Назгүл Аттокурова, модель: «АТА-ЭНЕМДИ СЫЙЛАП ИЧ КИЙИМЧЕН ФОТОСЕССИЯЛАРГА БАРБАЙМ»

Түркияда модель болуп иштеп жаткан мекендешибиз Назгүл Аттокурова менен маектештик. Ал кичинесинен модель болууга ашыгып, учурда өзү жакшы көргөн кесипте иштеп жатканын айтат. Каарманым моделдикке келгенге чейин бир топ сулуулук сынактарына катышкан. Бул тууралуу кенен айтып беребиз.

– Назгүл, саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Саламатсызбы? Мен 1992-жылы 7-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында төрөлгөм. Мектепте окуп жүргөндө чоң класста окугандар ар кандай сынактарды өткөрүшчү, аларды көрүп мен да бийлейм, мода көргөзүп чыгам деп кыялданчумун. Көп өтпөй эле 7-8-класстарда курбу кыздарымды үйгө чакырып алып бий үйрөтүп баштадым. Мектепте өткөн салтанаттарда мода көргөзүп, бийлечүбүз. 2004-жылы атамдын жумуштары боюнча Бишкек шаарына көчүп келдик. Бишкекте жүргөндө телевизордон клиптерди, мода көргөзмөлөрүн көрүп мен да модель болууну чечтим.

Алгач 2013-жылы “Кыргызстан сулуусу-2013” сынагына катыштым. Кастингден 103 кыздын арасынан 40 кыз өттүк. Кыздардын баары сулуу болчу. Жеңишке жетпесем да, жок дегенде катышып, кандай жыйынтыкка ээ болорумду көргүм келген. Жыйынтыгында Топ-10го кирип, “Ажарлуу сулуу” наамын утуп алдым. Бул сынакка катышкандан кийин мен бул жашоодо көп нерсеге жетише аларымды, өзүм ойлогондон да көптү кыла аларымды түшүндүм.

– Каражат жагынан ким колдоо көрсөттү?

– Эч ким жардам берген эмес. Ал кезде окуудан кийин официант болуп иштеп акча топточумун. Көйнөктөрүмдү ижарага алгам, сатып алууга мүмкүнчүлүгүм жок болчу.

– Андан кийин жолуңуз кандай уланды?

– Биринчи сынактан кийин мен өзүмө көбүрөөк ишене баштадым. Андан соң “Кыргызстан периси-2013”, “Кыргызстан ханышасы-2013”, “Туризм периси-2019”, “Туризм периси-2021” жана башка сынактарга катышып, ар кандай наамдарга ээ болдум. Бирок чынын айтсам, сулуулук сынактары адилеттүү өтпөйт. Бул сөздү окурмандар өзү жеңбей калып айтып жатат деши мүмкүн, бирок мен андан алысмын. Эмнеге адилеттүү өтпөйт? Анткени мамлекет тараптан колдоо жок, башка өлкөлөрдө каражат бөлүнүп берилет.

– Моделдик жолуңуз кандай башталды?

– Сулуулук сынактарына катышуудан тажаганда подиумга чыгууну чечтим. Кыргызстанда бир аз иштегенден кийин Түркиядагы “Dosso Dossi” фирмасынан чакыруу келди, кетип калдым. Ал фирма менен келишим бүткөн соң Стамбулдагы мода көргөзмөлөрүндө подиумга чыккым келип жүрдү. Фотосессия кылып, фирмалар портфолиомду көрсүн деп Инстаграм баракчама жүктөдүм. Бир ирет фотограф таанышым мени мода көргөзмөсүнө чакырды. Ал жактан көптөгөн көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары менен тааныштым. Алар мода көргөзмөсүнө чакырышты. Мода жумалыктарына катышып жүргөн чакта Инстаграм аркылуу «Gelin Damat» журналы чакырды, келишим түзүп иштеп баштадык. Бул жакта Орусия, Украина, Беларусь, Түркия, Бразилия, Венесуэла, Румыния, Иран, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан моделдер бар.

– Бул чөйрөдө акча көппү?

– Адатта моделдер канча акча табарын айтышпайт. Бири-бирибиз менен акчабыз тууралуу сүйлөшпөйбүз. Бирок Кыргызстанга караганда чет өлкөдө 2-3 эсе жакшы төлөшөт. Аракет кылып айына 1000-1500 долларга чейин тапса болот. Ал үчүн профессионал модель болуу керек.

– Жумушуңуздун оорчулугу эмнеде, “кайфы” эмнеде?

– Күнүнө 100-200 кийим кийип жатып чарчап калабыз, кээде тамактанганды унутуп калабыз. Жакшы жагы – жылдыз болуу (күлүп), тамаша. Көп адамдар өзүнө жакпаган жумушта иштешет, эртең менен жумушка баргысы келбей турушат. Мен ишимди жакшы көрөм, бактылуумун. Таң атпай 4тө деле туруп жумушума кете алам. Бир жолу таңкы саат 8де эфирге чыгууга даярданыш үчүн саат 3:30 туруп, жумушка баргам.

– Дайыма диета кармоого туура келеби?

– Кудайга шүгүр, үйдө баарыбыз арык, узунбуз. Мен канча тамак жесем да семирбейм. Бирок бир жумада 2 жолу сууда сүзүүгө, 3 жолу спорт залга барам, жакында эле тенниске барып баштадым. Убакыт суудай шарылдап өтүп кете берет экен, адам дайыма бир нерсе менен алек болуусу шарт.

– Ата-энеңиз кесибиңизди колдошобу?

– Башында үй-бүлөм менин модель болуп иштешимди каалашкан жок, бирок мен кадам сайын көтөрүлө баштаганда кабыл алышты. Үй-бүлөмдү сыйлап ич кийимчен фотосессияларга барбай, бир гана үлпөт көйнөктөрүн жарнамалайм. Кээде бут кийимдер, сумкалар, бриллианттардын жарнамаларына тартылам.

– Жеке жашооңуз тууралуу айтсаңыз...

– Азырынча жигитим жок. Ак боз ат минген ханзаадамды күтүп жатам десем болот.

– Мырзалардан кандай сапаттарын баалайсыз?

– Сабырдуу, эркин, боорукер, акылдуу жана өзүн өзү сыйлаган, маданияттуу, жайдары мырзаларды баалайм. Мага мекенин коргогон аскер кызматкерлери жагат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан