ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 9-майдан 15-майга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада өзүңүздүн аброюңузду коргоп, атүгүл иштеги маселеде компетенттүү экениңизди ырасташыңыз керек болот. Алыска иш сапарга чыгуу үчүн ийгиликтүү жума. Башкалардын көйгөйүн чечүү колуңуздан келсе жүз бурбаңыз, сиз кол сунган адам жардамыңызды унутпайт. Жакынкы келечекте акча табуу үчүн эмес, аброюңуз үчүн иштейсиз. Жеке мамиледе жаңы таанышууларга кабылып же мурун таарынышып кеткен сүйүктүүңүз менен элдешишиңиз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жумушуңузга байланыштуу көптөгөн бизнес баарлашуу, көңүл ачуу, кызыктуу жаңылыктар, келечектүү таанышуулар көңүлүңүздү көтөрөт. Бүт энергияңызды жумушка жумшап баалуу кызматкер экениңизди далилдейсиз. Апта ортосунда бүтпөгөн иштер пайда болуп, тез арада иретке келтирүүгө туура келет. Дем алыш күндөрү гардеробуңузду жаңыртууга же үйгө керектүү нерселерди сатып алууга ыңгайлуу учур.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Сиздин жагымдуулугуңуз, сүйкүмдүүлүгүңүз нормадан ашып ар бир адамдын суктануусуна, көңүл буруусуна тушугасыз. Жумуштагы окуялар да сиздин пайдаңызга иштейт. Кыялдарыңыз акырындан орундалып жатканына ишене берсеңиз болот. Үй-бүлөлүүлөр чоң иш баштаардын алдында жакшы эс алып алганы туура, анткени жакынкы күндөрү жасалчу жумуштарды бүтүрүүдө көп энергия сарпталат. Бойдок эгиздерге кол үзгөн адамы жарашууну сунуштаса баш тартканы оң, анткени сезимдер баштагыдай ысык болбойт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жумушта энергияңызды бекер чачпаңыз, ар ишти так аныктап алганыңыз оң. Жетекчиңиз менен кызматтан көтөрүү же айлык маянаны көбөйтүү тууралуу маселени сүйлөшсөңүз болот. Апта ортосунда жумушта чыңалуу пайда болушу мүмкүн, андыктан бул күндөрү маанилүү ин-чараны пландаштырбай турганыңыз туура. Жеке мамиледе сүйүктүүңүз менен кызганычтын айынан араздашып кетпегенге аракет кылыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Пессимист болбогонго аракет кылыңыз. Үй-бүлөлүү арстандар балдарына өз оюн таңуулап же ага жакпаган нерсени мажбурлап жасатуудан абайлаңыз. Аягы бармак тиштөөгө алып келиши мүмкүн. Баары өз ордуна келет бирок сиз күткөндөй тез эмес. Биринчи жолу таанышкан адамыңыз менен баарлашууда этият болуңуз, башкалар жөнүндө ашыкча сүйлөп алып кийин өзүңүз зыянын тартып калышыңыз ыктымал. Дем алыш күндөрү тоого чыгып, жөө басып таза абада эс алсаңыз болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Өзүңүздүн инсандык ордуңузду билдире турган жемиштүү иштерди жасайсыз. Жумуш ордун которуу оюңузда болсо, бул жума шашылбаңыз. Бойдок бийкечтер болочоктогу түгөйүңүз үй-бүлө түйшүгүн сизге жүктөп коюшун каалабасаңыз назик болуп, эмитеден анча-мынча жумуштарды ага тапшырганыңыз оң. Чыгармачыл бийкечтерге эркиндик, убакыт көп берилсе укмуштуудай идеяларды ишке ашыра алышат. Дем алыш күндөрү коомдук иш-чараларга катышуудан баш тартпаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ишкерлердин бизнеси ийгиликтүү өнүгөт, туруктуу кардарлар пайда болуп ишкерлик чөйрөңүздү кеңейтесиз. Маанилүү чечим чыгаруу алдында турсаңыз алтынчы туюмуңузду угуңуз, ал сизге калп айтпайт. Никедеги түгөйүңүз көп убакытка алыска сапарга чыгуусу күтүлөт, андыктан сагынуу, күтүү, кусалык сезимдерине кабыласыз. Эмоционалдуулук көп маанилүү чечимдерди кабыл алууда тоскоол болот, андыктан ачууланбай чечим чыгарыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Өзүңүздүн мыкты кесипкөйлүгүңүздү оңой далилдеп, жаңы жагымдуу жумушка иштөо сунушун аласыз. Чыгармачыл кесип ээлери үчүн жакшы апта болот. Сиздин кайсы бир адамдарга болгон мамилеңиз маанилүү ролду ойноп, ал тууралуу айткан божомолуңуз туура чыгат. Үй-бүлөлүү чаяндар үйүндөгү түйшүктөрдөн арылуусу үчүн алгач чоң көйгөйлөрдү чечиши зарыл, майдалары өзүнөн-өзү чечилет. Дем алыш күндөрү сүйүктүүңүз менен романтикалуу жолугушуу уюштурсаңыз болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Тамашакөй, сүйкүмдүүлүгүңүз көптөгөн иштерди бүтүрүүдө оң таасирин тийгизет. Юристтер, котормочулар жана эсепчилер жумуш ордунда ийгиликтерге жетип кызмат ордунан көтөрүлүүсү мүмкүн. Апта ортосунда түгөйүңүз менен таарынычтар болуп үй-бүлөдө чыр чыгышы ыктымал. Сиз биринчи компромисске барып абалды жайгарганыңыз туура. Эс алуу күндөрү алыскы тууганыңыздыкына конокко барып сырдашып келиңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өзүңүздүн күчүңүзгө ашыкча баа бербеңиз, бүтүрөм деп алган жумушту убагында тапшыра албай жоопкерчиликсиз атка коносуз. Жумушта кесиптештердин кеңеши, жамааттык колдоо менен көп ийгиликти багындыра аласыз. Акчаңызды үнөмдүү пайдаланыңыз, баарын бир учурда коротсоңуз түгөйүңүздүн ачуусуна тийип аласыз. Апта ортосунда шашылыш чечимдерди кабыл алууга туура келет. Эс алуу күндөргө эч нерсе пландабаңыз, анткени маанайыңыз кескин өзгөрүп кетиши ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Көңүлүңүз сүйгөң жумушту жасаңыз, жакпаса ал жоопкерчиликти алуудан баш тартыңыз. Анткени жумуштун жыйынтыгы сиздин каалооңузга, маанайыңызга жараша болот. Жамаатта жеке кызыкчылыкты коргоп айрым кесиптештер менен кайым айтышканга туура келет. Бойдок суу куярлар виртуалдык дүйнөдө таанышкан адамы менен жолугуп, мамилеси чыныгы жашоодо уланат. Эс алуу күндөрү сүйүктүүңүз же достор менен кечеге баруудан баш тартпаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Юридикалык документтерди бүтүрүүгө ылайыктуу жума. Сот иштериңиз болсо ийгиликтүү өтүп сиздин пайдаңызга чечилет. Сизди коптөн бери түйшөлтүп жүргөн маселеге чекит коюлуп, андан сен көп суммадагы каражат пайда көрөсүз. Үй-бүлөлүүлөр балдарынын окуусуна басым жасап, билим алуусуна шарт түзүп берүүсү зарыл. Жалгыз бойлордун жеке жашоосунда өзгөрүү күтүлбөйт. Бош убактыңызда эшикте жасалчу жумуштардан эргүү алсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан