– Июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде суракка чакырышкан, мен көрсөтмө бердим. Иликтөө иши кандай жүрүп жатканын билбейм, мага маалым болгон нерсени айтып бердим. Мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын корутундусунда негизги күнөө Убактылуу өкмөттө экени айтылган. Убактылуу өкмөт түштүктөгү таасирин сактап калуу үчүн жергиликтүү сепаратисттерди колдоп, алардын мүмкүнчүлүгүн колдонгусу келген. Анын натыйжасында ушундай кагылышуу келип чыккан,- деди Ташиев.
Убактылуу өкмөттү аракетсиздик беренеси менен дагы айыптоого болорун кошумчалап, сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровдун качып чыгып кеткени дагы шектүү экенин, ага ким жардам бергенин аныктоо зарылдыгын дагы билдирди УКМКнын төрагасы.
Лунара Бекиева