Тотомидин Жолдошов, ырчы: «ЖҮРӨК ЖАШ, ДАГЫ ДЕЛЕ ОЙНОГУМ КЕЛЕТ»

"Таалай элеси" тобунун ырчылары Тотомидин Жолдошов жана Сурма Тургуналы кызы биздин маек төрүбүздө. Бул аптада гезитибиздин башкы бетин кооздогон каармандарымдын маегине көз чаптырыңыз.

– Саламатсыздарбы? Тотомидин мырза, алгачкы суроом сизге болсун. Уулдарыңыз жарамазан айтып, социалдык тармактарда көпчүлүктүн көңүлүн бурду. “Балдарына жарамазан айттырып каражат таап жатабы?” деген билдирүүлөргө эмне дейт элеңиз?

Тотомидин: – Бул да болсо талант деп эсептейм. Аларды жарамазан айттырып каражат табайын деген оюм деле жок. Балдарыма аккордеон алып берип, “Апакем” деген ыр үйрөткөм. Анан кичүү балам шылдыракты Кадырбек деген байкебиздин черткенин көрүп үйрөнүп алды. Орозодо жарамазан айтылып баштаганда эле кошуналарга айтып, ошентип эле өздөштүрүп алышты. Айтпагыла деп тыйган деле жокмун. Себеби баланы тыя берген деле болбойт. “Антпе, минтпе” деп жатып балдарды корунчаак, жалтаң кылып коёт экенбиз да. Кичүү уулум Эрасыл тартынбайт, баарын бетке айтат, тамашалап сүйлөгөндү жакшы көрөт. Өтүмдүү болсун деп тыйбай эркин өстүргөнгө аракет кылам. Чектен ашып кетсе бир жылда бир чыбык менен шыйракка чаап коём. Кандай болбосун бала атадан сестенип турушу керек.

– Экөөңөрдү үй-бүлө деп ойлогондор бар экен, жолдошуңуз кызганбайбы?

Сурма: “Силер жубайларсыңарбы?” деген суроо абдан көп берилет. “Жашоодо экөөбүздүн жолубуз эки башка. Экөөбүздүн тең үй-бүлөбүз бар. Жолдошум эмнеге кызганмак эле, биздин туугандык дагы жайыбыз бар” деп айтып келем. Кызгануунун да чеги бар да, жолдошум да, кайын журтум да менин чыгармачылыгымды түшүнүү менен кабыл алышат.

– “Таалай элеси” тобу дебей, өз атыңарга басым жасооңорго эмне себеп?

Т.: – “Таалай элеси” тобун түзүп, 2000-жылдардан баштап элге кызмат кыла баштаганбыз. Топ менен жүргөндүктөн 2015-жылдары мени Тотомидин деп эч ким таанычу эмес. Ошондуктан Тотомидин, Сурма деп атыбызга басым жасап калганбыз. Топ жоюлган жок, биз менен эле. Клиптерибиз, ырларыбыз чыкса Тотомидин жана Сурма, “Таалай элеси” тобу деп жазылат. Сахнага чыкканда деле ошондой.

– Кырдаалдан чыгуу үчүн калп айтасыздарбы? Кимди эмне деп алдадыңыздар эле?

С.: – Күндө келинчегимди алдайм деп койбойсузбу (күлүп).

Т.: – Негизи жашоодо жалган айтканды жаман көрөм. Эми кээде айла жок болуп калганда келинчегимди алдап коюшум мүмкүн. Достор менен жүрүп кеч келесиң, жүрөк жаш, дагы деле болсо ойногуң келет дегендей (күлүп). Кээде түн жарымга чейин же таң атканча бильярд ойноп жүрүп алган учурлар болот.

– Тотомидин таякеңиздин жалган айтканына күбө болдуңуз беле?

С.: – Мен күбө болгон учурда деле “ооба, так эле ошондой болгон” деп таякемдин сөзүн сүйлөйм. Антип айтпашка дагы аргам жок. Эмне болуп жатасың деп таякем урушат да (күлүп). Мен деле калп айтканды жаман көрөм. “Калптын казаны кайнабайт” деп коёт го. Бирөөнүн көңүлү үчүн аргасыздан айтып калышым мүмкүн.

– Жашоодо чектен ашып эмне кылдыңыздар эле?

Т.: – Желим чыгып отуруп калгам (күлүп). Жаш кезде бирөөлөр сый көрсөтсө, кыя албай майрамдаган күндөр болгон. Кырктын кырын ашып калдым, эми чектен ашпайм. Бардык нерсени ойлонуп жасаганга аракет кылам. “Кой, бул жагы ашыкча болуп кетти, өзүмө келейин” деп турам.

С.: – Чектен ашкан учур (ойлонуп)...

Т.: – Бул Тикток тартып жатканда чектен ашып кетет (күлүп).

С.: – Ошол эле го. Бир видеого кызыгып калсам, ойлонбой туруп тартып коём. Анан “чектен ашып кетиптирсиң, жөн эле койбоптурсуң” деген ар кандай комментарийлерге кабылам. Ал эми жашоодо чектен ашып бир дагы катачылык кылган эмесмин.

– Тойдо акча кыстаргандар ыңгайсыздык жаратпайбы?

С.: – Ошол видеону көргөн окшойсуңар, ээ (күлүп)? Эки жолу тойдо ушундай ыңгайсыз учур болгон. Ырдап жатсам бир байке келип көйнөгүмдүн төш жагына акча кыстарайын деп колун сунду, мен артты көздөй качтым. Тиги байке болбой эле мени көздөй басып кыстарганга аракет кылды. Кызарып аябай ыңгайсыз болгом.

Т.: – Байкени кыйнай бербейин деп шап жулуп алган (күлүп).

С.: – Кийин дагы тойдо бир байке акчасын көтөрүп көйнөгүмдүн көкүрөк жагына кыстарганы келе жатат. Мурункуну эстедим да, колун сунуп келе жатканда эле колунан жулуп алдым (күлүп). Тиги байке мени алайып караган бойдон басып кетти.

– “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырдай сиз кыздарга көз салып коёсузбу?

Т.: – Кез-кезде көз артып коёбуз. Бирок эми ашык болуп, барып “сулуу экенсиң” деп деле айтпайм, сыртынан эле карап коём. Эми кыздарга кызыкпасаң эркек болбой калбайсыңбы (күлүп).

С.: – Эркектин баары эле суктанса керек. Кыздар деле “мына бул келбеттүү экен” деп мырзаларга суктанабыз да.

– Чыгармачыл чөйрөдө шеринелештер бар, байкасак, Сурма айым, сиз көп аралашпайсыз...

С.: – Негизи чыгармачыл адамдар жамандык-жакшылыкта катташмай, акча чогултмайыбыз бар, кошулуп турам. Жакшылыктарына дайыма эле бара албай калам. Баарын сыйлап жакшы мамиле кылам, бирок өтө жүткүнүп аралашып кетүү деген жок. Эмнеге билбейм, тартынып турам.

– Чыгармачылыгыңар купулуңуздарга толобу?

Т.: – Чыгарма, албетте, жүрөктөн жаралат. Ыр өзүбүздүн купулубузга толгондо анан элге чыгарабыз. Эң негизгиси, ыр элдин купулуна толушу керек. Ал эми клиптерди ойдогудай тарта албай калган учурлар болот.

С.: – Эми биз аракет кылып келе жатабыз. Чыгармачылыгыбыз элдин купулуна толот дегенден алысмын. Эл өзү таразалайт.

– Эмнеңиздер менен мактана аласыздар?

Т.: – Оор суроо экен (ойнонуп). Аз да болсо кыргыз элиме кызмат кылып, кичинекей болсо дагы из калтырып, Таалай агамдын атын өчүрбөй “Таалай элеси” тобу деп жүрөм. Анча-мынча обон, ырларым бар.

С.: – Таякем обончулугу менен мактанса болот. Башка ырчылар аткарган да обондору бар. Менчи, мен эмнем менен мактана алам? Мен эми кичинемден кыялданган өнөр жолунда кыргыз элиме аз да болсо таанылып калганыма шүгүр кылам, мактанбайм.

– Маегиңиздерге рахмат!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан