СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бишкекте самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, самбо боюнча дүйнө чемпиондугу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында, жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу Болгариянын Панагюриште шаарында өтмөк. Бирок бул өлкөлөрдүн улуттук федерациялары бул турнирлерди өткөрүүнү башка күнгө жылдырууну суранышкан. Мындан улам дүйнөлүк чемпиондукту өткөрүү боюнча талапкер өлкөлөрдүн сунуштары каралып, Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясынын арызы Эл аралык самбо федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн добушуна коюлуп, колдоо тапты. Турнир Бишкекте мурда пландаштырылгандай 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин өтөт.

Ал эми жаштар арасындагы самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу Армениянын борбору Ереванда өтөт.

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды.

Рейтинг Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыгынын негизинде түзүлдү. Анда Азия чемпиону болгон Айпери Медет кызы жаңыланган рейтингде экинчи саптан орун алды.

Бул салмак категорияда биринчи орунга америкалык Аделина Грей жайгашты.

Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айпери Медет кызы финалда япониялык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, карьерасында алгачкы ирет Азия чемпиону болду.

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт

Бишкекте 19-26-июнь аралыгы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугу өтөт. 13-апрелде Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун уюштуруучусу Кыргызстандын Күрөш федерациясы экенин тастыктаган расмий кат жөнөткөн.

Азия чемпиондугун Бишкекте өткөрүү чечимин Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен UWW-Asia уюмунун президенти Даулет Турлыханов кабыл алган.

Азия чемпиондугу Бишкектеги Bishkek Arena муз аянтчасынын имаратында өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан