Алыстагы ак жарыктай Москвада жашап, иштеп жүрсө да мыкты ырлары менен элдин жан дүйнөсүн байыткан акын Нарсулуу Гургубаева Бишкек шаарына келди. Акындын ырларындагы өзгөчө стиль, эч нерсеге баш ийбеген бунтардык духтагы саптары, мазмунундагы тереңдик окурман катары мени таң калтырып, суктандырып келет. Эмесе, өзгөчө акын менен маегибиз алдыңызда.
– Нарсулуу, кош келдиңиз мекениңизге, канча жылдан бери келе элек элеңиз? Жаңылыктарыңыз менен келдиңиз, билишимче...
– Саламатсыздар, келе элегиме 4 жыл болгон. Жаңылыгым катары, акын Нуриза Өмүрбай экөөбүздүн “Кат турмуш” деген китебибиз жарык көрдү. “Жат турмуш” деп да окуса болот. Китебибизди элге тартуулап, интервьюларды бердик. Чыгарма өзү кат түрүндө эпистолярдык жанрдын негизинде жазылган проза. Проза жанрындагы биринчи чыгармам. Эки мигрант аялдын диалогу катары жазылган. Москванын агымы өтө тез, жумуш оор, көрүшкөнгө убакыт болбойт, бирок ичиң бук болот. Кат жанрын ошол үчүн тандап алдык. Эки аял мигрант болуп барып алып, бирок ошол жашоого көнүп кете албай, көргөндөрү ичине батпаган окуялардын топтому.
– Мага Москвага кетпей бул жакта калсаңыз мындан да мыкты ырлар жаралат беле деген ой кетет...
– Москвага кете электе устатым Кожогелди Култегиндин поэзия классында окугам. Мен 23 жашымда Москвага окуу үчүн кеткем. Дароо окуй албай калдым, анткени орус тилин билбей барып алган экенмин. Кийин Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүрдүм.
– Азыркы кесибиңиз адабиятка тиешелүүбү?
– Жок, элдей эле кара жумушта иштейм. Акындыкты кесип деп айта албайм, хобби да эмес. Акындык менен нан таап жеш кыйын, хобби дейин десең жаккан учурда гана алек болчу нерсе эмес (ойлонуп). Акындык жашоомдогу эң маанилүү нерсе. Мыкты ыр жаздым деп айта албайм, бирок кыргыз поэзиясына чабал ырларды кошпогонум да чоң олжо. Акын боло алдымбы деп мен азыр деле ойлонуп кетем. Акындын акындыгы бир кылымдан кийин билинет, ошондо да сенин ырларыңды эл окуп жатса, анда акын болдуң. Болбосо мезгилдин чаңында кала бердиң.
– Ырларыңыздан өзөгүңүз бул жакта экени сезилет...
– Өзөгүм бул жерде, кыргызча ыр жазам, менин ырым кыргыздарга эле керек. Ошол үчүн жаман ыр жазбаганга аракет кылам.
– Мигрант болуп жүргөнүмө 18-19 жылдай болду деп жатасыз, бул жолу келгенде Кыргызстанда алдыга жылыш байкалдыбы?
– Мекеним көзүмө дайыма сулуу көрүнө берет, бирок реалдуулук бар да. Өнүгүп жатыптыр дей албайм. Бирок жаштардын билимге умтулганы, өзгөчө дүйнө таанымы пайда болгону мени аябай сүйүндүрдү. Бул шаардын оңолушунан, жолдордун оңолушунан да маанилүү жана сүйүндүрө турган нерсе.
– Ырларыңыздын тереңдиги жагат. Бирок жалгыздык, жашоодон түңүлүү сыяктуу нерселер бар. Кызыкканым, бактылуу болуп турганыңызда кандай ырлар чыкмак болду экен?
– Рахмат (күлүп). Акын үчүн ырлары окулуп жатканынан өткөн бакыт жок. Мен бактылуу болуп турганымда ыр жаза албайм. Кубанып турган учурда ыр жазган акындар аз. Көп учурда кубанып жашаганым үчүн ырларым аз окшойт (күлүп). Көкүрөгүмдө муң, кусалык, жалгыздык дейбизби, бир нерсе бар. Ошол нерсе ырга айланып чыгат.
– Билем, эне, мен мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын куруп кал...
Биз мезгилди бирге жашап жатабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым, сенин батаң катасыз,
Мен, чамасы, жаңылганды оң көрөм...
Энеңизге арнаган саптарыңызда муундардын арасындагы кагылышууну баяндагандайсыз, жашооңузда кагылашуулар көп болдубу?
– Таенемдин колунда чоңойдум, ырдын аты ошол үчүн “Энем Айканга”. Энем жалгыз мени жакшы көргөндөй туюлчу. Басса-турса мага Жараткандан жакшы күйөө, бала сурачу эле. Мен энем каалагандай бактылуу боло албадым. Ошого бир аз күнөөлүү сездим окшойт. Энеме “сиз түшүнгөн бакыт башка, меники башка” деп түшүндүрдүмбү билбейм, ал киши каалагандан такыр башка багытка кетип калдым. Энем ырларымды жакшы түшүнчү. Апам “шалкылдатып эле сүйүү ырларын жаза бересиң, атаң окуйт да аны” дечү. Бирок энем да, атам да менин ырларымды жакшы түшүнчү.
– Чыңгыз Айтматовго жолуккан окуяңызды айтып берсеңиз...
– Орус тилинде жазган жазуучулардын дүйнөлүк форуму Москвада өткөн. Студентмин, 1-курс болчумун. Мен институтту таштайын деп жүргөм. Орус тилин жакшы билбей барганым үчүн аябай кыйналгам. Лекцияда баары акылдуу, мен эле түркөйдөй сезилчү. Ошого аябай арданып жүргөм. Ошол учурда Айтматов менен жолугушуп калдым. Жолугууга барсам, ызылдап орустар ороп алышкан экен, бойлору да узун, мен жетпей секирип, колумду булгалап жатам. Айтматов мени көрүп калды, кыргызды кыргыз тааныйт да. Боюм жетпей секирип жатсам “келегой, кызым” деп мага колун сунуп калды. “Качкыла эле, качкыла” деп орустарды жиреп жанына жетип бардым. Таанышып “эртең ушул жерге кел” деп чакырды. Улуулук – жөнөкөйлүк да, эми ойлосом илмийип турган мени аяп, курсагын тойгузуп алсын деп чакырган окшойт. Жетелеп кирип тамак келгенде мага биринчи берди. “Сиз алыңыз” десем, “сен жейгой” деди. Шорпо ичип жатсам шорулдаганы ага угулуп калгандай ыңгайсызмын (күлүп). 3-4 күн жанында жүрдүм, жан дүйнөм да, курсагым да тойду. Кыйналып жүргөнүмдү байкады окшойт, “окууңду таштаба, кереги тиет” деди. Айтматов айтып жатса деп уялып, окуумду таштабай бүтүрдүм. Тайпалаштарым жакшы болчу, мага түндөп сабакты түшүндүргөндөр болду. Орусчаны ката сүйлөсөм күлүп шылдыңдабай, түздөп кете беришчү.
– Ырларыңызда орус акындары Марина Цветаеванын, Анна Ахматованын стилдери бардай сезилет. Таасирленүүбү?
– Албетте, бул акындар менен атым чогуу аталып жатканына сыймыктанам. Чоң комплимент. Адабиятчы эжебиз Үмүт Култаеванын “Нарсулуунун ырлары орус адабияты менен кыргыз адабиятынын жуурулушуп кеткен жыйынтыгы” деп айтканы бар. Мен поэзияга өзүмдүн үнүм менен келгим келди.
– Сүйүүнү ар түрдүү ракурста баяндап келесиз, ошондой чоң сүйүүгө жолуктуңузбу?
– Сүйүүнү бийик, аяр, суук көздөн коргой турган сезим деп эсептейм. Мен сүйүүнү өзүм чоңойтуп алдымбы, же өзү чоң нерсеби деп азыр сиз суроо берсеңиз ойлонуп кеттим.
– Жолуктуңузбу ошол сүйүүгө?
– Ырлардагы мен, андагы сүйүү дагы меники.
– Бир эле адамга арналганбы?
– Сүйүүнүн да бир нечеси болобу (күлүп)? Менимче, чыныгысы бирөө эле. “Акындар тез-тез сүйүп турушат” дегенге таң калам. Тез-тез менен сүйүү деген сөздү айкалыштыра албайм такыр. Бир эле адамга арналган жакшынакай сүйүүм бар.
– Ал адам реалдуулукта барбы?
– Бир жерде жашап жүрсө керек эми (күлүп). Сүйсө эле менчиктеп алыш керек деп ойлобойм. “Башы аман болсун” деп эле коём. Сүйөт десе эле үйлөнүп жетелешип жүрүп чогуу арып-карыптыр деген түшүнүк бар бизде. Андай болбой калышы да мүмкүн. Аны да татыктуу көтөрүш керек.
– Калемиңиз курчуй берсин, мекен сиздей акындарга муктаж, кайда болсоңуз да бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева