Садыр Жапаров: “КУМТӨР” ЧЫНДЫГЫН 3 АЙДАН КИЙИН АЙТАМ”

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде ЖМКлардын бирине маек берип, анда көпчүлүктү кызыктырган бир топ суроолорго жооп берди. Президенттин маегинин урунттуу учурларын сунуштайбыз.

Жаңы курулчу Ак үй...

– Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен, кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп бир имарат куруп кетейин дедим, элге 100 жыл кызмат кылсын.

“Кумтөр” келишими...

– "Кумтөр" боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюлган келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча-мынча былжырактарды. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар.

Кыргыз-Тажик чек арасы...

– Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 чакырым бүттү, 300 чакырым калды. Бирок процесс жай жүрүп жатат, бул бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат.

Байсалов, Бейшеналиев...

Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар, көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия, ар ким сунушун, жеке көз карашын ортого таштай алат. Алымкадыр Бейшеналиев болсо сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билет. Ошондуктан этика жактан кемчиликтерине көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болсо болду.

Камчыбек Ташиев менен мамилеси...

– Мурдагыдай эле, эч кам санабаңыздар. Дайыма өкмөт башчы, министрлер болуп чогулуп, кеңешип, сырдашып турабыз.

Айланасындагы адамдар...

– Ушул "жаныңдагыларыңды тазала" деген дежур сөзгө айланды. Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. "Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың" деген талап менен иштетип келе жатам. Анан эле "тиги жегич, бул жаман" деп отура берсек алдыга жылбайбыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм.

Бабанов жана Октябрь окуялары...

– Эч кандай кош стандарттуулук болбойт. Эгер болуп бараткан болсо президент катары Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, адам укуктарынын кепили катары мен өзүм кийлигишем. Мен деле баарына көз салып отурам. Бул маселе (ред. 2020-жылдын Октябрь окуялары) боюнча азырынча тергөө кандай тергеди, кимдерге күнөө такты, кимдер жөнүндө тергөөнүн кандай маалыматтары бар мен билбейм. Балким, Бабанов, Казакбаев башкаларга окшоп кыргын салабыз деген чакырыктарды жасаган эместир? Соттун чечимин күтөлү.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан