Айтурган Эрмекова, ырчы: “БУЛ ЖӨН УНАА ЭМЕС, СТАТУСУ БИЙИК УНАА”

Үлгүсү – Мерседес G550 Гелендваген

Чыгарылган жылы – 2004-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 5500 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 220 чакырым

Баасы – 27 миң доллар

“ОКУУЧУ КЕЗДЕ ЭЛЕ УНАА АЙДООНУ КЫЯЛДАНЧУМУН”

– Унаа айдаганга кичинемден кызыгам. 7-8-класстарда бирөөлөрдүн унаасына түшүп калсам же маршруттук таксиде баратасам деле өзүм айдап баратканымды элестетип кыялданчумун. 2013-жылы эл катары эле окуп, сынак тапшырып айдоочулук күбөлүк алгам. Кызыгуум күч болгондуктан бардык шарттарга көнүп, бардык тапшырмаларды көңүл коюп аткарчумун. Күбөлүк алгандан кийин 2 жылдай тыныгуу болуп калды. Анткени шартка байланыштуу унаа ала албай жүрдүм. Рулга көпкө отурбасаң айдаганды унутуп, коркуп калат экенсиң. 2 жылдан кийин Хонда Фит Ариа алдым. Бул унаанын багажы чоң болгонуна кызыккам. Анткени формаларымды салып жүрүүгө ыңгайлуу унаа керек болчу. Фитти алганда мурун окуганымдын жардамы тийип жакшы айдаганды үйрөнгөм. Жаңы эле алып эң биринчи рулга отурганда МАИ кызматкерлери жаныма келип калышкан. Бул кыз унаа айдаганды билбей эле отуруп алыптыр деп мени кармашат окшойт деп коркком (күлүп). Ошол коркуу менен айдап кеткем.

“ГЕЛЕНДВАГЕНГЕ АЛГАЧ ИРЕТ ОТУРГАНДА КОРКТУМ”

– Буга чейин 2 гана унаа алмыштырдым. Түрдүү унааларды мине элекмин. Фиттен кийин Тойота Камри 50 айдадым. Азыркы Гелендваген үй-бүлөбүздүкү, үй-бүлөнүн мүчөсү катары менин да автоунаам. Жолдошум Гелендвагенди сүйгөн адам. Мындай унаа көп мырзалардын гана эмес, айымдардын да кыялы экен. Казакстанга, Орусияга барганда айымдардын минип жүргөнүн көп көрдүм, кээ бирлери салонун күлгүн түстө жасатып сонун кылып алышыптыр. Аларды көрүп бизде да Гелендваген бар деп сыймыктандым. Ушинтип жасап алса болот турбайбы дедим. Бирок "жёсткий" унаа болгондуктан Гелендваген мага көп жага бербейт. Чет жактарга, узак жолдорго көп чыгам, тойдон кийин чарчайм, ошондуктан мага жумшак салону менен унаалар жагат, жатып эс алып келсем дейм.

Гелендвагенге алгачкы ирет отурганда менде коркунуч сезим болду, анткени бандиттердин унаасындай элестеттим. Кинолордо мындай унааны бандиттер, байлар минишет го, айдаганда өзүмдү мафиянын мүчөсүндөй сезип, көчөдөн эл башкача карап, ыңгайсыз болгом.

“ЖАКШЫ АЙДООЧУМУН”

– Мага “жакшы айдайсың”, “эркектердей айдайсың” деп көп айтышат. Өзүм да жакшы айдайм деп айта алам. Жол эрежелерин жакшы билем. Жолдошум “жол эрежелерин бузба, өзүңө да, мага да маселе жаратпа” деп көп айтат. Кайнатам МАИ кызматкери болгондуктан жол эрежелерин бузуудан уялам. МАИ кызматкерлерин сыйлайм. Эң көп 3 миң сом айып пул төлөгөм. Туура эмес жерге токтотуп койгонумда эвакуатор алып кетип калган.

“БИР ЖЕРГЕ БАРСАК СӨЗСҮЗ БААРЫ БУРУЛУП КАРАШАТ”

– Бул унаа 100 чакырымга 20-22 литр бензин ичет. Көп ичет чындыгында, бирок биздики газ менен да жүрөт. Башында газ менен айдап жаттык. Болбойт экен, азыр май куюп айдап жүрөбүз. Күнүнө 2 миң сомго бензин куйсак жетет. Артыкчылыгы – бардык жерге тез жетесиң. Кандай гана жол болбосун жөн эле өтүп кетет. Көп Гелендвагендер “дырр” деген үн менен жүрөт экен, баарын өзүнө каратып. Жолдошум айдап келе жатса бизге 2-3 көчө жетпей эле үнү угулат, ошонусу жаккан жок.

Унаа статус кошот дегенге кошулам. “Оо Гелендваген” деп көчөдөн да карап өтүшөт, номери да сонун, эл таанып калды, унаамды көрүп, “Айтурган Эрмекова кетип баратат” дешет. Бир жерге барып калсак сөзсүз баары бурулуп карашат. Бул жөн унаа эмес, статусу бийик унаа.

“УНАА БЕЛЕККЕ АЛЫП КӨРӨ ЭЛЕКМИН”

– Мага эч ким унаа белек кылган эмес. Буюрса, алып берет деген ишеничтемин. Жолдошум “сага жакшы Жип алып берем, Lexus 470 же 570 сыяктуу унааларды мингенге татыктуусуң” деп көп айтат. Бирок мен бийик унааларды жактырбагандыктан азыр алып берип жаткандай эле “жок, мен андай унааларды мине албайм” деп тамашалаша берем. Алып берсе, албетте, кубанычымда чек жок болмок.

“БАШЫМ ЖАРЫЛЫП, КУЛАГЫМ АЙРЫЛГАН”

– Тойлорго шашып катуу айдап баратканда Кудай “абайла, акырын айда” деп эскреткенсип жол кырсыктарын көрүп калабыз. Чочулап абайлап айдап калабыз. Кичине кезимде апам экөөбүз жол кырсыгына кабылганбыз. Башым жарылып, кулагым айрылган. Ошол эсимден кетпейт. Төө-Ашууда жол улаш такси менен келатканбыз, айдоочу уктап кеткен. Анда мен 5 же 6-класс болчумун. Башым ооруп, ошону айыктыралы деп Бишкекке барган элек, кайра Ошко келе жатып кырсыктап андан жаман кылып алганбыз.

“КАТУУ ИШТЕЙМ ДЕП ТУРАМ”

– Чыгармачылыгымда жаңылык көп, катар-катары менен жаңы ыр жаздырып, клиптерди тарттырып жатам. Бул жылы акындар менен иштешип жаңы ырларды жаздырууга басым жасоодомун. Катуу иштейм деп турам. Орозо бүтөйүн деп калды, орозодон кийин жаңы ыр, жаңы костюмдар менен кайра эле эл кызматындамын.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан