“КЫЗЫЛДАР” МЕНЕН БҮТҮРҮП АЛАМ...” Айыпталуучу сатылган үйдү кайра башкага сатып жүргөн

Бишкектин бир нече жашоочусу расмий каттоодон өткөн “Айла строй”, “New housе” аттуу курулуш компаниянын жетекчиси Руслан Токторбаев аттуу жаранды “үй салып берем деп биздин ишенимге кирип алдап кетти” деп күнөөлөп жатышат. Буга чейин 4 жаран жабырлануучу катары каралып жатса, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде өткөн сот отурумуна келишимин көтөрүп алып дагы бир жаран келип, сот жүрүп жатканын мурда билбегенин, өзүнөн башка ондон ашык жабырлануучу бар экенин айтты. Руслан Токторбаев “акчабызды кайтарып бер” деген талаптарыбызга 2 жыл ар кандай шылтоо айтып жүрдү, акырында “арыз жазганы жатабыз, иш сотко өтөт” десек, “жаза бергиле, мен бир телефон чалуу менен бүтүрүп коём” деп бизди коркутууга өттү дешет жабырлануучулар. Биз алардын арыз-муңун уктук.

“БИР АЯЛ КЕЛИП ЖАҢЫ ЖАСАП БҮТКӨН ҮЙҮМӨ КИРИП АЛДЫ”

Жабырлануучу Асел Кылычбаева “10 жыл мигрант болуп иштеп, балдарымдан аяп жүрүп топтогон акчамдан жок, же үйдөн жок көчөдө калдым” дейт:

– 2018-жылы 20-сентябрда “New housе” курулуш компаниясынын жетекчиси Руслан Токторбаев менен 2 бөлмөлүү үй алуу үчүн келишим түзгөнбүз. Көп кабаттуу үй Бишкек шаарындагы Баялинов 3 көчөсүндө салынмак. Мен үй салуу үчүн жер казылып (котлован) баштаганда эле 20 100 долларды толук төлөп сатып алгам, үй 2021-жылы октябрь айында салынып бүтмөк. Акчаны бергенден кийин кайра Москвага иштегени кетип, 2021-жылы апрель айында келсем үй курулбаптыр. Анан Ленин РИИБине арыз менен кайрылдым. Тергөөчү үйүн тургузуп бер же акчасын кайтарасың деп Русланга эки айлык мөөнөт берген. Мөөнөт бүткөн соң Русланга барсам Жал кичи районундагы Курчатов көчөсүнүн 107/1 дарегинде курулган көп кабаттуу үйүнөн бир бөлмөлүү үйдү алууну сунуштады, ал үй кымбат экенин айткандыктан үстүнө дагы 6 миң доллар кошуп бердим. 21-июнда иним экөөбүз жеке нотариуска барып үйдү өзүмө каттаткам. Ал үй кара шыбак менен болгондуктан калган оңдоп-түздөө, жасалгалоо иштерин 2 айда өзүм жумушчу жалдап бүтүрдүм, 2 миң доллардан ашык акча жумшалды. 2-3 күндүк жумуш калганда Арзыкан деген аял келип “бул менин үйүм” деп жумушчуларымды эшикке чыгарып, кулпуну алмаштырып салыптыр. Русланга чалып ызылдасам “ал эжеге бир аз карызым бар эле, ошону таап бере калайын, анан кире бересиз, бир жума убакыт бериңиз” деди. Ошону менен ал үйгө кире албай, Русланга ишенип 3 айдай жүрдүм. Анткени ал аял үйдү жаңы үй салынып баштаганда сатып алган экен. Кайрадан Русландын үстүнөн сентябрда арыз жаздым. Арызымдын негизинде Ленин РИИБи бир тергөөчүдөн экинчисине, экинчисинен үчүнчүсүнө өткөрүп жатып иш 2022-жылы февралга чейин созулуп, бир нече жабырлануучулардын арызынын негизинде иш сотко өттү. Ошондо да биздин ишибизди иликтеген тергөөчү Тагдыр Жороев берененин пунктун туура эмес белгилеп сотко жиберген. Ошол үчүн сот ишти кайра артка кайтарып, иш процессибиз создуктурулуп келет.

“МУРУН ДА СОТТОЛУП, БИРОК АБАКТАН БОШОТУП ЖИБЕРИШКЕН”

Зарина Садыкова, жабырлануучу:

– 2018-жылы сулуулук салонун ачуу үчүн чаканыраак жай издеп, Руслан Токторбаевге тиешелүү Төкөлдөш конушунда жаңы курулуп баштаган көп кабаттуу үйгө токтолуп, 10 миң долларын жарым жыл ичинде бөлүп-бөлүп бергем. Ал үй бир жылдын ичинде бүтөт деп келишимде жазылган. Бирок курулуш жүрбөй токтоп калды. Акчаны кайтарып берүүсүн талап кылып, аркасынан 2021-жылдын октябрына чейин жүрдүм. Ал жок машиналарды, өзүнө таандык эмес Ысык-Көлдөгү жер тилкесин сунуштап, карызымды алсам берет элем деп күттүрүп жүрдү. Чалып же жолуккан сайын ар кайсы убаданы берип, убакытты айдан айга созуп жатты. Көрсө, мындай убадаларды мага эле эмес, башка жабырлануучулардын баарына айтып жүрүптүр. Ошондой эле Төкөлдөштө салынып токтоп калган жер тилкесинин идентификациялык номерин текшертсек башка даректикин көрсөтүп, туура эмес болуп чыкты.

2021-жылы октябрь айында Ленин РИИБине арыз менен кайрылдым. Тергөөчү Арзымат Мусабаев ишимди жакшы тергеп, Руслан Токторбаевди тергөө абагына камаган эле. Бул тергөөчүнү да ишинен алып тынышты. Айыпталуучуга байланыштуу бардык документтер, акча которуулардын дүмүрчөктөрү, жазышуулар иште тиркелгенине карабай Ленин районунун прокурору Нурдин Өмүралиев “аны камоо негизсиз” деп бошотуп жиберди. 26-апрелде кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп башкы прокуратурага Нурдин Өмүралиевдин үстүнөн арыз менен кайрылдым. Кийин Руслан Токторбаев суракка келип жатканда керсейип, “кызылдар” менен бүтүрүп алам" деп жатты. Анткени ал 2019-жылы да соттолуп, бирок иши “негизсиз” деген жүйө менен көп өтпөй түрмөдөн чыгарып жиберишкен экен.

“ТЕРГӨӨЧҮ МЕНЕН ПРОКУРАТУРА БЕРЕНЕНИН ПУНКТУН ТУУРА ЭМЕС БЕЛГИЛЕП, СОТКО ЖИБЕРГЕН”

Алмаз Халботоев, жабырлануучу Жумакан Токтогулованын адвокаты:

– Кардарым 2018-жылы бөлүп төлөө менен үй алуу максатында Руслан Токторбаев менен келишим түзгөн. Көп кабаттуу үй Жал кичи районундагы Курчатова 107/1 дарегинде салынып, оңдоп-түзөөгө берүү этабында болгон. Кардарым пенсионер, ал үй алуу үчүн Түркияда иштеп акча салып турган. Жалпы төлөнгөн сумма 1 миллион сомдон ашат. Руслан Токторбаев жаңы салынып баштаганда эле башка бирөөгө сатылган үйдү келишимди жасап туруп алдамчылык менен сатып, кардарымдын акчасын алып турган. Бул алдамчылыгы тууралуу Жумакан Токтогулова 2020-жылы кабардар болуп, акчасын кайтарып беришин же башка үй беришин талап кылган. Айыпталуучу ар кандай убадаларды берип ишендирип келген. 2022-жылы январь айында Ленин РИИБине арыз менен кайрылдык. Ошол кезде айыпталуучу менен жабырлануучу беттештирилип, айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган. Тергөөчүнүн жана райондук прокуратуранын атайылап же билбестик кылып бардык кылмыш иштерин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-пункту (алдамчылык, олуттуу өлчөмдө) менен сотко жиберген. Бул учурда айыпталуучунун жазасы жеңил болот. Миллион сомдон ашык зыян келтирүү болгондуктан 2-пункт эмес, 3-пункт (алдамчылык, ири өлчөмдө) белгилениши керек болчу. Сот иши жүрүп жатканда да туура эмес жүрүм-туруму жана айыпталуучунун жасаган күнөөсү үчүн судьяга өтүнүч кат менен кайрылып убактылуу камоочу жайга каматтык.

“ИШТИ ШАШЫЛЫШ СОТКО ӨТКӨЗГӨНДҮКТӨН УШУНДАЙ КЕТИП КАЛЫПТЫР”

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Тагдыр Жороев буларга токтолду:

– Токторбаев Руслан Кубанычбековичтин иши азыркы учурда сотко өткөн, өзү убактылуу камоочу жайга сот жүрүп жатканда камалды. 209-берененин пункттары алмашып кеткендиги тууралуу айтсам, ишти сотко жиберүү үчүн 2-3 күн шашылыш иштеп сотко өткөзгөндүктөн ушундай кетип калыптыр. Башка келген арыздар убагында каралып, сотко жиберилип жатты. Токторбаевге тиешелүү иштердин кээ бирин башка тергөөчүлөр тергеп бүтпөй ортодо калган. Мен Ленин РИИБине октябрда жаңы келгенде кайрадан алар менен алектенүүгө туура келди.

“Иш боюнча тергөөчү Тагдыр Жороевге 2021-жылы октябрь айында арыз жазгам, январь айында гана айыпталуучу менен беттештирүүгө чакырды. Арыз жазганымда Токторбаевди 2 күн камакка алып, кайра коё берип салган" дейт жабырлануучунун бири. "Тамак-ашыбыздан, балдардан аяп топтогон, чет жакта ар кандай шартта кыйналып иштеп тапкан каражатыбыз “бир чалуу менен” бүтүп калбастан, акыйкат каралып чечилсе деген тилектебиз” дешет жабырлануучулар.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан