БАЛАНЫ ДАРЫЛОО

БАЛА ҮШҮККӨ КАБЫЛСА...

Жашоодо кээде кайсы бир себептерден улам баланын денесинин бир бөлүгүн үшүк урган учурлар кездешет. Мындай учурда ата-эне кандай чара көрүүсү кажет?

Баланын денесинин кайсы бир бөлүгүнүн үшүккө кабылышынын белгилери:
Суук, аяз адамдын терисине таасир этет. Ошондуктан тери кызарат. Бул кан тамырлардын кеңейип, өзүнүн жылуулугун денеге бере башташынын белгиси. Бирок өтө катуу суукта кан тамырлар жылуулукту иштеп чыгара албай калышат. Мындай кезде алардын милдети организмдин ичиндеги жылуулукту сактоо болуп калат да, алар ичкерет. Ушундан улам териде кан менен жабдылбаган аппак түстөгү бөлүктөр пайда болот. Дал ошолор үшүккө кабылган жерлер болуп саналат. Баланын денесинин кайсы бир бөлүгү үшүккө чалдыкканы билинсе, дароо “Тез жардам” чакырып же тезинен ооруканага алпаруу кажет. “Тез жардам” келгичекти ата-энеге эмнелерди жасоого болот да, эмнелерге тыюу салынат?

  • Баланы кар же муз менен жышпоо керек.

Адатта ата-энелер баланын жүзүндөгү аппак такты көрүп бетин үшүк алды го деп ойлоп, кар менен жыша башташат. Бул туура эмес, анткени үшүк алган жердеги кан тамырлар ого бетер ичкерип кетет.

  • Баланы дароо ысык сууга салбоо кажет. Себеби бул ыкма баланын абалын ого бетер оорлоткондон тышкары жыйынтык алып келбейт.
  • Баланы акырындык менен жылытуу зарыл.

Эгер үшүк алган жерди бинт менен таңууга болбосо, анда баланын үстүн жеңил жаап, ысык суусундук ичирүү керек.

  • Эгер баланын колу же буту үшүккө чалдыкса, ал жерге кебез коюп, үстүнөн бинт менен таңуу кажет. Мындай таңуудан үшүк алган жердеги кан тамырлар акырындап кеңейип, кан менен жабдуу калыптанат.


ДЕНЕСИН ЧЫҢДОО

Баланын денесин муздак гана эмес, ысык суунун жардамы менен да чыңдаса болот.

Бул үчүн киринтип жаткан кезде алгач жышыгычты ысык сууга нымдап туруп, баланын денесин жышуу зарыл. Ысык суу кан тамырды кеңейтет. Анан жышууну токтотсо, баланын терисиндеги суу бууланып, дене муздап, кан тамыр ичкерет. Мына ушинтип кан тамырды бирде кеңейтип, бирде ичкертип отурса, баланын организми температуранын өзгөрүшүнө көнөт. Денени сүлгү менен аарчыбай, суу бууланып кетүүсүн күтүү кажет. Мындай жол аркылуу баланын денесин чыңдоого болот.


СУУККА УРУНСА...

Бала суукка урунганда ата-эне анын бутун буулаш үчүн ысык сууга салып отургузат. Бирок бардык эле балдарга бул нерсе жакпайт. Анда эмне кылса болот?

Адамдын колунда жана бутунда атайын рецепторлор бар. Алар биздин организмдин коргоо күчүн ишке салып турат. Андыктан колду же бутту ысык сууга салып буулоонун айырмасы жок. Демек, бутун ысык сууга салып отурууну жактырбаган балдардын колун бууласа болот. Ал үчүн ысык сууга горчица салып же эвкалипт тундурмасынан тамчылатып, анан баланын оюнчугун кошо салып коюу керек. Бала ойноп отуруп эле айыгууга жол алат.


ЫМЫРКАЙ ЭМНЕ ҮЧҮН ЫКТЫТАТ?

Ымыркайлар ыктытканда көбүнчө ата-энелер далысына чапкылап, ыктытууну токтоткулары келишет. Ушул туурабы? Жооп издеп көрөлү.

Ыктытуу ымыркай суусаганда, үшүгөндө, ошондой эле эмчек эмип жаткан кезде ашказанына аба кирип кетсе келип чыгат. Эмчекти көп эмип алганда да ашказан чоюлуп, булчуңдар жыйрылып, ымыркай ыктыта баштайт. Кээде ыктытуу 10-15 мүнөттөн ашып кетип, наристе калыптагыдай дем ала албай кыйналган учурлар болот. Мындай учурда балага суу ичирип коюу керек.
Ымыркайдын ыктытуусунун күндөн-күнгө көбөйүшү өпкөнүн кагынышынан, ашказан, боор, ичеги же жүлүндүн сезгенишинен кабар бериши мүмкүн. Андыктан ыктытуу 2 апта бою үзгүлтүксүз кайталанса, сөзсүз врачка кайрылуу зарыл.
Эгер сейилдөө кезинде бала үшүп калса, анда үйгө тезирээк барып, баланы боорго кысып жылытуу кажет. Ашказанына кирип кеткен абаны чыгаруу үчүн баланы тургузуп, бир топко кармап, анан далысын сылап массаждоо шарт.


Кызык экен

ВРАЧТАР ОСЬМИНОГ-БАЛАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШТЫ
Америкалык медиктер непалдык 8 жаштагы осьминог-балага операция жасашты. Баланын 4 колу, 4 буту болгондуктан, осьминог-бала аталып кеткен. Бул анын денесинде мите эгизи бар болгондугу менен түшүндүрүлөт.
Бала төрөлгөндө эле ушундай туулган жана ага дароо операция жасоого болбойт делинген. Кийин болсо баланын ата-энесинин операция үчүн каражаты болбогон. Ошентип, бала 8 жашка чыкканда ата-энеси операцияга жетерлик акча чогултушкан. Жыйынтыгында бала мите эгизинен, башкача айтканда, ашыкча кол-буттарынан кутулду.


Билип ал

БЕЗЕТКИ МЕНЕН ИЧКИ ОРГАНДАРДЫН ООРУСУНУН БАЙЛАНЫШЫ
Кээде бетибиздин кээ бир жерине бүдүрлөр же безетки чыгып алат. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, безетки же бүдүрлөр – ички органдардын оорусунун белгиси. Төмөндөгү сүрөткө карап, безетки же бүдүр кайсы органдын оорусунан кабар берерин билип ал. Жана керектүү дарыгерге кайрылып, кеңеш алып дарыланууну унутпа!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sezy
2010-12-19 11:54:40
рахмат жакшы пайдалуу кенештер экен,менин 3 айлык кызым коп ыктыта берет, кантип кокторун билчу эмесмин
0
Naziku
2010-12-21 20:52:37
Аии,бул суротко ишенсем менин бир да жерим соо эмес го :-)
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан