Жаныбек Базаркулов, саяпкер: “МЕН ТАПТАГАН АТТАРГА МЫКТЫ УЛАКЧЫ ОТУРСА СӨЗСҮЗ ЖЫЛДЫЗ БОЛОТ”

Көк бөрүдөгү мыкты чыккан Кахармандын балдарын таптаган саяпкер Жаныбек Базаркуловду кепке тарттык. Кесиби, эмнеден улам Кахармандын балдарын таптап баштаганы тууралуу сүйлөштүк.

– Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, саяпкерликке кантип кызыгып кеттиңиз?

– Мен Сокулук районуна караштуу Белек айылынын тургуну болом. Ушул айылда туулуп-өскөм. Ата-бабаларымдын баары чабан болгон, колхоздун малын багышчу. Мен кичинемде күлүк чаап жүрчүмүн. Кийин чоңоюп салмак өскөндө ат чаппай калдым. Агаларымдан көргөнүм боюнча 15-16 жашымдан тартып эле өз алдымча ат таптай баштагам. Мурун кыргыз жылкылардан башка таза кандуу аттар жокко эсе болчу. Анан таза кандуу жылкылар келе баштады. Таза кандуу менен кыргыз жылкыны таптоонун айырмасы бар. Таза кандуу жылкы суутууга бат келет, аларды таптоо жеңилирээк болот. Мен таза кандуу жылкы таптоону тандап кеттим. Жорго таптап, жорголорду чаап жүрдүм. Көп эле байгелүү орундарга татыгандары болду. Бирок ал учурда азыркыдай интернет жок болчу да, азыр аттарыңдан бери “жылдыз” болуп кетип жатпайбы.

Кийинчерээк көк бөрү ойноого кызыгып, ойноп баштадым. Ошондо көк бөрү ойногон аттарды таптоого өттүм. Кудайга шүгүр, мен таптаган аттарга мыкты улакчы отуруп калса сөзсүз жылдыз болот. Жакшы оюн көрсөтүп мыкты улакчы, бомбардир болуп чыга келишет. Көп улакчылардын ат багуу, таптоо менен иши жок. Келишет, даяр атты минип ойношот. Ошентип көк бөрүдө жылдызы жанган улакчыларга ат таптап берип келе жатам.

– Эмнеге Кахармандын балдарын таптоону тандагансыз?

– Кахармандын балдарын жактырып калганымдын себеби бар. Мунун балдарынын мүнөздөрү оор келет. Мындай мүнөзү оор жылкылардан тайманбаган, жүрөктүү мыкты аргымактар чыгат. Булардын күлүктүгү, мындайча айтканда, “мотору” жакшы. Башка аттардан ошонусу менен айырмаланып турат. Буларды суутуу бир аз оорураак. Ар биринин өзүнчө мүнөзү бар. Ар бири ар кандай мамилени талап кылат. Баарын бирдей караганга болбойт, ар бирине эмне керек экенин сезишиң керек. Кудай буюрса, мен Кахармандын балдарын эле эмес, неберелерин дагы таптап, улакка чаба баштадым. Азыр 4 жаш болгон бир небересине Кахраман деп чоң атасына окшош ат койгом. Ал улакка чабылып, алгачкы оюнунда эле “Мыкты аргымак” наамын алды. Мунун атасы белгилүү саяпкер Керим Өмүралиев таптаган Кахармандын баласы Кертай деген болчу. Учурда колумда Кахармандын неберелеринен бешөө бар. Баары меники эмес, ээлери бар, айрымдарын даярдап сатып жиберем. Алган ээлери деле кайра акы төлөп бактырууга, таптоого кайра эле мага беришет.

– Каркыра Ноорузда дагы мыкты оюн көрсөттү?

– Аны көптөн бери даярдап келе жаткам. Азыр Каркыра Баткенге оюнга кетти, кыйылып жатып бердим. Негизи 9-Май ат үчүн оор болот, анын үстүнө Баткен кыйла ысык да.

– Көп аттын түйшүгүнөн тажабайсызбы? Саяпкерликти үйрөнөм дегендер да болсо керек...

– Саяпкерлик – менин негизги кесибим. Ат багуудан тажабайм, тескерисинче, үйдө ат жок болсо маанайым түшүп калат. Ооба, ат таптоонун жол-жобосун сурагандар көп, Инстаграмдан да көп жазышат. Бирок саяпкерлик антип айтсам эле үйрөнүп алчу иш эмес. Атты кандай минип, кантип караш керек экенин жеринде көрүп, бардыгын өзүңдөн өткөрүп гана үйрөнө аласың. Атын таптатууга берем дегендер да көп, мага келсе эле канат бүтүп кетчүдөй болуп айрымдар эч нерсе чыкпай турган атын деле алып келе берет. Буюрса, чоң ат сарай курайын деп жатам.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан