ПАРЛАМЕНТ КОМИТЕТИ ӨЛКӨГӨ ОҢ РУЛДУУ УНААЛАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ КАРШЫ

26-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун карап, колдоодон баш тартты. Ички иштер министрлиги бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, оң рулдуу унаалар жол кырсыктарына себепкер болуп жатат деп кайрадан кайталады.

27-апрелде "Парламент" радиосунун эфиринде аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Чолпон Султанбекова "оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүү учурдун талабы" деди.

– Башка коңшу мамлекеттер өз автопарктарын жаңы, заманбап техникалар менен жаңылап жатса, биз кызматын эбак өтөп бүткөн унаалардын борборуна айланбашыбыз керек,- дейт депутат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан