Кенже Көбөкова, ырчы: “ШОУ-БИЗНЕСТЕ САЯСАТТАГЫДАЙ САТКЫНЧЫЛЫК ЖОК”

– Кенже эже, кандайсыз? Жакында туулган күнүңүз болду, кандай өттү?

– Жакшы, рахмат. Ооба, 22-апрелде туулган күнүм болду. Чыгармачылыктагы досторум келип куттуктап, алтын чынжырча тагышты. Элдин батасын алган кыздар үйгө келип мага баталарын беришти деп кубандым. Бул күн ушундай өттү.

– Бир топ жыл мурун терезеден кулап ооруканага жатып чыктыңыз эле. Андан бери ден соолугуңуз жакшыбы?

– Көз тийбесин, жакшы. Бирок сынык бар да, күн бүркөлгөндө белим ооруйт. Бел омурткам сынган да. Жакындарым “убакыт өткөндө ооруйт дешчү эле, ооруган жокпу?” деп сурай беришет. Өзүм да жыл өткөн сайын коркуп турам, Кудай кут кылсын, оорубайт, баары жакшы.

– Жаш ырчы Байзак Кубанычбек уулун тарбиялап жатасыз, кандай өсүп жатат?

– Байзак балам 9-классты бүтүп, чоңоюп калды. Азыр ырдатпай жатам, үнүн бузуп албайын деп. Быйыл Бишкектеги окуу жайлардын бирине тапшыралы деп турабыз. Элдин алкышын угуп жакшы өсүп келе жатат, “тарбия бергениң билинип жатат” дешет, аны укканда кубанып калам.

– Байзакты кандай ырчы болот деп күтөсүз?

– Байзак салттуу музыканы алып кетүүчү фольклор ырчысы болот. Бакыт Шатенов, Токтобек Асаналиевдердей ырчы болот деп элестетем. Мурунку залкарларыбыз Муса Баетов, Атай Огонбаевдей чыкса атаганат. Ошондой тилегибиз бар. Жаштар “кандай ырчы болот?” деп көп сурашат. Муса Баетов, Атай Огонбаевдерди айтсаң, таанышпайт. Жумамүдүн Шералиевдей композиторлор болгон десең, “кто он?” дешет Байзактын жашындагылар. Алар түшүнсүн деп Токтобек Асаналиев, Бакыт Шатеновдорду мисал кылам. Байзактын өз жашындагылардан айырмасы – ал азыркы чыгармаларды укпайт, жалаң эски чыгармаларды жаттайт, телефонду чеги менен гана кармайт, Тиктокто отурбайт. Өткөндө бош отуруп Тикток тартып койдук экөөбүз, замандын талабы да.

– Өзүңүздүн балаңыз кандай жүрөт?

– Балам “ырчылар, куураттыңар” деп тамашалайт. Съёмка, концерттер болгондо “жүр, балам, алып барып кел” дейм да, форма көтөрүш керек, жардам берет. “Артисттен аял албайм, кийин кыздарыма артистке күйөөгө тийбегиле дейм” дейт. Боёнгучумду, көйнөгүмдү ташып жүрүп чарчады ал. Өзү комуз чертет, ырчылыкты жакшы көрөт. Мурда ырчы болом дечү. Түйшүктү көрүп “кыйын экен” деди. Кыйналып клип тартканымды, суукта съёмкаларда жүргөнүмдү көрдү, тапканымдын баарын кайра чыгармачылыкка салып салганымды көрдү. Ошол да себеп болду го, башка кесип тандады. Быйыл студент болот, буюрса, тергөөчү болом деп жатат.

– Адамдын тагдыры бала чагында жазылат дешет психологдор. Балаңыз кичинекей кезинде сиз да, атасы да жанында болбой калды, сиз апаңыздан 6 жашында алдыңыз. Кандайдыр бир психологиялык травма байкалбайбы?

– Жок, байкалбайт. Мен баламды атасы бардай кылып чоңойттум. Мээрим бере алдым. Бир да жолу атасын сураган жок. Көп аңдыдым баламды, андайды байкаган жокмун. Ички дүйнөсүндө эмнелер бар билбейм, бирок аракет кылдым, инилерим келсе, “сүйлөшчү, сурачы, мага айта албаганы болушу мүмкүн” дей берчүмүн.

Балам сөзүмдү эки кылбайт, ашыкча баспайт, өткөөл куракта деле оорчулук жараткан жок. “Апа, сизди жалгыз калбасын деп көчөгө чыкпайм” дейт. “Бара бер” десем болбойт.

Апам аны эркелетип бакты. Башында мага келгенде айылга качып жүрдү. Апам келсе ээрчип ыйлачу, аябай жаман болчумун. “Мен деле апаңмын да, эмнеге ээрчип жатасың?” дечүмүн. Көңүлү ачылбай жүрдү. Көнгөндөн кийин “айылга жашабайм” деп калбадыбы (күлүп).

– “Азыр заман ырчылардыкы, ырчыларга эле жыргал” деп калышат. Чын эле силерге жыргалбы?

– Жок, ай. Жыргагандар деле бар. Мен деле шүгүр дешим керек, азыр кыйналгандар көп, азык-түлүгү жок отургандар бар. “Сүт, такма жалаяк алып бериңизчи” деп жазышат. Аларды көрүп шүгүрчүлүк кылам. Ырчылардын жыргаганы жыргап жатат. Мен эл арты эмесмин, асты эмесмин, ортодомун десем болот. Билесиңер, көп жылдан бери мамлекеттик жумушта иштейм. Биз шаан-шөкөттө жүргөн үчүн карапайым эл жыргап жүрөт деп ойлошот. Бул биздин кесип. Бир концерттин астында бир тууган эжемди ооруканадан чыгарып берип коюшкан, үйдөгүлөр даярданып башташкан. Ошондо чыгып тамашалуу ыр ырдагам, ырдап жатам, бирок көкүрөгүм куйкаланып, муунуп ыйлаганы турам. Ырдап бүтүп дааратканага чуркап барып ыйлап, бетимди жууп чыгып үйгө кеткем. Чыгармачыл адамдар эки жашоодо жашайт экенбиз, сахнада бир өзүнчө жашоо, жеке жашоо өзүнчө. Ошон үчүн чыгармачыл адамдар, байкайсыңбы, көбү инсульт алышат. Чыгармачыл адамдардан 100гө чыкканын көрдүң беле? Баарын жүрөгүнө жакын кабыл ала берип узак деле жашашпайт. Жакшынакай келатып көрбөй өтүп кетсең деле “жылдыз болуп калыптыр” дешет го, мурун ушуга деле жүрөгүм ооруй берчү. Азыр антпей калдым, өзүмдү аяганды үйрөндүм. Жаман кесип дебейм, жыргалы да бар, белегин көтөрүп келип, чыгармачылыгыңды сыйлаганын айтканда, бир жерге барып соода кылсаң, “сизди тааныйм, сыйлайм, ушуну менин атымдан бекер алыңыз” дегенде “ырас эле ырчы болуптурмун” дейсиң, өзүбүз менен сыймыктанып, бактылуу болгон учурлар да көп. Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Биздикинен кыйын деле кесиптер бар да. Дагы жакшы, саясатчы эмесмин. Саясатчылардыкы мындан жаман деп ойлойм. Таң калам аларды көрүп, бир карасаң бири-бирин шыбап жатышкан болот, бир карасаң чогуу жүргөн болушат. Шоу-бизнесте анчалык саткынчылык жок (күлүп).

Уят болгон окуя...

– Комуз менен ырдап жүрүп, биринчи жолу фонограмма менен сахнага чыккам. Билбегендик да, фонограмма ырдап жатам деп ойлоп бир куплет бүткөнчө шыбырап ырдайм. Көрсө, ал минус экен да, ырдабай эле маймыл боло бериптирмин. Эл болсо түшүнбөй кабагын чытып мени карап отурат. Бир куплеттен кийин байкап калып, анан кыйкырып ырдап кирдим. Кийин ошону эстеп көпкө уялып жүргөм.

Көп күлдүргөн окуя...

– Көп жыл мурун Гүлзат Батырканова экөөбүз Ысык-Көлгө барып эс алып келгенбиз. Ошондо Гүлзат эже ушундай тамашага салган, мен да бирөөлөрдү туурап бергем, экөөбүз 3 күн тынбай күлүп эс алганбыз. Азыр эстесем, ошондо абдан жыргап күлүптүрмүн.

Ыза кылган окуя...

– Мени ала качып кеткени, окутабыз деп окутпай койгону ыза кылган.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан