ЧОЛПОН-АТА – ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ ЖАШАГАН АЙЫЛ

Айыл... Ушул сөздү укканда түтүн булаган очоктор, көчө чаңытып ойногон балдар, уй саап, каймак тарткан апалар, ат минип мал караган аталар элестейт. Айылдын касиети кимди болсо да өзүнө тартып сагындырат. Ар айылга таандык өзгөчөлүктөр да бар. Бул ирет биз демократ акын Токтогул Сатылгановдун туулган айылы менен тааныштырмакчыбыз. Айылы тууралуу, андагы кызыктуу маалыматтарды айылдын тургуну, мугалим Зайырбек Кабылбеков айтып берди.

АЙЫЛДЫН АТАЛЫШЫ КОЙДУН ПИРИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ

– Айылдын эмне үчүн Чолпон-Ата аталып калганына байланыштуу 2 уламыш бар. Биринчиси, айылда койдун пири Чолпон-Атанын мазары бар дешет. Илгери мында 4-5 эле түтүн жашаган экен. Алар малын алып жайында жайлоого чыгарда Алтын-Булак деген жердеги үңкүргө барып от жагып, “Чолпон-Ата, бизди, малыбызды ит-куштан өзүң сактай көр” дешип сыйынышчу экен. Айткандай эле малы, өздөрү да жайлоодон аман-эсен кайтышчу тура. Ошого жердин аты ушундай аталып калган экен.

Экинчиси, айылдын четиндеги тоодо илгери жигит менен бийкечтин кол кармашып турган элесине окшош аска болгон экен. Ал жер азыр Кыз-Күйөө деп аталат. Бири-бирин жакшы көргөн жигит менен Чолпон деген бийкеч болот. Ата-энелери экөөнүн баш кошконуна каршы болушуптур. Ага болбой экөө жер которупкачып баратканда аларды ата-энелери, туугандары каргашат. Экөө ташка айланат. Бийкеч ташка айланып баратып “ата!” деп кыйкырыптыр. Ошондон улам Чолпон-Ата делип калыптыр.

Бирок элдин көбү биринчи уламышты туура дешет.

“АЙЫЛДА ТОКТОГУЛДУН, КОРГОЛ ДОСУ УУЛУНУН КАБЫРЫ БАР”

– Демократ акын Токтогул Сатылганов ушул жерде туулуп-өскөн. Менин угушумча, айылдын аягындагы жер мурун Саз-Жийде деп аталып, ошол жерде туулуп, чоңойгон. 1979-жылы Токтогул атындагы совхоз экиге бөлүнгөндө акындын туулган жери совхоздун борбордук бөлүгү болсун деп Чолпон-Ата айылы негизделген. 1981-жылы көчө жаралып, башка айылдардан эл көчүп келе баштаган. Бирок 1984-1985-жылдарга чейин мында бир нече түтүн эле жашаптыр.

Чолпон-Ата айылынын бир тарабынан Узун-Акмат дарыясы агып өтүп, айылдын аягындагы имерилиштен Кара-Кулжа дарыясына кошулат.

Айылдагы акындын мемориалдык музейи анын 125 жылдык мааракесине карата 1989-жылы 5-октябрда ачылган. Токтогулдун Саз-Жийде деген жерде тамы бар, ал музейден 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал эми күмбөзү Узун-Акмат дарыясынын боюнда, күмбөздүн айланасы 5 сотых жерди ээлейт. Ал жерде Токтогулдан тышкары 6 адамдын сөөгү коюлган: акындын шакирти Коргоол Досу уулу жана анын жубайынын, баласынын, Токтогулдун баласы, жубайы, келининин. Бул жерге 7 облустун ар жагынан келгендер зыярат кылып, куран окуп, андан тышкары Токтогулдун музейин, жашаган жерин көрүп, сүрөткө тартып кетишет. Кээде туристтер да келип калат.

ТОКТОГУЛДУН КИЙИНКИ ЖУБАЙЫ, БАЛАСЫ ТУУРАЛУУ

– Көпчүлүк Токтогулдун Сибирден кайтып келгенден кийинки жашоосун жакшы биле бербейт. Маалыматтарга караганда, Токтогул айылга келген соң 20 жаштагы Сейдимканга баш кошкон. Экөө Бабажан деген уулдуу, Гүлсара деген кыздуу болушкан. Бабажан да комуз чертип, улуттук филармонияда иштеп, мыкты комузчулардан болгон. Токтогул 1933-жылы каза болгон соң уулу менен кызы Фрунзедеги интернатта окуптур.

Бабажан эр жеткенде Күлиса деген кызга баш кошуп, 6 балалуу болуп, экөө каза табат. Гүлсара Ташкенттен консерваторияда окуп, интеллигент айым болуп чыгат. Бабажандын уулу Молдожан мектепте окуп жүргөн кезинде комузду мыкты чертип концерттерге чыкчу экен. Кийин сүрөтчүлүк кесипти аркалап кеткен. Молдожан 6 жашында “Токтогул” операсында Топчубайдын ролун аткарып, анын кийимдери менен сүрөткө түшкөн экен. Гүлсара кызы 1961-жылы Фрунзедеги үйүндөгү мешке көмүр жагып, андан чыккан иске ууланып каза болгон дешет. Сейдимкан апанын неберелери Канышай, Күмүшай, Молдожан менен түшкөн сүрөтү азыркыга чейин сакталуу.

“АЙЫЛДА ӨНӨРЛҮҮЛӨР КӨП”

– Айылдын эли мал багып, дыйканчылык кылат. Жер семиз болгондуктан эмне эгип, тиксе да жакшы өсүп, түшүмдү мол берет. Эл көбүнчө жүгөрү, беде, эспарцет, жашылча эгишет. Бал челек кармагандар да бар. Айыл эли ынтымактуу. Майрамдарда оюн-зоок, кечелерди өткөрүп турабыз. Өнөрлүүлөр көп. Ырчылардан, аккордеон тартып, комуз черткендерден да куру эмеспиз. Андыктан майрамдарда айыл шаңга бөлөнөт.

Айылдан Узун-Акмат дарыясы менен Кара-Кулжа дарыясы агып өткөндүктөн аларды бойлой токой өскөн. Андыктан суу жээктери, сууга жакын салынган үйлөр жайында салкын. Токой ичи жаздан тарта канаттуулардын сайраган үнүнө толуп турат. Кыргоол, түлкү, суусунда форель балыктары кездешет. Мурун илгери эл отурукташа электе аюу, камандар жашаган экен.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан