Эрмат Абылкасымов, “Ихсан” турак жай кооперативинин жетекчиси: “БИЗГЕ КАРАТА БОЛГОН КАРА ПИАР, ТЕСКЕРИСИНЧЕ, БИЗДИ ЧЫҢДАДЫ”

Акыркы убактарда калкка үстөк пайызсыз турак жай жана автоунаа алып берип белгилүү болгон “ИХСАН” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Эрмат Абылкасымов менен маек курдук. Ал соңку учурда өздөрүнө карата кара пиар жүрүп жатканы, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

– Саламатсызбы, Эрмат Камчыбекович? Акыркы учурда коомчулукта “Ихсан” компаниясы тууралуу көптөгөн терс пикирлер айтылып жатат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Саламатчылык! Ооба, акыркы күндөрү биздин компанияга карата негативдүү окуялар, бут тосуулар болуп кетти. Бирок алдыбызда так план, программа бар, ошонун негизинде азыр деле кадимкидей иш алып барып жатабыз. Биздин “Ихсан” компаниябыз командабыз менен бирге кандай болбосун баштаган жумушубузду аягына чейин чыгарабыз. Кеңсебизге келген кардарларыбызга түшүндүрсөк, алар түшүнүү менен кабыл алышууда.

– "Ихсан" кооперативине карата кимдир бирөөлөр тарабынан кара пиар болду деп ойлойсузбу?

– Бизге жеткен маалыматтарга караганда, кимдир бирөөлөр бизди каралоо боюнча буюртма берип, пиар-компанияларды жалдаптыр. Аны ким жана эмне үчүн кылып жатканын азырынча биле элекпиз. Бирок, статистика боюнча, акыркы убакта бизге кайрылгандардын саны өскөн, ал эми ипотека алуу үчүн банк же башка каржы мекемелерине кайрылгандардын саны эки эсеге азайган. Курулуш компанияларга кайрылгандардын саны да кыскарган. 40 миң доллар кредит алып, аны
80 миң доллар кылып төлөгөндөр бар, биз болсо эч кандай үстөк пайызсыз эле үй алып берип жатабыз. Жалпысынан биздин үлүшчүлөрүбүздүн саны 10 миңге жетип, акыркы бир жарым жыл ичинде эле 3 жарым миң адамга үй алып бергенбиз. Буга чейин мынча үй саткан курулуш компаниясы же мынча үй алып берген компания болгон эмес. Бизге кайрылган ошол эле адамдар, мүмкүн, буга чейин башка компаниялардын кардары болгон, ошондуктан да бизге карата бут тосуулар болушу мүмкүн.

Бут тосуулар, тескерисинче, биздин команданы чыңдап, бышырды десем болот. “Кыйын учурлар – кыйын адамдарды жаратат” дегендей, жамаатыбыз ынтымактуу, күчтүү болуп калды, эми мындан да чоң иштерди аткара алабыз деп ойлойм. Жаңы программаларды да иштеп чыктык.

Бир да филиалыбыз жабылган жок, Орусиядагы, ар бир облустагы кеңселерибиз иштеп жатат. Мурдагыдай эле бизге келип консультация алып кетип жатышат. Бизде токтоп калалы деген ой жок, дагы да чоң-чоң ийгиликтерди жаратабыз, бизге кайрылган адамдардын баарына үй алып беребиз.

– Алдыда кандай иштерди алып барганы жатасыздар?

– Мындай акыбалдан чыгуу үчүн 3-4 вариант даярдап алдык.

Биринчиден, азыр биз кезек системасына өттүк. Мурда ар бир программа боюнча белгилүү бир мөөнөт коюлуп, ошонун негизинде үй алышчу. Азыр болсо кардарларыбыз электрондук кезекке турушууда, ар бир адам үйүндө отуруп эле кезеги келип калганын онлайн көрө алышат.

Экинчиден, биз курулуш компаниялар менен сүйлөшүп, алардын бүткөн үйлөрүнөн кезеги келип калган кардарларыбызга үй алып берүүдөбүз.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик органдар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ортодо меморандум түзүп кызматташууга аракет кылуудабыз. Мындан сырткары инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Убактылуу бизде кыйынчылыктар болуп жатат, бирок 2-3 айдын ичинде биз мурунку калыбыбызга эле түшпөй, андан да көп жумуштарды бүтүрө ала турганыбызды далилдейбиз.


– Жаңы программаларды иштеп чыктык деп айттыңыз. Ошондо үй алуучуларга болгон талаптар, шарттар жеңилдейби?

– Жок, шарттар мурункудай эле, бирок биз мурда бир мөөнөттү белгилеп, ошол убакта үй алып берчүбүз. Азыр болсо биз тиркеме иштеп чыгып, электрондук кезекти ишке киргизип жатабыз. Бул тиркеме аркылуу каалагандардын баары эле кечээ канча киши үй алды, бүгүн канча киши үй алды, өзүнүн кезеги канчалык жылды, мунун баарын онлайн көрүп тура алышат.

– Маегиңизге ыраазычылык! Ар дайым элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жүрө бериңиздер!

“Ихсан” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин дареги:

–Бишкек ш., Ж. Бөкөнбаев көчөсү, 113, «Альтаир» соода борбору, 3-кабат.

–Бишкек ш., Чүй/ Кулиев көчөсү, 20, “Жан-Сали” соода борбору, 5-кабат.

Байланыш үчүн: +996 700 00 51 51; +996 559 00 51 51; +996 778 00 51 51

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан