Баланын жан дүйнөсү ак кагаздай таза болот. Ал амалданбайт, алдабайт, эмнени сезсе болгонун болгондой айта алат. Ошондуктан бир маселе болсо, балдар психологдору сүрөт тарттырып маалымат алууга аракет кылышат. Үй-бүлөңүздөгү мамиле тууралуу билгиңиз келсе, балаңыздын сүрөт тартып жатканын байкаңыз. Баланын алдына альбом берип, түстүү карандаштарды коюп, “үй-бүлөңдүн сүрөтүн тартчы” деп сурансаңыз, ал тарткан сүрөттүн жардамы менен өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу бир топ маалымат ала аласыз.
КЕЗЕК МЕНЕН
Сүрөт тартканга калемди колуна алганда эле балаңыздын жанына отуруп карап туруңуз. Кичинекей сүрөтчү жакындарынан кимди биринчи тартса, ал үчүн авторитет же өтө жакын адамы. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөөсүн тартууну унутуп калса, демек, ал адам менен баланын ортосунда келишпестик бар. Мисалы, бир тууганын унутуп калса, ага бир аз ичи тардыгы болушу мүмкүн. “Эмнеге унутуп калдың?” деп сурап көрүңүз. Атайылап тартпай койгон болсо, наристе менен ал адамдын мамилесин байкап көрүңүз.
ӨЗҮН КАЙСЫ ЖЕРГЕ КОЁТ?
Балакай өзүн кайсы жерге тартканы маанилүү. Өзүн үй-бүлөдөн алыс, сүрөттүн рамкасынан чыгарып тартса, ал жалгыз жана өзүн ташталгандай, унутулгандай сезгени. Сүрөттүн борборунда тартса, өзүн маанилүү сезип, сүйүү менен чоңоюп жатканынын белгиси. Өзүнө үй-бүлөсүнүн жанынан орун бербесе, ага ата-эне тарабынан камкордук жетишпей жатканы.
ӨЛЧӨМҮНӨ ЖАРАША
Бала үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин чоң же узун кылып тартышы мүмкүн. Кимди чоң кылып тартса, балага ошол адамдын таасири чоң. Өзүн чоң кылып тартса баланын “мен үй-бүлөдө маанилүү орунду ээлейм” дегени, өзүн бүжүрөтүп тартса, “мени менен эч ким деле эсептешпейт” деген сигнал. Балаңыз өзүнүн колдорун өйдө көтөртүп тартса, ага көңүл буруу жетишпей жатканы деп билиңиз.
АРАЛЫК
Үй-бүлөңүздө тынчтык, сүйүү, камкордук бар болсо, бала жакындарын бири-бирине жакын кылып тартат. Кээде атасы менен апасын кучакташтырып же жетелештирип коёт. Мындай сүрөт баланын ата-энесине ишеними чоң экенинен, ортодо гармониялуу мамиленин бар экенинен кабар берет. Жакындарынын аралыктарын алыс кылып тартса, үй-бүлөдө конфликт, түшүнбөстүктөр көп. Ал конфликттер баланын көзүнчө орун алып жатканынан кабар берет. Бала өзүн бирөөгө жабыштырып тартса, ошол киши менен гармониялуу мамиледе. Эгерде жакындарынын ортосуна тосмо же бир жансыз нерсе тартып койсо, ошол киши экөөнүн ортосунда барьер бар.
ТҮС БОЮНЧА
Бала жакшы көргөн, ишенген адамдарын түстүү боёктор менен тартат. Кара, күрөң түс менен тартса ошол адамдан тайсалдап турат, же балага бул адам үстөмдүк көрсөтүп жатканынын белгиси.
ДЕНЕ МҮЧӨЛӨРҮ
Өзүнүн жүзүн даана тарта алса, демек, өзүн-өзү жакшы кабылдайт. Өзүнүн жүзүн аябай шыктанып, көңүл коюп тартып жатса, өзү менен сыймыктануусу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин оозун чоң кылып тартса, ошол адам балага көп тыюу салат. Эгерде адамдын оозун такыр тартпаса же кичине кылып тартса, ал адам балага сезимдерин ачык көрсөтпөй жатат деп түшүнсө болот. Тиштерин арсайтып чоң кылып тартса, анда ошол жакынынан балага агрессия келип жатышы мүмкүн. Көздү өтө чоң кылып бакырайтып тартса, коркуп жатканы. Колду өтө узун кылып тартса, ошол адам аябай өкүм жана балага психологиялык жактан басым көрсөтүп жатышы мүмкүн.
БУЛ НЕРСЕЛЕР КООПТУУ!
Нуржамал Жийдебаева