АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дейт. Атамдын ооруп калганы ишти ого бетер тездетти. “Ушул кишиге турмушка чыгам” деп жер тээп туруп алган эрке кызына атам түшүнө албай же каршы чыгууга алы жетпей, акыры көнүп берди. Менин өтүнүчүм менен эч кандай шаан-шөкөтү жок эле кичине тойчук жасап алып кетишти. Арстанга билдирбегенге абдан аракет кылдым. Ошон үчүн классташтарга да, атүгүл кошуналарга да акыркы күнгө чейин айттырбай койдум. Мындай жоругумду түшүнбөгөн атам бечаранын ою жаманга кетиптир. Үйгө кирип келе жатып, Ажарды демитип жатканын угуп калдым.
– Сени аял дейт. Кыз киши атасына айталбаганын аялга айтат. Чыныңды айт, Айдайым эмне мынча шашып, баарынан жаап-жашырынып жатат? Тиги Элдар экөөнүн ортосунда бир иш болуп кетиптирби? Ачыгын айт. Айласыз чыгып жаткан болсо, мына азыр тойду токтотуп коём!
– Койчу, Мукай, капкайдагыларды оюңа албай. Биздин Айдай түз басып, түз жүргөн кыз. Мобул айылды төрт тегеренип, мындай ыймандуу кызды таппайсың. Тезинен чыгам деп көшөргөнү тиги Айдарга өчөшүп жатканынан болсо керек. Элдар жаман адам эмес. Ошону көрүп туруп мен деле Айдайды кой деген жокмун.
– Жаман адам деле көрүнбөдү дечи, бирок Айдайыма атасындай болуп жатпайбы. Мектепти эми бүткөн, эч нерсени көрө элек, ойноп-күлө элек кызым келип-келип ушундай чоң кишинин көзүн карап отуруп калабы?
– Айдай эле болсо бирөөнүн көзүн карайт! Мени айтты дээрсиң, бирок көрөсүң го, Элдарды көзүнүн кареги менен тең айлантып алат. Кой, Мукай, көңүлүңө жаман нерселерди алып, капалана бербе. Айдай өңдүү сулуулар чанда жаралат. Жаш кызды шаарга жөнөтүп жиберсек, сугу түшкөн бирөө көңүлүн оорутса кантесиң? Андан көрө ишенимдүү бирөөнүн колуна тапшырып, көңүлүң тынч жүргөнү оң. Негизи, өлүмдөн башканын эрте болгону жакшы.
– Ошентсе да бир нерсе көңүлүмдү өйүп жүрөт. Экөө каяктан жүрүп тааныш болуп алышкан?
– Тээ бир ирет, эсиңдеби, кызыбыз олимпиадага барып, жолдо машине бузулуп, айдоочунун тааныштары менен келгени. Ошол жеткирип келген Элдар экен. Андан бери эки жыл өттү да. Эки жылдан бери кызыбызды сыртынан кайтарып жүрүптүр. Өткөндө “ушул кылыгым үчүн кечирим сурайм. Айдайдын ар бир кадамын кайтарып жүрдүм. Жаман ой менен эмес. Анын көңүлүн эч ким оорутпаса, капа кылбаса деген тилек менен. Өткөндө балдар ала качып кеткенде чыдамым түгөнүп, жигиттерди жөнөтүп чыгартып кетсемби дей баштаганымда сиз келип алып кеттиңиз. Болбосо, өзүм сууруп чыкмакмын” дейт. Анысын угуп, кадимкидей ичим жылып калды. Элестет, Айдайдын экөөбүздөн башка таянар кимиси бар эле?
– Арстан бар. Ал Айдайды капа кылдыра койбойт. Кызык, кызым неге «Арстанга турмушка чыгарымды айтпагыла» деп суранып жатат?
Арстандын атын укканда дирилдей эшиктин туткасына жабыштым.
– Арстан деген эркек. Бардык эле жигиттер карындашын эч кимге ыраа көрбөй, кызгана беришет. Арстан “азыр жашсың, турмушка чыкпайсың” дейт, чаң салат деп чочулап жатса керек. Жакшылыктын эрте-кечи жок. Арстанга бүгүн болбосо, эртең айтабыз да. Эки күн таарынып, үчүнчү күнү баары бир жазылат.
Жаңылышасың, Ажар, абдан жаңылышасың. Ушул жоругубуз үчүн Арстан экөөбүздү бир өмүр кечирбесе керек. Сен уулуңду жакшы билбейт экенсиң. Ичимден ушинтип күңгүрөнүп алдым.
Эртең күйөөгө кетем деген күнү кечинде Асел келиптир. Алтыным Асел мага таарынып жүргөн эле, баары бир ичи түтпөдү көрүнөт. Киргенде эле урушуп кирди.
– Деги сен эмне болуп жүрөсүң? Экзаменге барбай койдуң. Телефонуң өчүк. Баары тынчсызданып жатышат. Класс жетекчибиз урушту. “Эртеңки экзаменге да келбесе, аттестат алам деп ойлобой эле койсун” деди.
– Мага аттестаттын кереги жок.
– Эмне?!
– Кереги жок дейм. Аттестат окууга тапшыруу үчүн керек да, чынбы? А мен окубайм. Күйөөгө чыгайын деп чечтим.
– Айдай, эмне деп турасың?
Курбу кызымдын оозу ачылып, уккан кулагына ишенбей турду.
– Кимге? Качан?
– Эртең. Эртең мени жактырып жүргөн бирөөгө турмушка чыгам да, бул жактарга кайрылып келбейм.
– А-аа, Арстанчы?
Асел канчалык өзүн кармайын десе болбой, ушул суроо чыгып кетти.
– Арстан? Ал күчтүү. Анын үстүнө сен барсың. Акылдан азышына жол бербейсиң.
– Айдай, ал күн сайын чалып, “телефонун иштетип койсун же сенин номериңден СМС жазсын” деп тынчы кетип жатпайбы? Телефонуңду жоготуп алдыңбы?
Атайы өчүрүп койдум дегенден көрө жоголду деген ылайыктуу окшойт. Бирок үндөбөдүм.
– Жок, мындайың жарабайт. Кечээ эле жанталашып окуп, экзамендерге даярданып, Москвага кетмекчи болуп жүрбөдүң беле? Эмне болду, айт? Ушунчалык эле оор иш түштүбү башыңа?
Алтын кызсың да, Асел. Дайыма эле ушул мүнөзүңдө калсаң, бир жигиттин точно багын ачасың. Бирок менин маселемди сен чече албайсың. Андыктан ашыкча баш катырбай, билбей эле калганың жакшы.
– Айдар ала качкан соң ойлонуп көрдүм. Эгер дагы бири ушул жорукту жасаса, көтөрө албайм. Тиги болсо көптөн бери мага көңүлү барын билгизип, жакшы иштерди жасап жүрөт. Жакшысы, турмушка чыгып алып, тынч эле оокатымды өткөрөйүн деп чечтим.
– Тиги дегениң ким?
– Аны эртең көрөсүң.
– Экзаменчи? Эртең экзамен тапшырышың керек го?
– Аттестат керек болсо, жаздырып алам. Окуу жагынан Кудайга шүгүр, жакшы эле билимим бар. Балким, быйыл эле кайсы бир окуу жайына тапшырармын. Азырынча ойлоно элекмин. Асел, алтыным, сенден бир сураныч.
– Ии, айт.
– Аткарасыңбы?
– Эмне, суранычыңды аткарбай көңүлүңдү калтырдым беле?
– Жок, андай кылган эмессиң. Ошон үчүн суранып жатам да. Эртең турмушка чыгарымды Арстанга айтпа. Баары бир угат дечи. Ошентсе да мен кеткиче укпай эле турсун. Эртең чалып калса точно, тигиден баш тартып коём. Андай кылсам баарыбызга зыян. Атама, Ажарга, мага, атүгүл сага да.
Элдарга турмушка чыкпай калсам Арстандан кол жууганга туура келерин Асел айттырбай түшүндү. Оозуна сөз келбей, жөн гана башын ийкей чыгып кетти.
Ошондой, достор, алды-артымды карагым келбей Элдар менен жетелешип кете бердим. Өзүм өзүм эместей, узакка созулган уйкуда жүргөндөймүн. Көңүлүмдү соороткон бир гана нерсе, Элдар мага үйлөнгөндөн бир жумадан кийин эле атамды Германияга жөнөттү. Ошол жакта медицина күчтүү деп ишендирди. Атам менен күн сайын эки-үч маал сүйлөшүп жатам. Ажар анын жанында. Башында алсыз болсо, эми кадыресе күүлүү-күчтүү сүйлөй баштады. Ошонусуна шүгүр.
Элдар уйгур экен. Ушуну укканда бир аз көңүлүм сууй түштү. Негизи, башка улуттун кыздарына үйлөнгөн жигиттерди жактырчу эмесмин “кыргыздын кыздары куруп калгансып” деп. Ошондо кичине ойлонуп сындасам болмок экен. Эми мени шылдың кылар киши жок.
Ал мени үйдөн түз эле аэропортко алып келди. Жаш жигит болбогон соң тиги-бу салттарды кармайт элем деп убара деле болбойт экен, ошонусу жакты. Башка бирөөгө турмушка чыксам, мени үйүнө алып барып, жүгүнтүп, биринчи түн, аңдымай, сүйүнчү алмай деп башты оорутушмак да. Ошол тапта мага эч ким жакпай, баары ашыкча болуп турган. Ошону түшүндү окшойт, Антальяга алып кетти.
Баарынан алыста, жаңы жер, жаңы эл, сени менен эч кимдин иши жок, жаңы турмушка көнүү бир кыйла жеңил болду. Балким, мени Арстанга кошулуп алып “акмак кыз, сатылып кеттиң” деп күнөөлөйт чыгарсыздар.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Azizan
2010-12-17 17:32:46
Фальш боло баштаптыр
0
asal
2010-12-17 18:56:39
тажатыго дагы кийинки санын кутушко тура кэлдиби.
0
Kiza
2010-12-17 19:19:28
Мммммммммммммм, бул жагы кызык болуп калды го.... Арстан эмне дээр экен...
0
operaledi
2010-12-17 19:33:49
Ажарга очошуп, айткан тилин укпай койсо болот беле? Сындабай эле коёюнчу, мен да........
0
nensi
2010-12-17 22:10:32
Kiyinki sanyn chydamsyzdyk menen kutobuz....
0
Akjol
2010-12-18 01:19:04
Кандай гана окунучтуу тагдыр ээ...Арстан билсе баарын сапырат го.
0
Aikokul
2010-12-18 01:52:19
Окуган сайын журогум ооруп кетет.
0
Aikokul
2010-12-18 01:53:11
Арстанга кыйын болду
0
kyrgystan
2010-12-18 03:12:06
iiiii emi dagy bir juma kutobusbu uffff aiagyna 4ykkan4a jarylyp ketpesem boldu.
0
Danijarov
2010-12-18 03:50:21
азыркы заманда акча баарын чечип калбадыбы....кыздардын 99.9%и акчалууларга конуп беришет бир аз акчасын чачып койсо эле!!
0
хулиганка
2010-12-18 23:25:58
Билбейм Арстан жаным не болот эми.Офф жарылып кеттимго.
0
Aicholpon
2010-12-19 20:50:54
Эчкандай акчага конбогон кыздардын саны коп.ото аз пайыз берип коюпсун.
0
aika-b
2010-12-21 08:50:10
Айдайдын чечимине мен да кошулам, суйуудон да ата-эне ойдо турарын далилдептир, анын ордунда мен да ушундай жолго бармакмын,азамат, озунун конулунон мурун, жакындарын ойлогон адамдарды сыйлайм.
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан