Табылды Актанов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: "ЖУБАЙЫМ МЕН ҮЧҮН БААРЫНАН БАШ ТАРТТЫ”

Атактуунун жубайы болуу кыйын. Кээде өзүнүн канатын кесип, жолдошуна тагып “сен уч, мен карап турайын” деген аялдар бар. Ушул нерсенин так далили биз сыйлаган, эл сүйгөн залкарлардын бири Табылды Актановдун жубайы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Зууракан Акылова болду. Ак дасторкон үстүндө отуруп 40 жылдык сүйүү баянын уктук.


– Саламатсыздарбы? Бизге 40 жыл мурун кантип таанышып калганыңыздардан кеп кылып берсеңиздер?

Табылды Актанов: – Саламатсыңар, сен баштачы бул жолу...

Зууракан Акылова: – Мейли, баштаса баштайын. 1977-жылы Нарын театрына барып иштеп калдым. Ага чейин кыргыз драма театрында иштечүмүн. Барсам бул кишинин таланты өркүндөп, жаштар арасында оозго алынып, дүркүрөп турган учуру экен. Гастролдордо чогуу жүрөбүз, дайыма биргебиз, мамилебиз келишип калды. Анан “үйлөнөлү” деп сунуш киргизгенде макул болдум. Элдин сүймөнчүгү, кыздардын кыялы болгон жигит сунуш киргизип жатса кантип баш тартмак элем (күлүп)? Үй-бүлөдө, театрда кол кармашып эриш-аркак келе жатканыбызга 40 жыл болду. Тоолуу аймактарда пенсияга эрте чыгат эмеспи, пенсияга чыгып үйдө отуруп калганыма 20 жыл болду. Кээде кинолорго тартылып калчумун, 6-7 жылдан бери ал да токтоду. Азыр бул киши менен өткөн күндөрдү эстеп коюп үйдө отурам. Агайыңарды билесиңер, азыр деле тынбай жазып, тасмаларга тартылып, сахнадан түшпөй келе жатат. Ушунусу кут болсун деп отурам.

– Табылды ага, сиз байбичеңизге сунуш киргизгениңизди эстеп берсеңиз...

Т.А.:– Театрда эртеден кечке чогуубуз. Мамилебиз жакшы боло баштады, анан айттым, эмне дейт элем башка(күлүп). Макул болду. Театрга орусча, кыргызча тоюбузду берип үйлөндүк.

– Зуура эже, жолдошуңуздун жылдызы жанып турганы үчүн эле макул болдуңузбу, же башка да сапаттарына баа бердиңизби?

З.А.: – Эмнесин жактырдым (ойлонуп). Мен чыгармачылыгын сүйдүм окшойт. Агайыңардын таланты ар бир тармакта өзгөчө. Төкмөлүгү, комузчулугу, жазмачылыгы, обончулугу, актёрлугу, режиссёрлугу, деги койчу бардык тарапта жылдыз. Мындай кишиге жолдош болуу ар кимдин эле шыбагасына жазыла бербейт. Өзү да мени жактырып турса... Жалгыз эле мен эмес, мен курдуу кыз-келиндердин баары сүйчү бул кишини (күлүп). Ал эмес улуу эжелерибиз да кызыкчу. Дөө-шаалардын баары ушу кишини жактырып турса мен кантип сүйбөй коймокмун? Ооруп көчөгө чыкпай калганым менен, азыр деле чыгармачылыгын көзөмөлдөп турам.

– Жолдошуңуз менен өмүр бою сыймыктанып келе жаткан экенсиз, ээ?

З.А.: – Ооба, бул киши менен мен эле эмес, башкалар да сыймыктанышы керек деп ойлойм. Элибизде мындай өнөрлүү адамдар жокко эсе. Мамлекет дагы бул кишиге көзүн салып турса, силерге окшогон жаштар чыгармачылыгын көбүрөөк чагылдырса деп тызылдайм. Өзү “мен көрүнө калайын” дебеген киши. Эми колуңузду шилтеп нааразы болбой эле коюңуз, айтып алайын (күйөөсүнө карап). Мамлекет ушу кишини бааласа, көңүл бурулса деп тилейм. Өз күчүбүз менен мамлекеттен эч нерсе күтпөй тырмалаңдап ушу үйүбүздү салып алганбыз. Эми артисттердин айлыгын баарыбыз эле билебиз да.

Т.А.: – Болду эми, башка жолу айтчы калган арманыңды (күлүп).

– Табылды ага, жаныңызда ушунча көтөрмөлөгөн жарыңыз бар экен, а сиз жубайыңыздын эмнесин бааладыңыз?

Т.А.: – Жакшы көрсөң эч жаман жери көрүнбөй калат. Өңүнө деле, үнү жаман болсо деле, таланты анча болбосо деле сүйүп калсаң баары жакшынакай көрүнө берет. Мен эжеңердин эмнесин баалайм? Чыгармачылыкка чындап берилген аз эле адам болот. Ушунча жылдан бери мен ушуну байкадым. Музыканы эжеңер 12 жыл окуган. Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайды, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетти Самара Токтакунова, Улукмырза Полотовдор менен чогуу бүткөн. Бирок бул өзүнүн өнөрүнөн биринчи менин өнөрүмдү сүйүп, баалап, мен үчүн талантын курман кылды. Мага ошо камкордугу жагат. Жарым, сынчым, досум, сырдашым ушу. Өкүнгөнүм – мен үчүн өзүнүн өнөрүн таштап койду. Такыр эле жолду бошотуп берди. “Мен деле ырдайм” дебеди, өзү көлөкөдө калды. Ушу күнгө чейин курмандыкка барып отурат. Тобо деш керек, мен кыялданган нерсемди Кудай мага ашырып берди. “Кайсы сыйлыкты ала элексиз?” деп сурап калышат, “Нобель эле калды” деп күлүп коём. Эмнегедир наам алам деп такыр суусаган жокмун. Кудай өзү мага баарын берип салды, жашоодон эмне кааласам, бирөө да аткарылбай калган жок. Талантты эл көтөрөт экен, элиме ыраазымын. Мына, Токтогулга, Саякбайга, Атайга кайсы өкмөт бериптир наам? Бирок алардан таанымал адам барбы ушуга чейин? Эл берген наам ушу да. Азыр маараганы деле, мөөрөгөнү деле наам деп калды.Туура эмес бул. Силер да “ал киши карып калды” дебей мени байма-бай чыгарып жатасыңар. Мындан жакшы сый барбы?

– Эки чыгармачыл адамдын жашоосу кызыктуу болсо керек. Уруш-талаш деле болгонбу?

З.А: – Жаш кезибизде такыр урушкан жокпуз. Карыгандан бери бир аз кызаңдашып кетебиз.

Т.А: – Кыргыз драма театрына Кудайдын куттуу күнү жөө барып, жөө келем. Башында машина айдап жүрдүм, бирок карыганда жөн эле коёюн деп маршрут менен улам жол тосуп отуруп жетем. Байбичем тынбай телефон чалат, “кайсы жерге келип калдың, чыктыңбы? Канча мүнөттө келесиң?” дей берет. “Ой, эмне кыласың, иши кылып барам да” десем болбойт. Анткени мен кирип келгенде тамагы даяр болсун дейт тура. Барган сайын улуу баласындай эле болуп баратам. Бир күнү сырттан чарчап келип, балам отурса “балам, апам кайда кетти?” деп сурап алыптырмын (күлүп). Бир жыл чычалатып күлүп жүрдү.

– Үй-бүлөдө кыйынчылыктар болдубу?

Т.А.: – Болбой коймок беле, биз Нарындан бул жакка жашыбыз өтүп калганда келдик. 6 жыл жатаканада жашадык бала-чака менен. Кийин ушу үйдү өз колубуз менен эптеп салып турук алып калдык. Пушкиндин жомогундагы чал-кемпирдей болуп жашап жатабыз. Бул дагы ошо жомоктогу кемпирдей болуп калды барган сайын (күлүп). Айтып жатпайбы “өкмөттөн үй сурабайсыңбы, наам бербейби?” деп, жанталаша берет.

З.А.: – Агаңар менен жашап кыйынчылык көрдүм деп айта албайм. Союз учурунда чет өлкөлөрдү кыдырдык, андан кийин деле кыдырып жүрдүк. Жакшы чөйрөдө жүрдүм, көңүлүмдү оорутуп жаман сөз айткан жок. Мен ыраазы элемин.

– Кызганычтар болдубу?

З.А.: – Жок, болгон жок. Анткени театрга чогуу барабыз, күн бою ээрчишип жүрөбүз. Кечинде чогуу келебиз, кимден кызганабыз.

– Табылды агай, байбичеңизге бир нерсе кылып бергиңиз келип, бирок ал кыялыңызга жетпей калган учур болдубу?

Т.А.: “Байбичеме укмуш бир нерсе кылышым керек” деген ой болгон жок. Бирок эркек катары жашоодон оорчулук көрсөтпөй жашатканга аракет кылдым. Элден ашып эч нерсе кылган жокмун. Чынын айтсам, мен үй-бүлөдөн мурун чыгармачылыгымды ойлоп жашадым. “Кандай роль алып чыгам, кандай күү чертем, эмне жаратам?” деп жашап келе жатам.

– Кандай белектерди бересиз?

Т.А.: – Белек көп берем. Идиш-аякты аябай жакшы көрөт, ошону көп алып берем. Алтын-салтын жакшы көрбөйт, ошон үчүн андай белек кыла элекмин. Ооз толо турган, таң калтырган белек бере элек окшойм.

– Балдарыңыздар тууралуу айтып берсеңиздер?

Т.А.: – 3 уул, 1 кыз, 9 небере бар. Кичүү уулум апасындай болуп өмүр бою музыканы окуп келе жатат. Азыр үйдө ойноп жүргөн балдар ушунуку. Башка балдарым жолумду жолдогон жок.

– Маек соңунда сиздерге эркин микрофон...

Т.А: – Эл-журтка ынтымак каалайм. Кудай бизди оң баштантып койду окшойт азыр. Эми ушундайда артка тарта бербей, алдыга гана кетсек. Бирин-бири чукулап, ыргыта чаап, бутка тээп эле жинди боло бербей, элибиз ынтымакка келсе экен. Миңдеген жыл, сандаган кылымдан бери келе жаткан кыргыз оңой нерсеге алдыра койбойт. Ынтымак болсо кыргыздын колунан баары келет!

З.А: – Эл-журтубуз өсүп-өнүшүн каалайм. Балдар бактылуу болсун, карыларга ден соолук, элге токчулук, тынччылык тилейм!

ТАБЫЛДЫ АКТАНОВ: “60 ЖАШЫМДА ҮЧ КАБАТ ҮЙ САЛДЫМ”

Табылды агабыздын үч кабат ак өргөөсүндө конок болдук, Бишкек шаарынын четиндеги Таш-Мойнок айылында жашаган агабыз күн сайын шаарга каттап иштейт.


Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан