"... ДАРЫЛАНБАСА, КӨЧҮК ЧИРИЙ БАШТАЙТ"

Ооруганда дароо врачтарга көрүнбөй жүрө бергендин акыры операцияга же залалдуу шишикке же өлүмгө дейре жеткириши ыктымал. Кыргыз айтуудан тартынган уяттуу жер болгон көтөн чучуктун 20дан ашык дарты бар. Алар кандай оорулар экендиги жана белгилери, дарылоо жолдору тууралуу Улуттук госпиталдын колопроктология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Ызакжан Бектенов айтып берди.

КӨТӨН ЧУЧУКТУН КУРЧ КАРМАГАН ЖАНА ӨНӨКӨТ ЖАРАКАТЫ

– Курч кармаган жана өнөкөт жаракатынын негизги себеби – ич катуу. Ич катуу болсо кургак тамактануудан, дамамат отуруп иштеп кыймылдын жоктугунан, тамак-ашка жашылча-жемишти аз колдонгондон, ашказан-ичеги ооруларынан жаралат. Ич катканда айрымдар 2-3 күндөп ичин бошото албай кыйналышат. Дааратканада узакка отуруп катуу ыйынганда көтөн чучуктун ичиндеги былжыр чели жарылып, канайт. Жарылганда былжыр челдин алдында жаткан булчуң эттер сезгенип, көчүк оорутат. Ич бошоткондон кийинки оорутуунун узактыгы да ошол булчуң эттердин канчалык деңгээлде сезгенишине жараша болот.

Адам убакытты өткөрбөй дароо колопроктологго барып текшерилсе, ал дарыланууга свеча, дары майларды жазып берет. Эгер текшерилбей жүрө берсе же өз алдынча ар кимдин айтканы менен дарылана берсе оорусун өнөкөт түргө өткөрүп алат да, ал убак-убагы менен кармай берет. Ошондуктан ич катпай тургандай кылып туура тамактануу, суюктукту жетишерлик ичүү кажет.

Өнөкөт түрүндө катуу ыйынган сайын көтөн чучук канай берет жана 2-3 саатка чейин катуу оорутат. Мындай түрүн хирургиялык жол менен айыктырууга туура келет. Жаракаттуу жерди кесип, кайра тигишет. Канча бир жылдап жүргөн жаракат залалдуу шишикке айланып кетиши ыктымал.

ПАРАПРОКТИТ – КӨТӨН ЧУЧУКТУН ТЕГЕРЕГИНИН ИРИҢДЕШИ

– Көтөн чучуктун ич жагында 100гө жакын май бездери бар, заң алар бөлүп чыгарган суюктук менен майланышып, сыртка оңой чыгат. Кокус көтөн чучуктун өнөкөт же курч кармаган жаракатына инфекция кирсе, май бездери кошо сезгенип, курч кармаган ириңдүү сезгенүүгө, башкача айтканда, парапроктит дартына алып келет. Ошондой эле сыз, муздак жерге отуруу, буттан сыз өтүүдөн да май бездери сезгенет.

Дарттын белгилери: сезгенген бездер шишип, лукулдатып оорутат, ириңдейт, дене тап көтөрүлүп, чыйрыктырат, чоң заара кылуу кыйындайт. Башкача айтканда, без жарага айланат. Белгилер билингенде колопроктологго кайрылуу зарыл. Көпчүлүк убакта муну чыйкан же сыздоок деп, өз алдынча дарылана беришет. Эртедир-кечтир бир күнү жара жарылат. Ириң чыкканда адам жеңилдеп калат. Бирок жарылган жаранын орду бүтпөйт. Кайра-кайра ириң чыгып жүрө берет. Айрымдар колопроктологго эмес, хирургга барышат, алар жараны кесип ириңди чыгарып коюшат. Бирок жаранын ички жагы калып калат да, ириң кайра чогулат. Кайра барса хирург кайра кесип, ириңин чыгарып кетирип жиберет. Айрымдар кайра баруудан коркуп жүрө беришет. Мындай болгондо ириңдер ич жакка тарайт же сыртка тээп терини тешип чыгат. Андай тешиктердин саны кээ бирлерде 2-4 болсо, айрымдарда 20-30га дейре жетип, же андан ашып көчүгү чирип баштайт. Ириң санды тешип чыккан учурлар да кездешет. Андыктан хирургга эмес, колопроктологго кайрылуу керек. Ошентип хирургдарга барып жүрө бергендер акыры бизге келишет. 1 жылда биз андайлардын 500-550дөйүнө операция жасап айыктырабыз.

КӨТӨН ЧУЧУКТУН ТҮШҮШҮ

– Көтөн чучуктун түшүшү (ректалдык пролапс) – бул көтөн чучуктун ички былжырынын сыртка чыгып калышы. Негизи көтөн чучуктун ооз жагында ичегидегилерди сыртка чыгарбай кармап турган булчуңдар (сфинктер) бар. Ошол булчуңдар, алар менен кошо тегерегиндеги байламталар алсызданганда былжыр чел сыртка чыгып калат. Буга жеткирүүчү себептер: тукум куучулуктан улам көтөн чучуктун булчуңдарынын алсыз жаралгандыгы, мурун көтөн чучукка жасалган туура эмес операция, жамбаштагы сөөктөрдүн жана түз ичегинин туура эмес түзүлүп калышы, узакка созулган ич өтүү, ич катуудан дамамат катуу ыйынуу, ичегинин мите курттарынын таасири, жүктөрдү ташып иштөөгө байланышкан жумуш, көп жолку жана оор төрөт.

Жогоруда аталган себептерден улам алсызданган былжыр сыртка чыгып баштайт.

Даражалары

1-даража. Заңдап жаткан учурда гана сыртка чыгып, кайра өз ордуна келип калат.

2- даража. Заңдаган учурда жана оор жумуш кылганда чыгып, кайра ордуна келет. Бирок сфинктер жакшы кармабай баштайт.

3-даража. Көтөн чучуктун былжыры чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, басканда да чыгып калат. Заңды, ичтеги желди кармоого мүмкүн болбой калат.

Белгилери

•Көтөн чучукта бир нерсе тургандагыдай сезим

• Оорутуу басканда, заңдаганда, оор жумуш кылганда күчөйт

• Заңды, ичтеги желди кармай албай калуу

• Бат-бат заара ушатуу

• Көтөн чучуктан былжыр, кандын чыгышы

Убагында дарыланбаса жана сырткы чыгып калган былжырды өз алдынча кол менен ичкери киргизүүгө кылган аракеттердин терс таасири акыр түбү былжырдын некрозуна (ткандарынын өлүп башташы) алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары жараны жаратат. Ал бара-бара канап, көтөн чучуктун оозунун тешилишине алып барат. Өтүшүп кеткенде ичеги бүтөлүп, ичтеги заң өтпөй калат. Бул өмүргө коркунуч жаратат.

Дарылоо. 1-2-даражасында дары-дармек менен дарылоого, ооруну өнүктүрбөй кармап турууга болот. Диета кармалат. 3-4-даражасында дарылоо операциялык ыкма менен ишке ашат. Башкача айтканда, операция ич жактан жасалып, түшкөн көтөн чучук байламталары менен кошо бел омурткалардын ылдыйкы бөлүгүнө тепчилип тигилет. Атайын медициналык каражаттар менен көтөн чучуктун өлчөмү кичирейтилет.

ПРОКТОСИГМОИДИТ

– Өнөкөт проктосигмоидит – бул түз жана сигма сымал ичегинин былжыр челинин сезгениши. Курч кармаган жана өнөкөт түрү бар.

Курч кармаган түрүнүн белгилери: дене таптын жогорулашы, чоң заара кылгысы келе берүү, ачыштыруу, бир нерсе кирип алгандагыдай сезим калтыруу, катуу оорутуу. Өнөкөт түрүнүн белгилери – оорутуу, кычыштыруу, ачыштыруу, ириңдүү же былжырлуу суюктуктун бөлүнүп чыгышы.

Дарттын келип чыгышына ичегинин Крон оорусу, ичегинин жаралуу колит дарты, ашказан-ичегинин оорулары, геморрой, жыныстык жаткан жугуучу оорулар, катуу ыйынганда пайда болгон жаракат, ич катуу , ич өтүү жана башка. Дарылоодо диета кармалып, дары-дармектер, анын ичинде антибиотик сунушталат.

ПРОКТИТ

– Проктит (ректит) – бул көтөн чучуктун, башкача айтканда, түз ичегинин төмөн жагынын сезгениши. Дарттын келип чыгышына инфекция, мите курттар, түз ичегинин иштөөсүнүн бузулушу (мисалы, кечке отуруп иштөөдөн, туура эмес тамактануудан), ачуу тамактарды көп жегендик, уулануу, түз ичегинин жаракаты, ичимдикти көп ичүү себепкер болот. Кургак учук, гонорея, ашказан-ичеги оорулары да оорунун жаралышына кошумча болушу ыктымал. Мунун да курч кармаган жана өнөкөт түрү бар. Белгилерине дене таптын жогорулашы, шалдыроо, улам-улам дааратканага баргысы келүү, оорутуу, заңдын кан же ириң аралаш чыгышы, ич катуу кирет.

Дарылоо. Оору күчөп кете электе дары-дармек менен дарылашат, диета кармалат, дарылык көнүгүүлөр сунушталат. Санатория же курортто дарыланса жакшы. Анткени ал жакта дары ванналары бар.

Геморрой дарты тууралуу кийинки сандарда сөз кылабыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан