КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

Башы өткөн сандарда)

– Апаң эмне?..- Карлыгач ыңгайсыздана сөзүн аягына чыгарбай көзүн алайта таң кала карап туруп калды.

– Апам 6-класс кезимде эле каза болуп калган. Мен жалгыз баламын. Ал кезде кичирээк болсом дагы апамдын жасаган тамактарынын, өзгөчө мантысынын даамы таңдайымда калган. Апама эркелеп бат-баттан эле манты жасап бериңизчи дей берчүмүн. Ушул убакка чейин апамдыкына окшош даамдуу мантыларды издеп жүрүп жейм. Ошондой даамдуусун тапсам деп ар кайсы кафеге бара берем. Бирок андай даамдуу мантыны таба албасам да окшоштуруп апамды элестетип жейм. Мына азыр ошол даамды тапкансыдым,- Байыш табактагы акыркы мантыны жеди да, ыраазы боло Карлыгачты карап, акырын анын колун кармады. Ал шап колун тартып алайын деп барып токтоп калды. Эмнегедир ал дагы Байыштын колун бекем кармагысы келди. Бирок анын ичинде дале айыгышкан кармашуу жүрүп жатты.

– Мен эмне кылып жатам?- деди Карлыгач үнүн чыгара.

– Колуңду мага карматып жатасың,- Байыш күлө сүйлөдү. Карлыгач шарт колун тартып алып, бир кылчайбастан сыртка чыгып кетти.

– Карлыга-а-ач,- керебетте отурган абалында колун сунган бойдон отуруп калды. Турууга мүмкүн болгондо аркасынан жүгүрмөк.

– Саат баскан жол кырсыгы! Аңыраңдабай эле айдап жүрсөм эмне, ушул керебетте кадалып отурбайт элем го!- муштумун түйө тура албай отурганына жини келди. Телефонун алып чалды эле, Карлыгач албай койду. Күндө жаткан керебетине батпай Байыштын тынчы кетти.

Карлыгач ушундайыңда токтот деп өзүн тыйып, Байыштын кыйкырганына карабай тышка чыккан. Ушуну менен келбейм, жумуштан дагы кетем деп чечим чыгарган. Бирок кайра эле ойлору Байышка ала качып туруп алды. Күйөөсү чалды. Карлыгач алсамбы-албасамбы дегенсип телефонду карап тура берди. Чалуу кайрадан кайталанганда гана телефонду көтөрдү.

– Ой, кандайсың? Чалбайсың, бизден кабар албайсың,- Марат тамашалай сүйлөдү. Маанайы жакшы экен.

– Жумуштан телефонго деле убакыт жок, андан көрө силер кандайсыңар, балдар жакшыбы?

– Жакшыбыз, "балдар үшүгөн жокпу, ооруган жокпу, тамак ичтиби?" деп эле саат сайын сурай берчү элең го. Бул жолу сен мени таң калтырдың, чалбай калдың го.

– Эми чоң апасы бар, сен барсың. Сен балдарды ачка койсоң дагы апам ачка кылбай калсын.

– Карлыгач, сени менен сүйлөшчү сөздөр бар. Биз айылга келишибиз керек, апам дагы карып калды. Балдарды таштап коюп эле бара берейин, эки жакты иреттеп экөөбүз келе беребиз да.

– Айылга азыр бизге эмне бар?- өктөм үн катты да, кайра жайлай түштү. Дароо урушуп сөздү көбөйтпөйүн деп ойлонду.

– Мен бир айга балдардын бакчасына акча төлөп койгон элем, балдарды өзүң менен ала кел, акчаны текке кетирбей бир ай алып баралы, анан дагы көрөбүз да,- деди келин оозу бош.

– Мейли, анда ошондой кылалы, биз жумуштарыбызды бүтүргүчө өзү деле ошол болсо керек,- деп Марат да кепке муюп калды. Экөө жылуу коштошту.

– Каяктагы айыл, айылга барып апасын карап отура бермек белек? Кетсе өзү кете берсин!- телефонду өчүрөрү менен Карлыгач күбүрөнүп калды.

ххх

Тимур колуна бир букет кыпкызыл роза көтөрүп эшиктен кирип келди. Ал гүлдү көрүп көздөрү жайнап, кубана тосуп алган Айсараны көрөм деп кирген. Тилекке каршы, көздөрү кызарып шишиген кызды көрүп чочуп кетти.

– Бир жериң ооруп турабы? Эмне болду сага, эмне мынча ыйлагансың?- гүлдү таштай салып жетип келди.

Кыз үнсүз көзүнөн жашын сызылта баштады.

– Эмне болду, бир нерсе дечи,- Тимур чыйпылыктап жиберди. Аңгыча көзүнө столдун үстүнөн жарым-жартылай чегилген чылымдын калдыгын көрдү.

– Нурзат! Ошонун кылганыбы?- ызырына телефонун алып чыкты.

– Эч кимге чалбаңыз,- кыз Тимурдун телефонун жулуп алып керебетти көздөй ыргытты.

– Мен го жаштык, макоолук кылып аялыңыз, балдарыңыз тууралуу эч нерсе ойлонбоптурмун. Жалдырап эки сөзгө алданып торуңузга түшүп бердим. А сизге эмне болду? Акыл-эстүү эле кишисиз, эмнеге катын-балаңызды ойлогон жоксуз? Эмнеге аялыңыз бар туруп мени айланчыктап жүрөсүз?- жини менен кыз ый аралаш кыйкырды.

– Айсара, алтыным, ачууланбачы, ал сага эмне деди билбейм, бирок...

– Бирок эмне?! Ансыз да ар кайсы кыз менен жүрчүмүн. Аларды таштагам, эми сени да таштайм дейсизби?- кичинекей, назик кыздын мынчалык ачууланарын күткөн эмес.

– Андай дебе, Айсара, сени таштабай калайын,- Тимур Айсараны кучактап бооруна басты. Кыз башын жөлөгөн абалда бышактап ыйлай берди.

– Эмнеге мындай кылдым, эмнеге? Чын эле өзүм курдуу жаш жигитти тандасам болбойт беле? Жигити жок жөн деле эркин жүрсөм деле эмне болот эле?- деп сүйлөнө берди кыз.

“Ар нерсени айтып мунун башын айлантып кеткен тура, шашпа сени” деп ойлонгон Тимур аялына жини келди.

– Айсара, сен ишенчи, мен сени чындап сүйүп калдым. Билесиңби, мен ушул жашка келип мындай сезимди жашаган эмесмин. Эч убакта үйгө шашылып, аялымды көрүүгө ашыккан эмесмин. Сен жашоомо киргени кандай сонун сезимдерди жашап жатам, бир билсең, менин сага болгон сезимдеримдин ак экенине ишенет элең.

– А аялыңызды сүйгөн жоксузбу? А берки кыздарчы. “Сен бул үйгө келген биринчи кыз эмессиң, акыркысы да болбойсуң” деп аялыңыз айтты го,- ыйдан жаңы сооронуп келе жаткан кыз мурчуя сүйлөдү.

– Ал сүйлөй берет. Жок, мен аны сүйгөн жокмун. Аялым менен ата-энем үйлөндүргөн. Экөөбүздүн ата-энебиз чоң кызматтарда үзөңгүлөш жүргөн адамдар. Биз алардын кызыкчылыгы үчүн баш кошконбуз. Ал мени жактырчу, аны танбайм. Бирок мен жактыра албадым, жүрөгүм жибиген жок. Бир курдай ажырашабыз деген чечимге келгенбиз, бирок боюнда болуп калганын айтты. Анан уулум төрөлдү. Ошентип жашап калдык. Уулум төрөлгөндөн тартып аны жакшы көрүүгө, көнүшүп жашоого аракет кыла баштадым. Баламды жакшы көрдүм, энесин да жакшы көрүшүм керек деп канча тырыштым. Анткен менен жүрөктү кыйнап сүйдүрө албайт экенсиң. Бирок балабыз үчүн бир үй-бүлөдөй түр көрсөткөнүбүз эле болбосо биз илгери эле бири-бирибизден алыстаганбыз. Уулум чоңоюп, Европага окууга кетти, анын үстүнө ал эми Кыргызстанга келбейт деле. Акчалай гана жардамыбызга муктаж болбосо, ажырашкан, жарашканыбыз ага маанилүү деле эмес. А жанагы кыздар жөнүндө билгиң келип жатабы? Аны да айтайын, мен алардан сүйүү издедим, бирок тапкан жокмун. Эч кимден таба албаган сүйүүнү акыры жүрүп сенден таптым. Анан да “таштап кетесиң” дейсиң, кырктын кырына чыгып араң тапкан сүйүүмдү таштабай калайын! Сени эми жөн эле коё берип койбойм. Билесиңби, керек болсо сени таштап жумушка кетүү оор болуп жатат. Көзүмдөн алыс калсаң жоготуп алчудай корком. А аялым менен жакында расмий түрдө ажырашам, сага жолукканда эле мындай чечимге келгем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан