БИР БҮРКҮМ. ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ АЛМАШТЫ...

  • 2023-жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз аба каттамы ачылары маалымдалды.
  • Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке киргизилген күрөң аюунун терилери табылды.
  • Жээнбек Кулубаев Кыргыздын тышкы иштер министри болуп дайындалды.
  • Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштоого аракет кылган 30 жаштагы келин куткарылганы айтылды.
  • Токтогул районунда баңгизат сатып жаткан жеринен 2 тургун кармалды.
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети бекитилди.
  • Кыргызстанда 2022-2025-жылдарга карата адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.
  • 2023-жылы Монголияда Кыргыз өлкөсүнүн элчилигин ачуу пландалып жатканы айтылды.
  • ИИМ: Жыл башынан бери 2 тоннадан ашуун баңгизат колго түшүрүлдү.
  • Таалатбек Масадыков кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
  • ИИМдин ага тергөөчүсү 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
  • Ош шаарында ооруканалардагы бейтаптардын, медицина кызматкерлеринин уюлдук телефондорун уурдап жүрүүгө шектүү жаран кармалды.
  • 27-апрелде Жалал-Абад шаарында бош жумушчу орундардын жарманкеси өтүп, анда 300дөй бош жумуш орундары сунушталды.
  • 28-апрелде таңга жуук Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Ахматбек Келдибеков 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берди.
  • Айдоочулук күбөлүк алуудагы сынакты оң жагына чечип берүү үчүн жарандан пара талап кылууга шектелип "Унаа" ишканасынын кызматкери кармалды.
  • Оштун Төлөйкөн айылынын тургуну аялын сабаганы үчүн 9 суткага камакка алынганы кабарланды.
  • Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча жарандык активист Роза Маманова күбө катары суракка чакырылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан