ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ АЗЫКТАР

САРЫМСАК

Холестериндин деңгээлин түшүрүп, кан тамырларды тазалайт, хеликобактер бактериясын жоготот.

Сарымсакты тамакка кошуп бышырбай, чийки кезинде майдалап туруп жесеңиз пайдасы көбүрөөк болот.

ПИЯЗ

Бактерия, грибокторду өлтүрүп, тамак-аш сиңирүүнү жакшыртат, табитти ачат, токсиндерди чыгарат.

Пиязды да кууруп салбай, чийки бойдон же салатка кошуп жесеңиз жакшы.

АК КОЧАН КАПУСТА

Организмден оор металлдарды жана токсиндерди чыгарат, ашказан-ичегилердин микрофлорасын калыпка салат, витаминдердин сиңишине жардам берет.

Капустанын ширесин сыгып ичсеңиз, туздап-ачытып, салатка кошуп же өзүн эле кырсылдатып жей берсеңиз пайдалуу болот.

КЫЗЫЛЧА

Ичегилердеги курт, бактериялардан арылууга жардам берет, ич катуунун алдын алат, гемоглобинди көтөрөт, боорду тазалайт, токсиндерди чыгарып, теринин серпилгич болуусун шарттайт.

Кызылчаны сууга бышырып же чийки бойдон жесеңиз, организмге табылгыс азык.

АЛМА

Алма (айрыкча көк алма) пектин, темир жана клетчаткага бай, токсиндерди, шлактарды чыгарат, дизентерия жана башка инфекциялык ооруларды чакыруучу бактерияларды өлтүрөт.

Алманын өзүн, ширесин, кайнатылган түрүндө да жей бериңиз.

СЕЛЬДЕРЕЙ

Канды тазалайт, заара чыгаруу жолдорундагы оорулардын алдын алат, калкан безинин иштешин жөнгө салат.

Сельдерейдин ширесин ичиңиз, салатка кошуп, тамактын үстүнө себелеп жей бериңиз.

Эскертүү! Жогорудагы азыктар менен организмди тазалоодон мурун врач менен кеңешиңиз. Айрым ооруларда жегенге тыюу салынышы ыктымал.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан