Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «СҮЙҮҮ ЖАЗЫ» ЫРЫНЫН ОБОНУ ТҮШҮМДӨ ЖАРАЛГАН»

Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,

Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?..”
Обону менен окудуңузбу? Ооба, сөзүнө обону төп келген бул ыр качан жаралган болсо да, азыркы күнгө чейин көпчүлүктүн жүрөгүнөн өчө элек. Бул жолу "Сүйүү жазы” ырынын жазылуу тарыхын кеп кылабыз.

Аида Эгембердиева, акын, филология илимдеринин доктору: “РОЗА КАРАГУЛОВА КЫРГЫЗДЫН ТӨКМӨЛӨРҮНДӨЙ ТӨГҮП, ЖАЗГАН АКЫН БОЛЧУ”

– Роза Карагулова 70-жылдары адабиятка келген күчтүү муундун өкүлү. "Аң-сезим сели" деп коёт, кыргыздын төкмөлөрүндөй төгүп, жазган акын болчу. Мунун өзү ырларынын турушунан, ыргагынан, маанайынан көрүнөт. Өзү дагы жөн эле сүйлөп жатып капысынан эле бир топко чейин "Манастан" үзүндүнү жатка айтып барып токтогон, үлбүрөгөн мүнөзү бар, бирок терең, баамчыл, мээримдүү киши эле. Айрым башка акындардай Чыгыш менен Батышты келиштире өздөштүрүп анан адабий тажрыйба алган эмес, ага караганда өзүнүн улуттук көрөңгөсү артык, табигый акын болчу. Дүйнөлүк жазуучулардан чилилик мугалим акын, учурунда “Нобель” сыйлыгын алган Габриела Мистралды жакшы көрчү. Кайсы бир деңгээлде жөнөкөйлүгү, жупунулугу, басмырттыгы жагынан ага окшошуп кетет. Дүйнөлүк адабиятты жакшы билди, бирок ошол таасирлердин туткунунда калган жок, поэзиясында улуттук нерсе бекем өзөк катары сакталып калды. “Кыз дүйнөсү”, “Көл тынышы”, “Жолдо”, “Тынчы жок талаа”, “Капчыгай” деген китептери жарык көргөн. Көзү өткөндөн кийин 70 жылдыгын утурлай, жогорудагы китептердеги ырларды ирети менен жайгаштырып, эң башына кийинки жазылган ырларын коюп, ыр китебин түздүм эле. Редколлегия түзүп, Асан Жакшылыков агайдан суранып китепке баш сөз жаздырып, китепти Жумадин Кадыров менен сүйлөшүп "Бийиктик" басмаканасынан алгач бекер чыгарганбыз. Кийин 2-3 айдын ичинде тыйынын төлөп бүттүк. Ал китептин аты – "Жаңырык". Акындын ыр жазып жүргөн чоң калың дептеринин баш жагында ушул сөз жазылыптыр. Өзүнүн көзү тирүү болсо деле, менимче, ушундай атамак. Китепти окурман журту жакшы кабылдады. Дегеле Роза Карагулова өз элинин сүймөнчүк акыны. Жалпы кыргыз аялдар поэзиясын изилдеп келаткан, ал тууралуу докторлук диссертация коргогон мен үчүн акындын мурасы азыр деле чети оюла элек кенч.

Роза Карагулованын “Сүйүү жазы” аттуу ырына көрүнүктүү обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаков обон жазган. Анын жаралыш тарыхы тууралуу бир маегинде Түгөлбай агай бизге бул обон түшүндө жаралганын айтып берген эле. Роза эже менен көп сүйлөштүк. Өз оозунан бул ырдын жазылышы тууралуу укканым эсте жок. Бирок өзүнүн бир айылдаш жигитин жакшы көргөнүн, студент кезде ошону ойлоп эле санааркай берсе, Беганас Сартов: "Ушул сен сүйгөн жигит кандай неме болду экен?"- деп жанына дагы бир баланы алып, атайын аны көрүш үчүн Таласка Көк-Дөбөгө барып келгенин күлүп айтып калчу.

Улукбек Макешов, Роза Карагулованын уулу: “БУЛ ЫРДЫ АПАМ БАШ КОШО ЭЛЕКТЕ АТАМА АРНАП ЖАЗГАН ЭКЕН”

– Өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягында Улуттук университеттен окууну аяктагандан кийин апамды 2 жылга Нарын облусунун Кереге-Таш деген айылына мугалим кылып жиберишет. Ошол кезде апам атам менен жаңы таанышып жүргөн кез экен. Бирок апам атама эч нерсе айтпай эле кетип калат. Алыскы айылда сабактар бүткөндөн кийин үйгө бир адырды ашып барчу экен. Жазында адыр жапжашыл болуп, ар кандай гүлдөр ачылып, күн батып жатканда кооз көрүнүш болчу экен. Жаздын бир кечинде ошол адырдын үстүндө туруп атамды эстеп "Сүйүү жазы" ыры жаралат.

Атам бир жыл өтпөй шаардан ар кимден сураштырып отуруп Кереге-Ташка жөнөйт да, ошол жактан баш кошушат. Атам ырды угуп ошол адырга барып, чоң фанерге май боёк менен кооз адырды, ал жерде апамдын сейилдеп жүргөн сүрөтүн тартат да, жанына өзүн тартып коёт. Апам “ал жерде сен жанымда жок эмес белең?” десе, “мен ар бир секунд сенин жаныңда болчумун” дептир. Ошол сүрөт көп жыл биздин үйдө илинип турду. Бул окуяны эжем айтып берген эле.

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “СҮЙҮҮ ЖАЗЫНАН” КИЙИН ТҮШҮМДӨ ОБОН ЖАРАЛГАН ЖОК”

– Роза эже 1970-жылдардагы кыргыз поэзиясына өзүнчө чыйыр салган, эркек акындар таба албай турган, алардын оюна да келбей турган саптарды таап келген мыкты акын кыздарыбыздын бири болчу. Бул “Сүйүү жазы” ырын башка ырларымдан бөлүп карайм. Анткени мунун обону түшүмдө жаралган. Менин бир нече түшүм туш келди. Андай түштөрдү таң агарып келатканда көрчүмүн. Бирөөнү гана түн ортосунда көрдүм. Ошондо обон жаралды. Ал кезде ресторанда иштеп жүрчү элем, түшүмдө ресторанда музыкалык аспапта бир белгисиз обонду кайталап токтойм. Залдан бирөө келип, “азыркы обонуңду ойноп койчу” дейт. Ойнойм. Дагы бирөө сурангандай болот. Дагы ойнойм. 2-3 жолу кайталап ойногондон кийин ойгонуп кеттим. Ойгонсом, ошол обон кулагымда жаңырып жатат. Ал түнү Амандыкында (акын, сынчы, котормочу Аман Токтогулов) жаткам, балдары жаш. Аларды ойготпоюн деп нота барагымды алып сыртка чыктым. Үйдүн жанындагы карагайда жер-суунун баарын жарык кылган бир лампа бар эле, ошонун жарыгында жанагы обонду жаздым да, кайра жатып алдым. Эртең менен ойгонуп, түндөгү обонду таптакыр эстей албай койдум. Жазган барагымды карабай көпкө чейин көгөрдүм. Ал кезде эс-тутумум ойдогудай болчу. Бирок эске түшчүдөй эмес. Ошондо баракты карадым. Жазып койгонума ушунчалык кубандым. Анткени ыкшоолонуп “эртең деле жазармын” деп жатып алсам, бир обондон айрылмак экенмин.

Анан бул обонго сөз издедим. Көп эле акындардын ырларын карадым, обонго эч биринин мүнөзү, айтайын деген ою төп келбей жатты. Беганас Сартов деген жазуучу агабыз бар эле. Ал киши “Тоо жылдызы” адабий музыкалык ийримин уюштурган. Ошол жерге барып ийримге катышат элек, Роза эже да барган экен. Беганас байкеден ырларын сурап алып карасам ушул ыр бар экен. Байкасам, менин обонум үчүн жазылгандай. Ошентип түшүмдө жылаңач келген обонду шашпай “кийиндирип, жасап-түзөп”, Роза Карагулованын сөзүнө “баш коштуруп” бактылуу болгула деп узатсам, бат эле элге алынып кетти. Ушул күнгө чейин ырдалып, кошуна элдерге да өттү. Андан бери түшүмдө обон жаралган жок.

СҮЙҮҮ ЖАЗЫ

Сөзү: Роза Карагулованыкы

Обону: Түгөлбай Казаковдуку

Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,

Салкын тартып карааның менден узады.

Кетпе алыска, кетпе менин, жаштыгым,

Тумчуктурба, агызып шарын ызанын.

Кайырма:

Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,

Сен кайда кеткенсиң, асылкечим,

Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,

Сен качан келесиң, асылкечим?

Тереңдерден балбылдап сезим бермети,

Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.

Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,

Аппак жаандай тилектер жаап басылат.

Кайырма:

Биз бөлүндүк жамгырлуу жаздын түнүндө,

Кош айтыштык апакай кайың түбүндө.

Андан бери жылдар өттү тизилип,

Келатасың ыр болуп менин үнүмдө.

Кайырма:

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан