ВИЧ/СПИД МЕНЕН ООРУГАН АЯЛДАР ДЕНИ САК БАЛАЛУУ БОЛО АЛЫШАБЫ?

Статистикага көз жүгүртсөк, Кыргызстанда ВИЧ/СПИД менен ооругандардын саны 2007-жылдын 1-июнуна чейин 1193 адамды түзгөн. Мунун ичинде 1083ү Кыргызстандын жараны жана анын 95ине СПИД диагнозу коюлган. Буга чейин ВИЧ/СПИДден 137 адам көз жумган. Ал эми 46 кош бойлуу аял ВИЧ/СПИД менен катталган. 8и аборт жасаткан. 38и төрөп, булардын 24ү кош бойлуу кезинде антиретровирустук химиялык алдын-алуу дарылануудан өткөн. Төрөлгөн 38 баланын үчөөсүнөн ВИЧ инфекциясы аныкталган. 14 бала 18 айдан кийинки текшерилүүдө ВИЧ инфекциясы табылбаган соң таза делинип, кат­тоодон чыгарылган. Калган балдар 18 айга толуша элек болгондуктан, диспансердик көзөмөлдө турушат. Ошентип, бүгүнкү күндө өлкөбүз­дө ВИЧ диагнозу коюлган 7 бала бар. Булардын үчөө антиретровирустук химиялык алдын-алуу дарылануудан өтүүдө.
Учурда жалпысынан антиретровирустук дарылануудан Кыргызстан боюнча 62 ВИЧ/СПИД менен ооруган адам өтүп жатат. Аталган дарылоо ВИЧтен СПИДге өтүү этабын кечеңдетет, адамдардын өмүрүн узартат ж.б.

Балалуу болуу аялдын өз эркинде

Аял ооруп же башка себептер менен анализ тапшырганда андан кокустан ВИЧ диагнозу аныкталса, анда ал аял жашаган жерине жараша облустук СПИД борборуна каттоого алынып, ал жерден убак-убагы менен акысыз текшерилүүдөн өтө алат. Антиретровирустук химиялык алдын-алуу дарылануудан да бекер өтө алат. Эскертүүчү нерсе, аялдын аты-жөнү анонимдүү сакталат жана тиешелүү медициналык кызматкерден тышкары эч ким билбеген бойдон калат. Бул тууралуу атайын мыйзамдарда жазылып көрсөтүлгөн.
ВИЧ инфекциясын алып жүргөн аял эне болуу бактысын сезгиси келсе, анда балалуу болуу өз эркинде. Бирок, балалуу болуу чечимин кабыл алуу менен болочок баласынын денсоолугу менен өмүрүнүн жоопкерчилигин өз моюнуна алган болот.

Кош бойлуу учурунда

ВИЧ/СПИДге текшерилүү дарыгердин жолдомосу, аялдын өз каалоосу менен үйбүлөлүк медициналык борборлордо, облустук жана Республикалык СПИД борборунда жүргүзүлөт. Аялдын боюндагы түйүлдүккө 28 апта болгондо аял химиялык-профилактикалык дарылануудан өтө баштайт (аялдын макулдугу менен). Дарылар СПИД борбордон бекер берилет. Химиялык-профилактикалык дарылоону вирустун энеден балага өтүп кетпөөсү үчүн алдын-ала жүргүзүлгөн иш-чара деп түшүнсө болот.

Төрөт

Аял жашаган жерине карата облустагы же Бишкектеги СПИД борборунда каттоодо турган болсо, анда ал жердеги кызматкерлер аялдын качан төрөөрүнөн маалымдар болушат. Төрөт үйүндө да аялдын аты-жөнү анонимдүү сакталып, оорулуу экендигин өзүн төрөткөн врачтан башка эч ким билбеген бойдон калат. Башкача айтканда, аял психологиялык эч кандай жабыркоого учурабай, башка аялдардай эле камкордукка бөлөнө алат.
Бала төрөт жолдору (жатын моюнчасы, жыныс кыны) аркылуу чыгып жатып, энесинин жыныс кынынан бөлүнүп чыккан суюктуктардан жана канынан ВИЧти жуктуруп албоосу үчүн ВИЧ/СПИД менен ооруган аялдарга кесареволук жол менен төрөө сунушталат.

Наристе төрөлгөн соң

Наристе жаңы төрөлгөндө анын ВИЧ менен төрөлгөнүн так айтуу мүмкүн эмес. Аныгы бала 1жарым жашка чыкканда гана (18 айдан кийин) ВИЧ/СПИДге текшерилүүдөн соң аныкталат. ВИЧ инфекциясын алып жүргөн аялдан төрөлгөн ымыркайларга антиретровирустук дары сироп түрүндө берилет (энесинин макулдугу боюнча).
Жаңы төрөлгөн балдарды эмизүүгө болбойт. Анткени, ВИЧ сүт аркылуу да өтөт. Андыктан, бала биротоло жасалма тамактандырууга өткөрүлөт.
Дагы бир жолу кайталап кетчү нерсе, ВИЧ инфекциясын алып жүргөн аял кош бойлуулугунун 28-аптасынан тартып химиялык-профилактикалык дарылануудан өтүп жана баласы операция жолу менен төрөлсө, төрөлгөндө эле баласына дары сироптор берилсе, бала төрөлөөрү менен эмчек эмизилбей жасалма тамактандырууга өткөрүлсө, анда вирустун энеден балага берилиши төмөндөйт.

ВИЧке кабылуусуна балдар күнөөлүү эмес!

Учурда адамдардын ВИЧ/СПИДге чалдыгуусунун себептери бир топ: сойкулук, башаламан жашоо, баңгилик ж.б. Оору чет жерде иштеп жүрүп жуктурган аял, эркектерден да тарап жатат. Мунун натыйжасында ВИЧ/СПИД менен төрөл­гөн балдардын саны өсүшү мүмкүн. Ушуну ар бир ата-эне эске алып, болочок балдарынын алдындагы жоопкерчилигин ойлосо.
Кеңеш алууга кайрылгысы келгендер үчүн Республикалык СПИД борборунун дареги:
Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү-8.
4-кабат, 1-кабинет.
5-кабат, 2-3-кабинет.

Материалды даярдоого салымын кошкондугу үчүн
Республикалык СПИД борборунун диспансердик врачы
Султанова Назгүлгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан