“АЙЫЛ БАНК” МЕНЕН ЧАРБАБЫЗ КЕҢЕЙҮҮДӨ

Балык өстүрүүнүн мекени болгон Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озёрное айылында 52 көлмө бар. Ошол көлмөлөрдүн эң төрүндө, айылдан 3 чакырым алыстыкта Азизбек Асаналиевдин көлү жайгашкан. Аянты 5 гектар жерди ээлеген бул көлмөдө карп, амур, толстолоб, карась, судак сыяктуу балыктар өстүрүлүп, жыл сайын тонналап Бишкек шаарына сатылып турат.

Азизбек Асаналиевдин атасы Дүйшөнбек Асаналиев балык өстүрүүгө өмүрүн арнаган адам десек болот. Себеби ал орто мектепти аяктагандан кийин эле Москвадан дал ушул тармак боюнча билим алып келип, республиканын ар тарабындагы балык чарбаларында иштеп калган. Кийин Советтер Союзу тарагандан кийин ушул жерде менчик чарбасын уюштурган. Ошентип, 1996-жылы бул чарба түзүлгөн.

Азизбек Асаналиев кандайча атасынын жолун улап, бул чарбаны иштетип калганын, андагы түйшүктүү иштер тууралуу мындайча айтып берди:

– Биз үч бир тууганбыз. Арасынан мен атамдын жумушуна жакын болдум. 12 жашымдан баштап аны ээрчип, ишине кол кабыш кыла баштагам. Түнкү текшерүү иштерине чыкканда да ээрчигеним эсимде. Мектепти аяктаган соң политехникалык окуу жайынын эт-сүт азыктары боюнча технолог факультетинде окуп, кийин которулуп, бизнес менеджмент факультетин аяктадым. Бирок кесибим менен иштебей, атамдын жолуна түштүм. 1996-жылдан бери бул чарбадамын, быйыл аны түзгөнүбүзгө 26 жыл болот. Бул жылдар аралыгында чоң тажрыйба топтодум. Азыр Ысык-Көлдө, Талас жана башка жактарда бул тармак менен алектенген көп кишилер менден кеңеш сурашат. Билгенимди айтып, кеңешимди берем. Чындыгында, бул тармакты жакшы өздөштүрүп алсаң, абдан кызыктуу жана пайдалуу.

Анын айтуусунда, алгачкы жылы чарбаны ачабыз деп автоунаасын сатып, болгон каражаттарын салган күн да болгон. Ошол жылдары бир жарым тоннанын тегерегинде балык алышчу. Кийинки 4 жылдан бери «Айыл Банк» ачык акционердик коому менен иштешип келүүдө.

“Кудай буюрса, былтыр балыкты сатып, кредитти жаап, кайра жаңы кредит алдык. Былтыр 15 тонна балык сатканбыз, быйыл 16-18 тонна алабыз деп аракет кылуудабыз.

Чындыгында, жакшы пландап иштесең, кредит алуу жакшы мүмкүнчүлүк жаратат экен. Биз “Айыл Банктан” биринчи жылы 16 пайыз менен, анан 12 пайыз, анан 10, быйыл 6 пайыз менен кредит алдык. Аябай кубандык. “Айыл Банкка” ыраазымын. Төртүнчү жолу кредит алып жаткандан кийин билип каласың. Эч кандай сыр жок, бир күндү өткөрбөй, “эртең, бүрсүгүнү барам” дебей, эртелеп чыгынып, документтерди даярдап, толуктап, дароо банкка тапшырыш керек. Кредит ала албай калдык деп нааразы болгондор ким? Кеч болуп калганда баргандар же документтери толук эместер. Биз кредит алууда эч кандай кыйынчылык болгон жок, чындыгында”,- деди ал.

Фермер азыр мурдагыдай Казакстандан балык келбей калгандыктан, балыкты сатуу өтө оорчулук жаратпай турганын айтты. Туруктуу кардарларга быйыл 150 сомдон 300 сомго чейин сатышты.

“Жем кымбат. Малёк кезинде дарылаган талапка ылайык. Суу чарбага акча төлөп сууну айландырабыз. Убагында жем бериш керек, азыр бир маал, күн жылыганда, июндан баштап эки маалга өтөбүз. Жемди сөзсүз бир маалда беребиз. Ошондо алар көнүп, белгилүү убакта жем чачуучу жерге келишет. Көлмө деген бир түшүм алып, кайра башка өсүмдүк айдагыдай талаа эмес. Күзүндө балыктарды саткандан кийин көл бошогондо ал жерге малёкторду дарылап салабыз. Бир жылкылар өзүнчө көлмөдө болот. Кыскасы, чынжырча үзүлбөшү керек.

Үй-бүлөдө баарыбыз жеке менчик чарбанын мүчөлөрүбүз. Мамлекетке салык жана башка төлөмдөрдү калтырбай төлөйбүз. Атабыздын жетекчилиги менен иштейбиз. Беш балабыз бар. Бул жердеги тынчтыкка жана сулуулукка кызыгып, балык кармаганга эс алуучулар да келет. Таза абада сууга кайырмак ыргытып отурушат. Биздин эс алганга убактыбыз жок. Көл жээгин түнкүсүн карайбыз, башка түйшүктөр көп”,- дейт күлүп Азизбек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан