Бермет Садыкова: “КЫЗЫМ МЕНИ БАККАНЫҢЫЗ ҮЧҮН РАХМАТ ДЕП ЗЭЭНИМДИ КЕЙИТЕТ”

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну 35 жаштагы Бермет Садыкова жардамга муктаж болуп турган чагы. Анткени 5 баланы жалгыз чоңойтуп жаткан эненин кызы боордун циррозу менен жабыркап, чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж.

“ДАРТЫ БООРДУН ЦИРРОЗУ ЭКЕНИН УГУП ЫЙЛАДЫМ”

– 2022-жылдын февраль айында 4-класстагы кызым Диана ичим ооруп жатат дегенинен Ат-Башыдагы ооруканага алып келдим. Ал жактан анализдерди тапшырып, УЗИге түшкөндөн кийин эле “боор менен көк боор чоңоюп кетиптир, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборуна алып баргыла” дешти. Каражатыбыз жок эле, банктан насыяга 50 миң сом алып, Бишкекке келдик. Келгенче жакшы деген кабарды уксак экен деп тиленип келдим. Бирок тилегибиз таш каап, боордун циррозу деп чыгып калды. Угуп ыйладым, сопсоо чуркап жүргөн кызымды мындай жаман оору менен ооруйт деп ким ойлоптур? “Индияга же Түркияга алып барып боорун алмаштыруу гана мүмкүнчүлүгү бар. Азыр аракет кылып дарылаткыла. Каражат үчүн кайрымдуулук фонддорго кайрылгыла” дешти дарыгерлер. Бишкекте 1 айдай жатып дарыландык, тамчылатма дарыларынын ар бири 2500 сомго чейин жетип жатты. Азыр да күн сайын дарыларды ичип жатат. Окуусун онлайн улантууда, анткени чуркаса, катуу кыймылдаса эле мурду канап жатат.

Бишкекте жүргөндө кайрымдуулук фонддордун бирине кайрылдык. Алар кызымдын чет элге бара турган документтерин даярдоого жана социалдык тармактардан да каражат чогултушууга жардам берерин айтышты. Алар Индиядагы дарыгерлер менен байланышып, анализдерди жиберишти. Алар боорду алмаштыруу менен айыктыруу 80 пайыз, алмаштырылбастан даарылоо 20 пайызды түзөрүн билдиришти. Ал эми акча каражатын азырынча айтыша элек. Түркияда боорду алмаштыруу үчүн 48 миң доллар, эгер кызымдын боорунун таза жери болуп боор алмаштырылбай калса операцияга 7 миң доллар турарын билдик.

“ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ИЧКИЛИКТИН АЙЫНАН ЭКИ ЖОЛГО ТҮШКӨНБҮЗ”

– Учурда ата-энемдикинде жашап жатам. Ат-Башыда өзүбүздүн эки бөлмөлүү времянкабыз бар эле, кызым ооруганын билгенден кийин аны сатыкка койдум. Шашылыш түрдө сатып жаткандыктан баасын 250-300 миң сомго сат деп сурашууда. Жолубузга болсо да жарап калса жакшы болот эле.

Жолдошум менен анын ичкилигинин айынан эки жолго түшкөнбүз. Мени ала качып келип үйлөнгөндөн кийин ичерин билдим. Ошентип келип-кетип жашап, жашообуз оңчулуктуу болгон жок. Аны менен байланышты үзсөм да ал ичкилигин токтотуп, ата катары жоопкерчилигин алса дейм. Чарчаганды, эс алганды билбей түйшүк тартууга көнсөм да мен үчүн бул оор. Ошентсе да балдарым үчүн, кызымдын айыгып кетиши үчүн болгон аракетимди жумшайм.

Балдарым таята-таенесин ата-апа деп чоңоюшту. Улуу кызым менен Диана мектепте окушат, 5 жаштагы балам менен 3 жаштагы эгиз кыздарымды азыркы учурда таене-таятасы карашат. Өзүбүзчө жашаган кезде аларды 2 кызым эле бакты. Анткени эгиз кыздарым кичинекей кезинде эле жумушка чыгуума туура келди. Мен мектепте пол жууп иштейм, айлыгым 5-6 миң сомдун тегереги.

“ӨЗҮН КҮНӨӨЛҮҮ СЕЗИП, ҮМҮТҮН ҮЗҮП АЛБАСА ЭКЕН ДЕЙМ”

– Бир жолу ойлуу отурсам “мама, мен сизди жакшы көрөм, мени бакканыңыз үчүн рахмат” деп бетимден өөп, кучактады. Санаам санга бөлүнүп жатканын зирек кызым сезди окшойт. Көзүмө жаш тегеренип, бирок аны билдирбөөгө аракет кылдым. Ыйлаганымды көрүп кызым өзүн күнөөлүү сезип, үмүтүн үзүп албаса экен дейм. Зээнди кейиткен мындай сөздөрдү көп айтат. Эмнегедир ушул кызымдын келечегине ишеним менен карачумун. Өзү да, кылган иши да тыкан, эстүү, жайдары мүнөз. Ошондон болсо керек, мындай ооруга туш келип, минтип жардамга муктаж болуп каларым эч качан оюма келбептир. Үмүттөн ишеним жаралат экен. Кайрылган жерлер, жакындарым, кесиптештерим жана башка угуп-билгендер жардамга кол сунуп жатат, андыктан айыгып кетерине ишеним артып калдым. Жардамга кол сунуп жаткандарга ыраазычылыгымды билдирем! Кызыма өзүм донор болгону жатам.

“АЙЫГЫП, КЛАССТАШТАРЫНЫН КАТАРЫНА КОШУЛУШУН ТИЛЕЙБИЗ”

Мухтабар Ахунова, Диананын класс жетекчиси:

– Диана эч кимге зыяны тийбеген, колунан келсе жардамын аябаган, берешен, токтоо мүнөз жакшы кыз. Ал сабак калтырчу эмес. Үчүнчү чейрек аяктап калган кезде класстан “ичим ооруп жатат” деп калып жатты. Апасы мектепте иштегендиктен ага кызын доктурга көрсөтүүсүн айткам. Азыркы учурда онлайн сабак окуп жатат. Күн сайын байланышып турабыз, классташтары менен да сүйлөшүп турат. 5 балалуу жалгыз бой эне болгондуктан мектептин эмгек жамааты да колдон келген жардамыбызды көрсөтүп жатабыз. Диананын айыгып классташтарынын катарына батыраак кошулушун тилейбиз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417609225815790

Мбанк, Элсом: 0705 54 55 23


Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан