БАКЧАҢЫЗГА КОРОО ГҮЛДӨРҮН ТИГИҢИЗ!

Короо гүлдөрү бакчага кооздук берип, абаны тазартып, адамдын көңүлүн көтөрөт. Андыктан жаз келгени аялзаты гүл өстүрүүгө киришет. 20 жылдан берип гүл өстүрүү менен алектенип, шаарды кооздогон Бишкек шаардык "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын күнөскана жетекчиси Диля Байбориева бүгүн бизге гүлдөрдүн сорту, өстүрүү ыкмалары боюнча айтып берди.

Агрономдон кеңештер

  • Топурактан гүл өзүнө керектүү азыктарды алып өсөт. Андыктан топурак жакшы болсо гүлдөр да жакшы өсөт. Топурагы шордуу, туздуу жерлерге гүл оңою менен өспөйт. Саздын топурагында минералдык заттар аз болот, кара көрүнгөнү менен, күн тийгенде катып калат. Тоонун кара топурагы өсүмдүктөргө, анын ичинде гүлгө жакшы.
  • Гүл тигүүдө өсүмдүктүн гүл ачуу мезгилине көңүл буруу кажет. Эгер короодогу гүлдөр дайыма гүлдөп туруусун кааласаңыз, анда этап менен гүлдөөчү гүл сортторун тигиңиз. Башкача айтканда, бири гүлдөп бүткөндө экинчиси гүлдөп баштай тургандай болсун. Мисалы, эрте жазда нарцисс, жоогазын, мускари, кызгалдак гүлдөйт. Андан соң жайында роза, пион, ромашка, флокс, ландыш гүлдөйт.
  • Короо гүлдөрү көп жылдык, анан бир жылдык болуп бөлүнөт. Көп жылдык гүлдөө сезону учурунда 1-2 жолу гана гүл ачышы мүмкүн. Ал эми 1 жылдык гүлдөрдүн айрымдары апрель айынан ноябрга чейин гүлдөй беришет.
  • Гүлдүн өмүрүн узартуунун жакшы ыкмасы бар. Гүлдөп бүткөндөн кийин сабактын башын кесип койсо ал кайра гүлдөй берет.
  • Гүл да адам тандайт, бапестеп карап баккан адамга ачылат. Ошондуктан кээ бир адамдардын колунан гүл бажырайып өсөт, кээ бириникинен өспөйт.
  • Тамырынан, уругунан, кыйыштыруу жолу менен тигиле турган гүлдөр болот. Көп жылдык гүлдү көбүнчө күз айында отургузуп койгон жакшы. Ал жердин топурагына көнүп, кыштап, жаз алды менен өсүп гүл ачып баштайт.
  • Гүлдөрдү бири-бирине жакын тикпөө зарыл, анткени тамыры кысылып, бою өсүп, начар гүлдөп калат. Гүлдүн тамыры канчалык кенен жайылса, ал ошончолук гүл ачат. Мисалы, роза, пиондордун аралыгы 50 сантиметр болушу керек.
  • Күндү, анан көлөкөнү сүйүүчү гүлдөр бар. Бирок көпчүлүк гүлдөр күндү сүйөт. Гүл тиккенде күн чыгыш жагына бою кичирээк өсө турганын, күн батыш жагына бою бийигирээк боло турганын тиккен жакшы. Себеби чоң гүлдү күн чыгышка тигип койсо, ал берки кичинекей гүлдөргө көлөкө түшүрүп өсүүсүнө жолтоо болот.
  • Гүлдүн астына чириген чым менен кошо дарыянын таза куму да кошулат. Орусча “мытый песок” деп коёт. Ал тамырлардын бекемделишине жардам берет.
  • Гүлдөргө колдонулуучу органикалык заттар: акварин – өсүмдүктүн гүлүн ачканга жардам берет, карнегин – тамырды бекемдеп, өсүшүнө өбөлгө түзөт. Бак-шак тиккенде сөзсүз карнегин колдонуу керек. Калий нитраты (калий селитрасы) суюктугун куюу да пайдалуу. Тамырынын өсүүсүнө, жалбырак байлоого жардам берет.

Пион

Пион – көп жылдык өсүмдүк. Күн тийген жерге же жарым көлөкө жерге тиксе болот. Тамыры менен отургузулат. Отургузгандан 2 жыл өткөндө гүлдөйт. Араларын 0,8-1 метр отургузса туура болот. Чуңкурдун тереңдиги гүлдүн тамырына жараша 50 сантиметрге чейин казылат. Көлөкө түшүрө турган бадал-дарактардан 2-3 метр алысыраак отургузган жакшы, анткени пиондор катуу шамалды сүйбөйт. Жалпысынан пиондор жөнөкөй жана ар кандай топуракта тамыр алат. Пиондун 100дөн ашык, башкача айтканда, ак, кызыл, сары болуп гүлдөөчү сорттору бар. Алардын көпчүлүгү суукка чыдамдуу. Бир жерде 10 жылдан ашык өсө алат. Пиондорду август-сентябрь айларында отургузуу ылайыктуу. Пионду отургузгандан 4-5 жыл өткөндөн кийин тамырынан ажыратып, башка жакка которуп отургузса болот. Жайында жумасына 2 жолу сугарылат.

Лилия – пияз түптүү гүл

Кайра-кайра гүлдөй бербейт. Отургузуу үчүн шамалдан корголгон жер тандалып алынат. Лилия жакшы өсүш үчүн суткасына 5-7 саат күн нуру керек. Гүлдөө мөөнөтү узагыраак болсун десеңиз, жарым көлөкө жерге тигүү зарыл. Ашыкча нымдуулукту көтөрө албайт. Бири-биринен аралыгы 20-30 сантиметр болушу керек. Отургузуу үчүн 30-35 сантиметр чуңкур казылат. Лилиянын түбүн күзүндө казып алып, кайра жазында тигишет же жерге тереңирээк көмүп коюшат. Анткени назик гүл болгондуктан үшүк алып кетиши мүмкүн. Бизде лилияны көбүнчө сортуна карата өстүрүп букет жасаганга колдонушат.

Ирис

Көп сорту жазында гүлдөйт, ал эми кээ бир сорттору күзүндө гүлдөйт. Көп жылдык өсүмдүк. Отургузгандан 2-3 жылдан кийин гүл ачат. Айрым сорттору сууктан коркпойт. Бири-биринен 40 сантиметр алыстыкта отургузулат. Иристердин өзгөчөлүгү – алардын тамыры туурасынан өсөт. Катар тегиз көрүнүш үчүн иристерди ирети менен эмес, шахмат түрүндө отургузса жакшы. Иристер органикалык жер семирткичтерди жакшы көрбөйт. Жакшысы, суюктук түрүндөгү жер семирткичтер пайдалуу.

Чырмалып өскөн розалар

Короого чырмалып өскөн розаларды тиккенде көчөттөрүнүн аралыгы 2 метр болушу керек. Анткени алар жайылып өскөндүктөн тамыры кең болот. Аталган розаларды отургузууга эң ыңгайлуу убакыт күз, анан эрте жаз. Тамырлардын кургап кетишине жол бербеш керек. Күндөн жана үшүктөн коргоо зарыл. Отургузуунун алдында розанын көчөттөрүн бир нече саатка чакага суу толтуруп коюп койсоңуз болот. Жердин тереңдиги тамырына жараша 50 сантиметр казылат. Розанын ийилген бутактарын казыктар менен карматып туруу зарыл. Отургузгандан кийин экинчи жылы кыркуу сунушталат. Биринчи жылы 50 сантиметрге чейин, күндүү жер болсо 1 метрге чейин өсөт. Розалар семиз жерди жакшы көрүшөт, андыктан жыл сайын көң таштап турганды унутпаңыз.

Астильба – декоративдүү бакча гүлү

Булар тамырынан жана уругунан көбөйөт. Аны суукка чыдамдуулугу, узак гүлдөө табияты үчүн багбандар жакшы көрүшөт. Көлөкөгө жакшы чыдайт, нымдуу, ал тургай саздак жерлерде, көлмөлөрдүн жээгинде өсөт. Бири-биринен 30 сантиметр алыс отургузулат. Астильбанын уругу май айында себилет. Тиккен жерге кум жана чириген чым кошсоңуз өсүшү бат болот. Бийиктиги сортуна жараша 30 сантиметрден 1 метрге чейин жетет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан