Колундагы ширеңкени улам күйгүзүп, кайра өчүрүп коёт ойго баткан Булут. Бөлмөнүн ичи караңгы. Ушул караңгылыкта эки күндөн бери отурат. Аны издеген да, атын атап чакырган да адам болгон жок. Эки күндөн бери тамак да жей элек. Жалгыздыктын аты эле эмес, түсү да ушундай жаман экен. Минтип бир заматта жападан жалгыз каларын ким ойлосун? Булут да ойлогон эмес. Ал эми эле 19 жашка чыкты. Кечээ жакында чоң энесинен айрылды жигит. Жашоодо чоң энеси экөөнүн дегеле жакшы мамилеси болгон жок. Бири-бирин жактырбай, көрө калса уруша кетишип жашашты.
– Ай, бала, турсаң боло, картайганча эле малдын артынан мен жүрөмбү? Же бир баладай болуп эрте туруп кой караганга жарабайсың,- деген үнү чыкчу күндө таң эрте карыган, бүкүрөйүп алдан тайып бараткан кемпирдин. Келип колундагы таягы менен түртүп ойготуп кетер эле. Анан жаттап алгансып күндө эле “аталуулар алты тойду, энелүүлөр эки тойду. Сен дагы деле уктап жатасың” деп күбүрөнүп-шыбыранган бойдон сарайдагы малдарды көздөй жөнөчү. Короодогу 10 кой үмүттүү көздөрү менен тосуп алар эле кемпирди. Койлоруна чөбүн, суусун бергенден кийин ашканага кирип чай коюп, үстөлдүн үстүнө нан менен кыямды коюп туруп кайрадан Булутту ойготууга киришчү.
– Эне, болдучу,- деп ороңдоп кулагын жаап ары карап жатып алган Булут “карыганда буга малдын эмне кереги бар? Сатып эле салсак болот эле” деп ойлонгон бойдон кайра уйкуга кетчү. Таң күндө ушинтип башталар эле бул үйдө. Көрсө, ошондо үйдө жашоо бар болчу экен. Бүжүңдөп бирде урушуп, бирде эркелетип жанында жүргөн кара кемпир ага ушунчалык жетишпей жатты. Тирүүсүндө “деги жоголбоду ушул кемпир” деп жини келе берчү. Азыр аны аябай сагынганын сезди. Ушундай таңдардын биринде турбай калган энеси, Булуттун жинине экинчи тийбес болуп небересин жалгыз таштап о дүйнөгө кете берген. Ишенип-ишенбей жатып кемпирди жерге берди. Жок дегенде топурак салганына өзү ыраазы болуп кетти. Анткени мындан 2 ай мурун чоң атасын жоготкон. Анда ал кемпир-чалга таарынып үйдөн качып кеткен кези болчу. Ар кайсы досунун үйүндө, болбосо көчөдө эле түнөп калып жүргөн учуру эле. Көчө таптаган балдарга кошулуп, ар кандай жорукту үйрөндү, ичимдик ичти, чылым чекти, уурулук кылды. Адатынча балдар менен ичимдик ичип отурган кезде телефонуна СМС аркылуу келген ачуу кабар. Нес боло түшкөн жигит. Чоң атасы жашоосундагы жалгыз жарыктай сезилчү ага. “Ананайын, кагылып кетейин, алдыңа кетейин” деп айланып-кагылып турчу ал. Мээрим бере алган, аны жан дили менен сүйгөн, ар кадамы үчүн кабатырланган ушул адам болчу. Суук кабар аны чынынды алсыздантты. Ал өзүн топтоп, кандай кыларын ойлонгончо эле чоң атасы жерге берилиптир. Булут ага топурак салбай калды...
– Асек,- деди ал таң эрте уктай албай ойгоно калып. Чоң атасы каза болгон күндөн бир жумадай өткөн болчу. Асек аны менен көчө таптап жүргөн дос баласы болчу. Экөө ошол досунун үйүндө топчанда жатышкан.
– Ы?
– Биздин үйгө барып байкап келчи эмне болуп жатканын.
– Койчу эй, уктай туралычы,- деп болбой койду досу.
– Асек, билсең, мен бул жарыктагы эң жакын адамымдан айрылдым. Чоң атам күйгөнчөлүк мага эч ким күйгөн жок. А мен...мен...- ушул учурда ичиндеги кайгысын ката албай калды Булут. Бул букту чыгарыш керек болчу. Шолоктоп акактап ыйлап алды. Көз жашынын тамчылары шымынын тизесин кыйла нымдаштырып койду.
– Асек, мен эми кантем? Мен ага топурак салганга дагы жараган жокмун. Билсең, мен көп тентектик кылдым. Үйдөн деле биринчи жолу качып жаткан жокмун да. Мен кетип калганда ал дарбазанын жанына отургучун коюп алып эртеден кечке мени күтчү экен. Ал кездери тамак да жебей, маанайы да жок болуп калчу экен. Муну энем айтып берген мага. Бул ирет дагы менин келишимди күтүп дарбазанын эшигин караган бойдон кете берген болушу мүмкүн. Мен болсо иттик кылып, жаназасына барбай койдум,- ызасына муунган ал жай ала албай ары-бери баса берди. Топчандын жанында өскөн бир түп дарактан күчүн чыгарды, манжалары канаганча ошол даракты сого берди.
– Булут, өзүңдү карма. Биз Тоха экөөбүз байкап келели. Анан сени үйүңө алып баралы.
– Эми ал үйгө кантип барам? Кантип энемдин, кошуналардын бетин карайм?
Ошентип достору энеси менен сүйлөшүп Булутту үйүнө алпарып келишкен. Булут кайрадан эле энесине кыялын көрсөтүп, ага жардам бербей телефон чукулап отуруп, каяша айтканын уланта берген. Чоң энесинен айрылып, ушинтип караңгы бөлмөдө жалгыз калары эч оюна келген эмес…
Айзат Жума