Самат Эркинбеков, актёр: “КҮН САЙЫН КҮЗГҮНҮ КАРАП, “САМАТИК, ТЫ КРАСАВЧИК” ДЕЙМ”

Самат Эркинбеков “Баластан” телеканалында балдар көрсөтүүсүн алып барып, балдар жакшы көргөн каарманга айлана алды. Мындан тышкары балдар аны “Дык-кын-дыш” ырынан, тасмалардан жакшы таанышат. Бул ирет Самат мырза жаш балдарга эмес, жаш балдар Самат мырзага суроо беришти.

Жасмин Жаңыбаева, 8 жашта:

– Самат байке, эмнеге “Баластан шоуго” келбей жатасыз?

– Жасмин, кандай? Менин “Баластан шоуго” барбай калганыма 1 жыл болуп калды. Анткени менин ордума Эркин байкеңер (ред.: Усенбаев, актёр) келди.

– Балаңызга кандай кымбат белек бергенсиз?

– Балама берген эң кымбат белегим – такма жалаяк. Дайыма бир таңгак такма жалаяк алып берем.

Адильхан Абаев, 7 жашта:

– Мен “Жора&Гуляны” күндө көрөм, сиз кинодогудай оюнду (ред.: пирамида) ойноп көрдүңүз беле, банкрот болдуңуз беле?

– “Жора&Гуляны” күндө көрөт экенсиң, азамат. Өзүм Гуля эжедей болуп пирамидага катышкан эмесмин. Менин эжекем катышып, банкрот болуп калган. Көптөгөн тааныштарым, досторумдун апалары да катышып банкрот болушкан. Ошондон улам башкалар дагы банкрот болуп калбасын деп ушул кинону тартканбыз.

Артур Мирланов, 5 жашта:

– Мени да киного тартыңызчы.

– Макул, тартайын сени киного. Биз жакында кастинг жарыялайбыз, ошол кастингге катыш. Талантыңды көргөзсөң, сөзсүз киного тартабыз.

– Клиптеги короз жакшы экен, качпайт экен, ошону алгым келип жатат.

– “Дык-кын-дыш” деген ырдын клибиндеги корозду айтып жатат окшойсуң. Ал корозду биз Бишкектин четиндеги короз баккан чоң короодон ижарага алып тартканбыз. Анткени чоң, бойлуу өзгөчө короз болчу. Ал корозду союп жеп салышкан. Бул клиптин тартылганына 2-3 жыл болуп кетпедиби. Ошол короздун балдары болсо сураштырып көрөйүн, ээ?

Нурай Руслан кызы, 11 жашта:

– Биз сиңдим экөөбүз кечке эле уруша беребиз, сиз да бир туугандарыңыз менен ушинтип урушчу белеңиз?

– Сиңдиң экөөңөрдүн уруша бергениңер аябай сонун экен, анткени урушканга сиңдиң бар, бул аябай жакшы. Сиңдиң кичине чоңойгондон кийин сени менен урушпай, сени эже деп калат. Сени эже деп айтабы? Эже деп айтсын, ээ? Айтып кой Самат байке ушинтип айтты деп. Менде бир туугандарым менен урушканга вариант жок болчу, анткени алар менден көп жашка улуу, эң кичүүсү эле менден 4 жашка улуу, мушташа кетейин десем таяк жеп калчумун. Ошон үчүн тынч эле алардын айтканын угуп жүрө берчүмүн.

Актан Эркинбеков, 6 жашта:

– Менин эжем бар, ошонун атын табыңызчы.

– Актандын суроосу мага аябай жакты (күлүп). Сенин эжеңдин аты Айсулуу же болбосо Аэлита же Арууке. (ред.: Актандын эжесинин аты Акылай экен)

– Көк бөрү ойноп, ат мингенди билесизби?

– Көк бөрү ойногонду билбейм, ат мингенди билем. Бирок эшекке мингенден корком. Анткени кичинекей кезимде эшектен кулагам. Ошондон кийин эшек минбей калгам.

Диана Жээнбекова, 13 жашта:

– Мага азыр мектептен бир бала жагып жатат, сиз кимди сүйчү элеңиз мектепте окуганда?

– Диана, сен азыр кичинекей экенсиң, бул тоок сүйүү. Менде да тоок сүйүү болгон. Кичинекей кезимде Нуржан деген кызды жакшы көрчүмүн. Анткени ал аябай жакшы окучу, аябай тартиптүү кыз болчу. Керек болсо кат жазгам ага. Өзүмдүн кол жазмам анча эмес болуп, катты байкеме жаздыргам. Байкем жазып берип туруп, апама окутуп салып, апамдар мени шылдыңдашкан, аябай ыйлагам.

– Күзгүдөн өзүңүздү карап “мен красавчикмин” деп көрдүңүз беле?

– Албетте, күн сайын күзгүдөн өзүмдү карап, “Саматик, ты красавчик” деп айтам.

Таттыбүбү Турсунбаева, 6 жашта:

– Кымындай кезиңизде жакшы көргөн оюнчугуңуз эмне эле, эмнеге ал оюнчукту жакшы көрчүңүз эле?

– Кичинекей кезимде КамАЗ оюнчугумду аябай жакшы көрчүмүн. Эмнеге жакшы көрчүмүн? Анткени ал оюнчукту атам жасап берген. Үстү темирден, өзү жыгачтан, дөңгөлөктөрү бөтөлкөнүн капкагынан болчу.

– Сиз эмнеге “Жора&Гуля” деген кинодо эже болуп тартылдыңыз эле?

– Анткени мен арыкмын да, анан башыма парик кийип, бетимди боёп койгондо Гуля эжеге окшошуп калгам. Ошондон улам тартылып калгам. “Тамашоудо” ойноп жүргөндө деле арык болгонум үчүн мага кыздын ролу көп туш келчү.

Арген Бейшенбеков, 10 жашта:

– Жакшы көргөн мультфильмиңиз кайсы?

– Жакшы көргөн мультфильмим “Муз доору” (“Ледниковый период”). Тыйын чычкан жаңгакка жетпей жүрө берет го, качан жетери мага кызык боло берет.

Самат Эркинбеков: – Балдар, баарыңарды жакшы көрөм. Мени көп-көп телевизордон, Youtube’дан, Инстаграмдан көрүп тургула, лайк басып тургула. Ким киного тартылгысы келсе, мени менен жолуккусу келсе жакшы окусун, тартиптүү болсун, ата-энесинин сөзүн уксун. Мен ошондой балдарга жолугам. Мен силерди жакшы көрөм, сыйлайм. Көрүшкөнчө-ө!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан