БЕБИ БУМЕР, X, Y, Z. МУУНДАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮН БИЛИП АЛЫҢЫЗ

Муундар жылдар өткөн сайын өзгөрүп жүрүп отурат, бул табигый процесс. Бул жолу улуу менен кичүү муундун ортосундагы өзгөрүүлөр, келишпестиктер жана аларды чечүү жолдорун талдайлы деп психолог, мугалим Таникулова Барчынай Кадыркуловнаны чакырдык. Анда кеттик, окурман.

БӨЛҮНҮШҮ

Дүйнөдө башкача бөлүнүшү мүмкүн, бирок өлкөбүздөгү адамдарды төрт муунга бөлүп карап чыгуу керек. 21-кылымдын психологдору муун арасындагы ажырымды бөлүп кароону ойлоп табышкан. Бөлүп чыгып, аларга мүнөздөмө бергенден кийин гана конфликттердин өзөгү өзүнөн-өзү калкып чыккан. Андан кийин муундар арасында конфликттерди чечүү оңой болуп, өз ара түшүнүшүү жеңилдегенин дүйнөлүк психологдор да айташат.

Беби бумерлер

Биринчи муунду “беби бумерлер” деп атайбыз. Булар Ата Мекендик согуштан кийин 1979-жылга чейин төрөлгөн муун. Согушта көп адамдар кырылгандыгына байланыштуу адамзаттын тукумун өстүрүү керек деген идеология ойлонуп табылган. Советтер Союзунун саясаты менен көп бала төрөө идеясы катуу иштеп, буга күчтүү психологдор жардам беришкен. “Биз көп боло турган болсок, Батыш өлкөлөрүнө адамдын саны менен туруштук бере алабыз” деген саясаттын аркасы менен аялдарга көп бала төрөсө “Баатыр эне” наамы бериле баштаган. Өздөрү да байкабай көмүскө туюмга (подсознание) киргизилген программа менен ата-эне 10-12 баладан төрөшкөн. Муундун өзгөчөлүгү – коолективизация. “Бирөөбүз баарыбыз үчүн, баарыбыз бирөөбүз үчүн жооп беребиз” деген пикирде жашашкан адамдардын жеке индивидуалдуулугу көмүскөдө калган. Жекелик деген нерсени жоготушкан. “Балдарыбыздын келечеги кандай болот?” деген ойду да алардын көмүскө туюмунан өчүрүп салышкан. “Ура, мекен үчүн!” деген пафос менен бул муунду сугарышкан жана реалдуулукту көргөзбөй, кооз бир иллюзия менен жашатышкан. Байкасаңыз, улуу муундун өкүлдөрү дагы деле ушул түшүнүк менен жашап келе жатышат.

X муун

Кийинки 1980-жылдан баштап туулган муун “белгисиз” деп аталат. Эмнеге белгисиз? Сиңирилген идеология социализм менен башталып, кийин коом капитализмге баш урган учурда төрөлүшкөн. Аларга сиңирилген идеялар такыр бөлөк, ал эми жашоо шарт такыр эле башка. Ошондуктан булар эмне кыларын, кандай жашаарын билбеген, алдастап өзүн тааныбай калган адамдар. Белгисиздердин өзгөчөлүгү – ата-эне эмнени айтса ошону угуу, улууларга каршылыксыз баш ийүү. Бул түшүнүк менен рамкада чектелип калышкан. Булар бир системдин алкагында жакшы күн кечиришет. Мектептин же коомдун системи менен жакшы жашай беришет, кокус систем иштен чыгып калса, өз алдынча эч нерсе кыла албай калышат. Өз алдынча иш баштоо, бизнес ачуу, белгисиз бир жакка кадам шилтөө "белгисиздер" үчүн өтө кыйын. Сиңирилген түшүнүктөн чыгып, жашоо жекелик үчүн күрөшкөн учурга туш келгендиктен өзүнүн ким экенин, колунан эмне келерин жакшы билишпейт. Эң кыйын абалда калган муун.

y муун

1990-жылдан баштап Союз кулап, эл коркунуч ичинде калган. Туңгуюктан улам ата-эне дүрбөлөңгө түшкөн. Бул жылдары төрөлгөн балдар энесинин ичинен эле көмүскө туюм менен “мен кантип жашап кетем?” деген кооптонуу менен төрөлүшкөн. Энелер балдарын таштап миграцияга агылып, үй-бүлөлүк баалуулуктар алмашып, атанын ролун эне, эненин ролун ата алып калган. 7 жашка чейин баланын дээрине коркуу жазылса, ал нерседен чыгуу кыйын. Коркуу буларга өтө таасир берген. 90-жылдардан кийин төрөлгөн балдарда коркунуч басымдуулук кылат. Бирок өздөрү түшүнүшпөйт. Бирөөгө өзүнүн жашоосунун тизгинин берип коюу алар үчүн өтө кыйын. Көмүскө туюмдан ишеним сезими өчүрүлүп, коркуу жазылып калган. Жакшы жагы – жекелик дегенди жакшы билишет жана күрөшкөндү жакшы өздөштүрүшкөн. Ар биринин көмүскө туюмунда “акча табышым керек” деген ой жашайт. Акчаны жакшы көрүшөт, акчага байланып калганы үчүн руханий байлык артка сүрүлүп калган. Руханий баалуулуктун жоктугунан жабыркашат. Баалуулуктары – акча, эркиндик, бай жашоо. Байып кеткенде деле тапкан акчасынан ырахат албай калуу коркунучу бар. Ал муун чоңоюп ата-эне болушту. Балдары кичине болсо да бала багуучуга же ата-энесине таштап тез эле иштеп акча табууну көздөшөт. Өз кызыкчылыгын биринчиге коюшат, мурунку муундукундай “коом эмне дейт, ата-энем эмне дейт?” деген рамкадан чыгышкан.

Z муундар

2000-жылдан кийинки балдар Z муун деп аталат. Техника өнүгүп, чөнтөк телефондор көбөйгөн заманда төрөлүшкөн. Бул муунду интернет айдыңына салыштырсак болот. Интернетте эмне бар? Ылдамдык, көп маалымат, жашоону жеңилдетүү. Ушул сапаттын баары аталган муунга тийиштүү. Алар баарына кызыгат, аз убакытта көп ишти жасай турган сапатка ээ. Түрдүү нерселерди жасап көргөндөн коркушпайт. Мисалы, 5 жыл окуган, кийин иштеген кесибин алмаштырып, таптакыр башка тармакка өтүп кетүүсү мүмкүн. Эч нерсеге байланбаган, эркин, акылдуу муун деп белгилешет психологдор. Акчага, эски түшүнүктөргө, "эл эмне дейт?" дегенге байланбай, өзүнүн мендигин изилдешет. Көп нерседен коркушпайт, ошол эле учурда байлана турган баалуулуктары да жок. Максаттары – дүйнө элине кызмат кылуу, жаңы нерселерди ачуу, илим-билим алуу, дүйнө кезүү. Сөзсүз үй-бүлө куруш керек деген түшүнүктөр да жок. Байкасаңыздар, бул муун оюңа келбеген нерселерди айтып коюшат. Төрөлгөндөн эле өздөрү эмне каалаганын билген жана чынчыл муун. Бет кап кийгенди жакшы көрүшпөйт. Z муундун өкүлдөрүн бир нерсеге мажбурлоо туура эмес. Алар кайсы учурда эмне керек экенин өздөрү биле алгандар.

альфа мууну

Азыр төрөлүп жаткан муун, али изилдене элек. Бирок булар Z муундан да акылдуу муун болот деген божомолдор бар.

Өзүңүздү изилдеңиз...

Муун арасында түшүнбөстүктөр болуп келген. Бул макала сизге кызыңызды же уулуңузду, ата-энеңизди же чоң ата-чоң энеңизди түшүнүү үчүн "шпаргалка" болуп берет деп ишенебиз. “Ал эмнеге минтип ойлонот, реалдуулукта мындай да” деген кыжырдануунун ордуна ал муун эмне менен сугарылганын эстеп койсоңуз конфликт өзүнөн-өзү жоюлуп кетет. Муун арасында түшүнүшүү болуусу үчүн адам өзүн-өзү анализдөөсү керек. Өзүн-өзү өстүрүү курстарына жазылып, же психологго баруу, же китептерди окуу жардам берет. Ошентип биз конфликтсиз муундар деген түшүнүккө өтөбүз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан