“КҮЙӨӨМДҮ ДӨҢГӨЧ МЕНЕН ЧААП ӨЛТҮРГӨМ”

Пробация кызматы – пробация кардарлары менен иш алып баруучу орган. Алардын кардарлары жеңил кылмыш кылып, 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратылгандар, абакта мөөнөтүн өтөп жатып убактысынан мурун бошоп, калган мөөнөтүн эркиндикте өтөй тургандар, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге жылдырылган жарандар. Кардарлар коомдон обочолонбой, үйүндө, үй-бүлөсүнүн жанында жаза мөөнөтүн өткөрүшөт. Мына ушундай кардарлардын айрымдарынын тагдырлары менен тааныштык.

“АДАМ ӨЛТҮРДҮ ДЕП АЯЛ 2 КЫЗЫ МЕНЕН КАМАЛГАН”

Толкун Тынчтыкбек кызы, Бишкектин Ленин райондук пробация бөлүмүнүн адиси:

– Биздин кардарыбыздын бири – Асел Имашева (аты-жөнү өзгөртүлдү). Ал Москва районунун тургуну.

Жолдошун өлтүргөндүгү үчүн 13 жылга абакка камалган. Жазасын мөөнөтүнөн мурда өтөп, 2021-жылы абактан чыккан, эми дагы 1 жылдан ашык мөөнөтүн пробация кызматынын алдында өтөйт. Аселдин тагдыры жана кылмышка кантип барганы өзүнүн айтканына караганда төмөнкүчө.

Ал жолдошу менен 1988-жылы турмуш курган. 1 уулу, 2 кызы бар. Кылмышты үйүндө чыккан чыр-чатактан улам жасаган. Жолдошу алкоголдук ичимдикке жакын болуп, мас болуп келип үйүндө чатак чыгарып, Аселди ур-токмокко алып, кыздарын да уят сөздөр менен сөгүп жүргөн.

Жолдошу менен ажырашып кетейин десе барар жери жок, иштейин десе билими жок, айласыз жашап жүргөн. Жолдошу мал алып-сатуу менен алектенген. Андан сырткары сарайда мал кармашкан. Бир күнү жолдошу мас болуп келет, ал кезде Асел сыртта жумуш кылып жүргөн болот. Адатынча Аселди токмоктоп баштайт. Ызы-чууну уккан кыздары ата-энесин ажыратуу үчүн эшикке чыгышат. Бирок эркек кыздарына баш ийбей аялын токмоктоону улантат. Ошондо Асел өзүн коргоо максатында жанында жаткан дөңгөчтү алып уруп жиберет. Кайсы жерине урганын байкаган эмес. Күйөөсү жыгылып, эс-учун жоготот. “Тез жардам” кызматын чакырышса, алар келип эркектин өлүп калгандыгын айтышат. Аселди милиция кызматкерлери кармап кетишет. Тергөө иштери жүрүп, кылмышка 2 кызынын дагы катышы бар деп алар да камакка алынат. Асел өзү жана улуу кызы аялдардын абагында, 1 кызы жашы жете элек өспүрүмдөр абагында отуруп чыкты.

Учурда Асел ата-энесиникинде жашап жатат.

Ал кайгылуу окуяны эстегенде “күйөөмдү дөңгөч менен чаап өлтүргөм” деп ыйлап алат.

Аселге пробация кызматкерлери тарабынан моралдык жана психологиялык колдоо көрсөтүлүп жатат.

«17 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ КЕЛИН КЫЛЫП АЛГАНЫМ ҮЧҮН 2 ЖЫЛ 6 АЙ БЕРИШТИ»

– Мен Халима Рузаева (аты-жөнү өзгөртүлдү), 1967-жылы туулгам. Чүй облусунун Беловодское айылынын тургунумун, үй кожойкесимин. 3 жыл мурун балам сүйлөшкөн кызын ала качып келген эле. Кыздын үйүндөгүлөрү менин балам менен сүйлөшүп жүргөнүн билишчү жана турмушка чыгуусуна макул болчу. Бирок келинибиз ошол кезде 17 жашта болчу. 18 жашка жете электе төрөп, төрөт үйүнө барганда баары ачыкталып, балам экөөбүзгө карата иш козголду. Мыйзамды билип туруп жашы жете элек кызды ала качкан, апасы буга кошумча болгон деп, мени Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси менен 2 жыл 6 айга соттошту жана жазаны пробация кызматынын алдында өтөөгө чечим чыгарышты.

Кудайга шүгүр, жазаны аткаруу мөөнөтүм бүттү. Уулум менен келиним жакшына жашап келе жатышат, экөө дыйканчылык кылып бизди багууда. 2 жаштагы баласы бар.

Мыйзамды сыйлагыла, биздей болуп жазага тартылып калбагыла.

«БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛЫП, 6 ЖЫЛГА КЕСИЛДИМ»

– Менин аты-жөнүм Жыпар Эсенова (аты-жөнү өзгөртүлдү), 42 жаштамын. Бишкекте жашайм. 17 жаштагы уулум, 13 жаштагы кызым бар. Жолдошум каза болуп калганда эмне кылып жашап, балдарды кантип багам деп далдырап калдым. Анан чөйрөмдө эркектер пайда боло баштады. Балдарды сейилдеткенге көчөгө алып чыгып жүрүп, дайыма көчөлөрдүн биринин кесилишинде алма саткан мен курактагы эркек менен таанышып калдым. Ал өзү ысык-көлдүк болчу, алманы да ошол жактан алып келчү. Сыртынан караганда жакшы, боорукер эркек сезилген. «Аялым, 4 кызым бар» деп айткан. Бир жолу ал "сумкамды ары-бери ташыбай сеникине коюп турсам болобу?" деп калды. Мен оюмда эч нерсе жок «макул» дедим. Эртеси мага телефон чалып, «шашып жаттым эле, сумкамды алып чыгып берип коёсуңбу?» деди. Мен алып чыкканда эле милиция кызматкери мени шак кармады. Эч нерсе түшүнбөй калдым. Милицияга алып барганда көрсөтүштү, сумкада баңгизат бар экен.

Сотто «сумка меники эмес, баңгизатка тиешем жок» деп чырылдасам эч ким укпады. Ошо менен 2015-жылы 20-январда Ленин райондук соту “үй-мүлкү конфискацияланып, 6 жылга абакка кесилсин” деген чечим чыгарды. Тигил кишини ошондон кийин көргөн жокмун. Кокустуктан кылмыш кылып, бирок жаш балдарын өзү багып жаткан жалгыз бой аялдардын жаза мөөнөтү артка жылдырылат экен. Ошого кызым 14кө чыккыча жаза мөөнөтүм артка жылдырылып, пробация кызматына каттоого алынып, алардын көзөмөлүнө алындым. Эми 1 жылдан кийин кызым 14кө чыгат. Сотко пробация кызматы мен тууралуу мүнөздөмө жазып өткөрөт. Ошого жараша сот мага жазасын абакта же пробация кызматынын алдында өтөсүн деп чечим чыгарышы мүмкүн. Кандай болот билбейм.

Бирок буга чейин мен кайра кылмыш кылган жокмун, мыйзамды бузган жокмун. Убагында келип катталып кетип турам.

Мен фитнес машыктыруучу, котормочу, ыктыярчы да болуп иштеп, балдарымды багып жатам. Гуманитардык жардамдарды чогултуп, аларды пробация кызматына өткөрүп берем. Алар жардамга муктаж кардарларына беришет.

Мен куулук-шумдугумдун жоктугунун, ишенчээктигимдин курмандыгы болдум.

«БИРӨӨСҮНҮН КАБЫРГАСЫ, ЖААГЫ СЫНЫПТЫР…»

– Менин атым Алмаз (аты өзгөртүлдү). 1990-жылы туулгам, Бишкек шаарынын тургунумун. Бишкектин Свердлов районунун пробация кызматынын алдында жаза мөөнөтүмдү өтөп жатам. Учурда «Дордой» базарында сатуучу болуп иштейм.

Апам бар, атам жок. Мындан 1 жыл мурун Бишкектеги кафелердин бирине тааныш 4 бала барган элек. Бийлеп жатып башка топтогу балдар менен чатакташа кеттик. Алар да төртөө экен. Чатакты сыртка чыгып улантып, мушташтык. Биз аларды жерде жаткан бутак менен сабасак, алар бизди таш менен урушту. Баарыбыз катуу эле жаракат алдык.

Мушташтан соң кетип калдык. 1-2 күндөн кийин милиция келип бизди кармап кетти. Көрсө, тиги балдардын экөө биздин үстүбүздөн милицияга арыз жазышыптыр. Кафенин сыртындагы видеокамерага мушташыбыз тартылып калыптыр. Сотто тигилердин бирөөсүнүн жаагы, кабыргасы, экинчисинин бутунун сынганы, үчүнчүсүнүн башы шишип, гематома алганы белгилүү болду. Ошентип мен 1 жылга соттолдум жана жазаны пробация кызматынын алдында өтөө чечими чыкты. Эми 4 айдан кийин мөөнөтүм бүтөт.

Пробация кызматы кардарларына кийим, психологиялык жардам да берет экен.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан