күтүлөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Өнөкөт ооруларды дарылоо жана оорулардын алдын алуу үчүн жакшы убакыт. Андыктан бир сыйра дарыгердин текшерилүүсүнөн өтүп койгонуңуз оң. Достор менен жолугушуудан, шеринелерден баш тартып туруңуз. Анткени мамилеңиздер сиз каалагандай болбой ортодо келишпестик жаралат. Үйүңүздү иреттеп эски буюм, кийим-кечелерден арылууга аракет кыласыз. Ушинткенде жеңилдей түшөсүз, үстүңүздөн оор жүк түшкөндөй болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чечкиндүү кадамдарды жасоо үчүн сизге эрк керек болот, аны сиз ишенген адамдардын колдоосунан гана ала аласыз. Ошондой эле бетке айтуудан, бир нерсеге фанат болуудан оолак болуңуз. Бул өнөктөштүккө, никеңизге, карьераңызга зыян келтириши мүмкүн. Бойдок жаачыларга сезимин билдирген адамдар табылат. Сүйүктүүңүз же сизди жактырып жүргөн адам күтүлбөгөн сюрприз жасайт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Табиятынан камкор текечерлер аптада көп түйшүктөрдөн кутулуп жеңилдегенин сезе алат. Студенттер окуу программасынан артта калып, мугалим койгон баага нааразы болуп алар менен мамилеси начарлашы мүмкүн. Андыктан окууга тиешелүү тапшырмаларды өз убагында аткарганга аракет кылыңыз. Үй-бүлөлүү текечерлерди балдары ийгиликтери менен кубантат. Ал эми бойдоктор жашоосунда чечкиндүү кадамдарга бара алышат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптанын биринчи жарымында стресстик кырдаалга туш болосуз, анын натыйжасында ашыкча энергия сарптоого туура келет. Жараат алуу коркунучу менен байланышкан аракеттерден алыс болуңуз. Эгерде пландалган хирургиялык операция болсо, аны башка убакытка жылдырганыңыз туура. Бойдок суу куярлар табитине төп келген адамды таап аны жолугушууга чакырат. Дем алыш күндөрү шаар сыртына чыгып табият коюнунда көңүл ачсаңыз болот.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Түгөйүңүздүн кээ бир маселелерде сиз менен кеңешпей иш кылып, атүгүл айрым жасагандарын жашырып койгон жоругуна ачууланасыз. Анын сизге жасап жаткан мамилеси түшүнүксүз болуп жатса керексиз, баш ооруткан суроолорду бербегенге аракет кылып, убакыт бериңиз. Бул кырдаал көпкө созулбайт, үй-бүлөңүздө бат эле ынтымак жана тынчтык өкүм сүрөт. Бойдоктор ашыкча чыгымды азайтып үнөмдөп жашаганы оң, болбосо көп адамга карыз болуп калуу коркунучу бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан