(Башы өткөн сандарда)
Жакындашуунун аркасы Эркин үчүн тозоктун оту болчу. Бирок өрттөнгүсү келди, токтоно албады. Өзүнөн-өзү ырларды жазчу болду. Ичине батпай жаткан ойлорду, жүрөгүн жарып чыга тургандай кумарды, сүйүүнү ноутбугуна жазчу болду. “Жаным” деген ат койду ал күндөлүгүнө...
– Жаным, ушундай сүйүү башыма келет деп эч ойлобоптурмун. Менин аркамдан чуркаган эчен кыздар болду. Ашык болушту. Сүрөтүмдү чаптап алып тиктеп жаткандарын айтышчу. Түшүнө киргенимди жазышчу. Бирок мен алардын эч бирин сүйүү деп эсептечү эмесмин. Күлкүм келчү, кээсин ачык эле шылдыңдачумун. Өз башыма келгенге чейин түшүнбөдүм. Мен азыр мурун келесоолук деп эсептеген бардык нерсени жасаганга даярмын. Сага арнап бир нерселерди чиймелеп отурганымды бирөө көрсө таң калат болуш керек. Мен таң калбайм. Анткени мен жиндидей сүйдүм сени... Тээ алыстан карап сүйгөндүн өзүнчө азабы, керемети болот экен. Ал эми жакындап келгенде... Сөз менен жеткире албайм, аны сезиш керек. Эх, жакындап келгенде жүрөгүмдө сел жүрүп жаткандай сезилет. Бирөөнү ушунча сүйөм деп ойлогон эмесмин. Мындай сүйүү мүмкүн эмес деп ойлогом. Эртең менен таң атпай бакчадан гүл терип барып эшигиңе илип кете тургандай сүйө алат экем, көрсө. Романтика жана мен... Айкалышпаган нерсе... Бирок азыр романтикмин. Жүзүң күлсүн деп клоун болгонго да даярмын. А сенин жүзүң кээде гана күлөт. Ага да мен күнөөлүүмүн!
Кызык, сулуу экениңди билбей туруп сулуу турушуң кандай сонун?! Жылмайган сага кандай жарашарын билбей туруп, жылмайганыңчы... Ичим эзилип кетет. Эч кандай эсепсиз, мени болгонумдай кабыл алганың андан да керемет. Бир да жолу “ата-энең ким, канча айлык аласың, үйлөнөлү, мени кантип багасың?” дегендей суроону көзүңдөн көргөн жокмун. Башка кыздардын мээсинде дайым жанып турган суроо сенде жок. Сен дүнүйөнү тебелеп жүрүп өскөндөй токсуң. Аялдык ач көздүк жок. Акча менен эч кандай маселең жок. Болгонуна кайылсың. Анткени сени ушундай көл адам тарбиялаптыр. Атаң тарбиялаптыр сени. А менин атам мени эч тарбиялаган жок. Бардыгын даяр кылды, бирок мээрим берген жок. Рухумду ачка калтырды. Эч нерсени талдай бербегениң кандай сонун?! Бир аз эле казып баштасаң... Аны ойлогондон коркконумдан каным муздап кетет. Ушундай боюнча кал, жаным. Сулуу жүз эле эмес, сулуу рухуң менен кал. Ар бир кыймылыңды тиктеп отургандын өзү ырахат.
Кечээ ыйладың. Атаңды эстеп кеттиң, ыйлаган бир адамга ушунча жарашарын билген эмесмин. Токтоткон жокмун, эмне деп айтмакмын? Жөн гана тиктеп отурдум. Бир аздан соң жылмайдың. Жылмайганыңды жамгыр төгүп жиберип күн чайыттай ачылып кеткенине окшоттум. Дароо жылындым нуруңа. Колдоруңду кармадым. Ипичке, назик! Ошол колдоруң менен чачымды сыладың. Ыйлоого менин кезегим келди. Бирок чымырканып көзүмдөн жаш чыгарган жокмун. Жүрөгүм ыйлап жатты. Мындай сүйүү менен мени эч ким чачымдан сылаган эмес. Апам дагы. Ушунчалык мээрим бар... Биздин балдарыбыз болуп калса кандай бактылуу болушат. Сендей апасы бар... Бул ойлор ушунчалык коркунучтуу дагы, таттуу дагы. Сени сүйөм, жаным!
Эркин ушинтип жазчу. Ал Айсулууга арналган жазуусун ар түрдүү тилде жазат. Кокус апасы окуп калбасын деген ойдо англис, кээде түрк тилинде жазчу. Кыргызча да жазар эле. Жазып алып кайракайра өзү окучу. Айсулууга жашыруун кат жазуу анын хоббисине айланды. Бул нерсени ал эч качан окубайт дечи... Ошентсе да...
Апасы санаалуу. Жок дегенде атасы билсе, балким, туңгуюктан жол таап чыгат беле деп ойлоп коёт. Кандай дегени менен Аскар акылдуу адам. Аны Сүйүн билчү. Баласына айтты эле чок баскандай секирип кетти.
– Атама угузба. Ал кандай адам экенин билесиң. Айсулууга бир залал берет. Өзү үчүн эч кимди аябайт ал, билесиз.
– Атаң да, балам. Жамандыкка кыйбайт сени.
– Анын кандай ата экенин сиз экөөбүз жакшы билебиз. Өзүнүн ар-намысы үчүн киши өлтүргөнүн да билебиз.
– Антип айтпа, балам.
– Кантип айтайын? Ал болбосо сиз, мен, Айсулуу ушунча азап чегет белек?
– Мен кандай кыларымды билбей калдым.
– Мен билем. Айсулуунун колун сурадым. Ал бүгүн жообун берет.
Сүйүндүн көзү чакчайып кетти. Уулуна жалынды, жалбарды, бир аз ойлонушун суранды. Эркин аны уга турган абалда эмес болчу.
ххх
Башка бир үйдө кыз менен эненин ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатты.
– Үч айдан бери эле тааныган адамга сен кантип турмушка чыгасың? Баш-аягы жок бул кандай колуңду сурап жатат?
– Эмнеге баш-аягы жок?
– Кимдин баласы, кандай үй-бүлөдөн чыгыптыр, билели.
– Мен үчүн маанилүү эмес, апа, мен кыйын жердин кызы болсом териштирсем болот эле.
– Ата-энеси менен жолукпай кантип турмушка чыгасың? Тоюң да болбойбу?
– Менин билгеним мага жетет деди Эркин. Мага да жетет. Тууган-уругуна, ата-энесине баш оорутпайм. Тойго такыр эле баш оорутпайм.
– Жок дегенде фамилиясын айтчы, Инстаграмдан издеп көрөйүн.
– Апа, баракчасында үй-бүлөсү тууралуу эч нерсе жок. Бекер убара болбо. Биз сүйлөштүк, ата-энебизди аралаштырбай эле расмий никеге турган күнү чет өлкөгө кетебиз. Анын ал жакта жумушу сүйлөшүлгөн, ошол жакта жашайбыз, калганын дагы көрөбүз.
– Сен соо эмессиң! - деди Альфия кызынын албырып турган жүзүнө шектүү тиктеп.
– Сенин башыңды айлантып алган окшойт. Сен мындай эмес элең, жети өлчөп бир кескен токтоо, акылдуу кызым кайда? Жок дегенде анын кесиби эмне экенин билесиңби? Балким, бир аферист болуп жүрбөсүн?
– Ал менден “үй-бүлөм тууралуу эч нерсе сураба” деди. Мен да андан өтмүшүмдү сурабашын өтүндүм. Макул болду. Билесиз, менин да жашыра турган көп нерсем бар.
– Эгерде сени сүйсө, сенин башыңдан өткөн нерсе сенин күнөөң эмес экенин билиши керек да, Айсулуу. Сен эмнеге аны жашырышың керек?- деди апасы айласы кете.
– Мен анын идеалындагы адам болгум келет. Кирдетким келбейт аны. Ал мени аяп карашын каалабайм. Апа, мен биринчи жолу бирөөнү сүйдүм. Жөн эле сүйгөн жокмун, жан дүйнөм менен байланып сүйдүм. Мени коё бер, эч нерсе сураба. Бактылуу болушумду кааласаң эч нерсе кылба, иликтебе, сураба. Жайыма кой.
– Мен кантип иликтебейм? Сен менин жалгыз кызымсың. Менин сенден башка кимим бар?
– Кызың экенимди кеч эстедиң да, апа.
Альфия бетке чапкандай боло түштү. Дайыма ушинтет. Көзүндө, сөзүндө, мамилесинде ушул таарыныч турат. “Сен мага жакшы эне болгон эмессиң” деген ачыктан ачык күнөөлөө бар кызда. Өңү бозоро түштү. Муну Айсулуу да сезип калды. Бирок апасынын жанына барып кечирим сурап же кучактай албады. Экөөнүн ортосунда билинбеген дубал дайым турчу. Экөө тең бул дубалды жарып өтө алышчу эмес.
– Атам болсо мени түшүнмөк...- деди кызы акырын гана.
Кечирим сураганы ушул болду окшойт. Альфия эч нерсе дей албай сумкасын алып чыгып кетти. Машинесине барып тынч ала албады. Ким бул Эркин? Кантип тез арада кызынын башын айлантып алды? Эмнеге эч кимге жарыя кылбай, ата-энесине да кабар кылбай шашылыш үйлөнгөнү жатат? Машинесин четке тартып, ошол күнү тиги жигитти көрмөй болду. Кечке жуук кепкасын көзүнө түшүрө кийген жигит үйүнүн жанында пайда болгонун көрдү. Эркин ушул экенин алтынчы туюму менен сезди. Жүзүн эч эле көрө албай жатты. Бир кезде Айсулуу чыгып келе жатканда кепкасын өйдө көтөрө берип күлүмсүрөп калды. Даана көрдү жүзүн! Альфиянын жүрөгү токтоп кала жаздады. Жазбай тааныды. Аскардын уулу! Көргөн, эсинде. Ал атасынын көчүрмөсү болчу. Дал атасындай келишимдүү, жүзү сулуу! Ал тургай көздөрү да ошого окшоп жарк этет тура. Кимдир бирөө бомба таштап жибергендей болду.
ххх
– Кайда баралы?- деди күлүңдөгөн Эркин.
– Тоого.
– Кеттик.
Айсулуу алдыртан Эркинди карап бара жатты. Апасы айткандай эч кандай аферисттин образын көрө албады. Эмне десе, кандай айтса жүрөктөн айтып жатканын сезчү. Мынчалык көпкө маска тагынуу мүмкүнбү? Ата-энеси тууралуу сурагысы келди. Бирок алар тууралуу сурабайм деп сөз бербеди беле? Айсулуунун башкача карап жатканын байкады окшойт, Эркин кылчая карап жылмайып койду. Ушунчалык жылмайганы жагымдуу адам болобу, Айсулуунун жүрөгү тыпырап кетти. Биринчи жолу кызганыч таарып өттү жүрөгүн. Башкалар ушу жылмаюуну көрбөсө деп тилеп жибергенин байкады.
– Мен макулмун!- деп жиберди.
– Эмнеге макулсуң?
– Үйлөнөлү!
Шашканынан Эркин тормозду шак тээп алды. Машина тез токтоду эле, экөө тең силкине түштү. Коркуп кетти кыз.
– Чын элеби? -деди Эркин.
– Мен макулмун. Баары сен айткандай болсун.
– Жаным!
Ушундай эзилип айтты жигит. Жыргап жолун улашты. Алар бул күнү аябай бактылуу эле. Деле өмүрлөрүндө бирөөгө төгүлүп-чачылып сырын айтпаган кыз Эркинге бардык нерсесин айтып жатты. Бир гана каргашалуу түн тууралуу үндөбөдү. Мындан Эркин да коркуп турган, ичинен “ошол нерсени айтса мен эмне кылам?” деп коркунучтан жанын жеп жатты. Айсулуу айта албады. Таптаза сүйүүсүн булгагысы келбеди. “Чет өлкөгө кетип калабыз, жашоону башынан баштайбыз, баары жакшы болот. Мен да бактылуу болом” деп ойлоп турду. Бакыт көзүнөн чууруп, ай аалам ага ажайып сезилди. Аалам кооз, жүрөгүндө бакыт, жүзү толо күлкү эле экөөнүн...
(Уландысы кийинки санда)