Светлана Акматалиева, диктор: “ТАШТАНДЫ ТӨГҮҮГӨ ДА БОЁНУП ЧЫГАМ”

Белгилүү диктор, теледебаттардын жүзү, эфир жылдызы Светлана Акматалиева көп жылдан бери КТРКда иштейт. Ал “телевидениедеги бардык этаптарды басып өттүм, учурда сүйгөн жумушумдан ырахат алып гана жашайм” дейт. Диктордун кызыктуу маегин төмөндөн окуңуз.


– Куш келипсиз, Светлана! Алгач телевидениеге кантип келип калганыңыз тууралуу кеп салып берсеңиз?

– Көрүшкөнүмө кубанычтамын. Негизи эле журналисттик кесипти тандоомо атам себепкер болгон. 11-класста окуп жүргөндө дарыгер болсомбу же дипломатпы деп ойлонуп жүргөнүмдө атам “журналистика факультетине тапшырып көрбөйсүңбү” деп калды. Атамдын сунушу менен Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык журналистика багытында окуп калдым. Жыл сайын жайында кайсы бир медиада практика өтүшүбүз керек болчу. 1-курста “Европа плюс” радиосунда жаңылык даярдап, 2-курста НТС телеканалында кабарчы болуп практикадан өттүм. КТРК телеканалына 2009-жылы практика өткөнү келдим, ошондо мени жактырып калышып жумушка алып калышкан. Быйыл бул телеканалда эмгектенгениме 12 жыл болот. Башкы телеканалдагы 12 жыл жумушумда журналист басып өтчү бардык этаптардан өттүм, штаттан тышкаркы кабарчыдан баштап саясий теледебаттардын алпаруучусуна чейин өстүм. Учурда сүйгөн жумушумдан ырахат алып гана жашайм, мага ушул жагдай, атмосфера жагат. Мен телевидениеден өзүмдү таптым десем болот.

– Саясий теледебаттарды алпарасыз, кесибиңиздин профессионалы болсоңуз деле түз эфир учурунда кабатырланасызбы?

– Алпаруучуда кабатырлануу кайсы бир нерсе пландагыдай, ойдогудай болбой жатканда болот. Мисалы, бир окуяны айтып берейин, кесиптешим Алмаз Касымалиев экөөбүз ЖККУнун саммитин Президенттик резиденциядан түз эфирде алпарып калдык. Президенттер унаасынан түшүп келгенден баштап баяндап жатканбыз. Сүйлөп жатсак Владимир Путиндин унаасы жок, эфирди токтото албайсың, жарнама койгонго да болбойт биз кесиптешим экөөбүз Путиндин унаасы келгенге чейин 54 мүнөт тынбай сүйлөп турганбыз. Бул менин эң эсте калган түз эфирим. ЖККУ уюму тууралуу билгенибизди, тарыхынан баштап баарын айтып чыктык. Өзүмдү бул уюм боюнча мыкты эксперт катары эсептей берсем болот окшойт эми. Ушундай учурларда сөзсүз стресс болосуң, кабатырланасың, бирок журналист кандай учур болбосун жагдайдан чыгууну билиши керек.

– Теледебат учурунда сизди оңтойсуз, ыңгайсыз абалга кептеген окуялар болгонбу?

– Түз эфир деген түз эфир да, ыңгайсыз окуялар көп эле болот. 2020-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкерлердин дебатын алпарып жатканда жарык өчүп калган. Ошондо көбү “бул теледебатта жеңүүчү – "Түндүкэлектро" болду” деп жазып чыгышканы эсимде. Убактысы боюнча менин эң узун дебатым 3 саат 46 мүнөткө созулган. Ошол эфирим эсимден кетпейт, анткени 4 саатка жакын бийик шиш така менен бир жерде туруу кыйын болду. Белим ооруп, буттарым кадам шилтей албай кыйналгам. Мындай учурлар үчүн жанымда дайыма ооруну басуучу дары алып жүрөм.

– Журналисттин жумушу оор, убакыт ылгабайт, түнү-күнү иштеген учурлар болот, бул нерсеге жакындарыңыз кандай карайт?

– Мен жакындарыма рахмат айтышым керек, айрыкча ата-энеме. Алардын колдоосу болбосо мен эч качан азыркы Светлана Акматалиева болмок эмесмин. Ата-энемдин колдоосу мага дем-күч, мотивация берет. Кичүү баламдын кыркы чыга электе балам, ата-энем менен Ысык-Көлгө барып экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышын алып баргам. Апам кыркы чыга элек балама бөтөлкөдөн сүт берип карап жүрсө, атам мени ары-бери ташып айдоочум болуп жүргөн. Балам 4 айлыгында 2016-жылы Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарынын дебатын алып баргам. Ата-энем балдарымды карабаса мен баарына кантип жетишмек элем билбейм. Ата-энемдин жалгыз кызымын, ошон үчүн да аларга сүйүктүү неберелерин кароо кубаныч тартуулайт. Жолдошум тараптан да “эмнеге кеч келесиң, каякта, ким менен жүрөсүң?” деген шектенүүлөр болгон эмес. Айтор, мени бардык тараптан түшүнгөн, колдогон жакындарым үчүн кудайга рахмат айтышым керек. Түнкү бирде келемби же таңкы төрттөбү эч ким доомат койбойт, жумушумду билишет.

– Өзүңүздү айылда жашаган кыргыз келини катары элестете аласызбы?

– Менимче, жок. Атам кыргыз, апам орус улутунан. Экөө көп жыл Орусияда жашашкан. Өзүм Тюмень шаарында төрөлдүм. Мен 7ге чыкканда Кыргызстанга көчүп келгенбиз. Атам стереотиптүү эмес кыргыз, чоң энем эмгек сиңирген мугалим, чоң атам мектеп директору, кыскасы, үй-бүлөм өзүн салт-санаа, стереотиптер менен чектебеген светтик адамдар. Өзүмдү эч качан айылда жашаган кыргыз келини катары элестете алмак эмесмин. Ар бир адамдын идеалдуу жашоо тууралуу элестетүүсү болот эмеспи, айылга келин болуу менин элестетүүмө кирбейт. Атам деле буга каршы болмок.


– Эфирге боёксуз чыгып көрдүңүз беле?

– Эфирди айтасыз да, эфир эмес таштанды төгүүгө да боёнуп чыгам (күлүп). Телевидение – бул визуалдык медиа, адамдар андан сулуу жүздү көргүсү келет. Уйкусу канбаган, боёнбогон, жүдөгөн алпаруучуну экрандан эч ким көргүсү келбейт, туурабы? Биз элдин ошол талабына төп келишибиз шарт.

– Мырзалардан кайсы сапатты баалайсыз?

– Эркек абдан эстүү болушу керек. Каада-салт, стереотиптерсиз эркин жашаган адекваттуу мырзалар жагат. Мырзага сүйлөгөнүнө эмес, жасаган аракетине карап баа берем. Сараң мырзалар жакпайт, мырза сыпайы, аяр, тамашакөй, анан берешен болгону жакшы. Мен азыр бардык айымдардын кыялындагы мырзаны сүрөттөп салдым окшойт (күлүп).

– Эмне жөнүндө кыялданасыз?

– Филология илимдеринин кандидаты болуу үчүн диссертация жазып жүрөм. Ошол диссертациялык ишимди бүтүрүү менин кыялым. Негизи эле мезгил өткөн сайын ата-энеңдин, балдарыңдын, жакындарыңдын амандыгына, сүйүктүү кесибиң бар экенине кубанып ар бир көз ирмемден ырахат алып жашоону кыялданып калат экенсиң.

– Жашоодо эмнеден эргүү аласыз?

– Алдыга жылууга, кол жайып отуруп калбоого балдар мыкты мотивация берет. 11 жаштагы кызым, 6 жаштагы уулум бар. Балдарым менин жашоодогу эргүү берүүчүлөрүм.

– Ишиңизден эргүү алып ийгилик жарата бериңиз! Маегиңизге рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан