Кыргыз тасма талаасында “Мекен” тасмасы, “Адилет”, “Акыркы сабак” сериалдарындагы ролдору менен эл көзүнө илинган актёр Бактияр Шаршенбаев бизде конокто. “Кандай роль болбосун жеткире ойноп берүүнү максат кылам. “Мекен” тасмасы болбогондо, балким, кийинки тасмаларга тартылбай да калмакмын” деген актёр менен кесиби, театр, тасмадагы ролдору тууралуу сүйлөштүк.
Каарман тууралуу:
Туулган жери – Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Тельман айылы
Туулган жылы – 1991-жыл, 25-октябрь
Билими – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүн аяктаган
Тартылган тасмалары – “Мекен”, “Кыялкэштер”, “Махабат”, “Акыркы сабак”, “Адилет”, “Жалбыз”
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
– Саламатсызбы, Бактияр мырза? Жакында эле сиз роль жараткан “Вестсайд окуясы” спектаклине күбө болуп келдим. Театр менен тасмада роль жаратуунун айырмасы кандай?
– Театр оңдоп-түзөөгө жабылган учурда мен көбүнчө тасмалардын съёмкасы менен жүрүп калдым. Бирок театрдын аурасы, спектакль чыгаруу такыр башка нерсе. Тасмада бир нече дубль менен тартып образды чыгарып алсаң болот, ал эми театрда кыйыныраак. Сахнага элдин алдына чыгып тилиң бурмаланып кетсе эле болду, үзгүлтүккө учурайт. Ошондуктан бир спектаклди 4-5 айлап бышырып туруп сахнага чыгарабыз, анын өзүнчө бир ырахаты бар. Учурда театр ачылып, репертуарлар биринин артынан бири болуп, күнүбүз эртеден кечке театрда өтүп жатат. Массовка болобу, жөн эле кирип чыккан роль болобу, фондо найза кармап турсак дагы ар бир спектаклде барбыз.
– Спектаклде сүйлөй турган сөзүңүздү унуткан учур болгонбу?
– Кудай сактасын, андай учур болгон эмес. Анткени профессионал актёр болгондон кийин андайга эч качан жол бербешибиз керек. Спектаклди качан гана бышканда элге сунабыз.
– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кичинеңизден эле өнөр адамы болсом дечү белеңиз?
– Кара-Балта шаарына караштуу Тельман айылында туулуп-өскөм. Балалыгым ошол жакта чоң ата-чоң апамдын колунда өттү. 5-классымда Бишкекке ата-энемдин колуна келдим. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Атам дүйнөдөн өтүп кеткен, апам бар, аты Жумагүл, медайым болуп эмгектенет.
Өзүм кичинемден спортчу болсом же элге таанымал өнөр адамы болсом деп кыялданчумун. Кудай буюрса, кыялым орундалып жатат. Кичинекей кезимден бери эле футбол ойноп, спортко кызыгам. Азыркыга чейин спорт менен алектенип турам. Биз бала кезде шоу-бизнесте Мирбек Атабековдор катуу чыгып жатпады беле, ошолорду көрүп мен дагы алардай болуп сахнага чыккым келчү. Бирок ал кезде театр жөнүндө такыр түшүнүгүм жок болчу. Актёр деген киного эле тартылат деп ойлочумун. Кийин окууга тапшырып, театр, сахна эмне экенин билгенден кийин аны баш отум менен берилип сүйүп калдым.
– Театрга кантип келип калдыңыз эле?
– Университетти аяктагандан кийин сабак берген мугалимим, Кыргыз Эл артисти Гүлайым Каниметова “Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында актёрлорду кабыл алууга сынак болуп жатат, кел” деп калды. “Жок, эже, азыр даяр эмесмин” десем болбой алып келген. Анан сынактан өтүп кеттим. Театрга жол көрсөткөн Гүлайым эжеге ыраазымын. Буюрса, иштеп жүргөнүмө 8 жыл болду.
– Акыркы 3 жыл аралыгы сизди клип, тасмалардан көп учуратам. Мурун студент кезде тасмага тартылууга аракет кылган эмессизби?
– Студент кезде эч нерсеге тартылган жокмун. Анткени мугалимдер “колуңардан келсе тартылбай эле койгула, силер быша элексиңер. Качан гана даяр болгонуңарда жакшы тасмаларга тартылгыла” деп кеңештерин берчү. Ошолорду эске алып, кастингдерге дагы барган жокмун. Кийин театрда иштеп баштаганда кастингдерге барып аракет кыла баштадым. Кастингдерден өтпөй 5 жыл жүрдүм окшойт. “Аракет кылсаң – берекет” дейт го, акыркы 3-4 жыл ичи тартылып баштадым.
– Актёрлук багыңызды ачкан кайсы тасма болду?
– “Мекен” тасмасы чыккандан кийин “сиз кыргыз эле турбайсызбы” деп таң калгандар, “эй, кытай” деп тийишкендер да болду. Ушул тасмадан жолум ачылды деп ойлоп коём. Анткени ага чейин көп кастингдерге барып өтпөй жүрүп, тажап калгам. Ичимден “ушул менин акыркы кастингим болот, ушуга барам, эгер өтпөсөм, болду эч качан барбайм, театрда эле иштейм” деп чечим чыгарып баргам. Кудай жалгап өтүп кеттим. Андагы жараткан кытайдын образы өзүмө дагы аябай кызык болгон. Улутуң башка, кытайча өмүрү сүйлөп көргөн эмессиң. Андагы сөздөр дагы жөн эле сөздөр эмес, мааниге жараша жазылган сөздөр болчу. Ошонун баарын жаттап, дикциясын өздөштүргөм. Съёмка учурунда ырахатын сезе алган эмесмин, анткени барак кароо менен эле өтүп кеткен.
– Алгачкы жолу тасмада башкы каармандын ролун жаратуу кандай болду?
– “Адилет” тасмасынын режиссёру тасма тартылардан бир жыл мурун эле ошол ролду сунуштаган. Айткандан тартып эле опер, милициялардын баскан-турганын карап, үйрөнө баштадым. Бул менин алгачкы башкы ролум, анан да сериал болуп жатса, элге жеткире жакшы аткарсам экен деген жоопкерчилик чоң болду. Үйгө барып анализдеп, мындай аткарсам болмок деп жаттым. Негизи өзүмдү экрандан көрө алчу эмесмин, кемчиликтеримди оңдош үчүн айла жок тасмаларымды көрүп чыгам. Бул тасмадан кийин да өзүмө бир топ сабак алдым.
– Тасмадагы образдардын кайсынысы өзүңүзгө жакын?
– Салыштыра келгенде менин кулк-мүнөзүмө Адилеттин образы көбүрөөк жакын. Бирок көбү “Акыркы сабактагы” агайдын образын жактырышат. Бул дагы мен үчүн ийгиликтүү ролдордун бири. Мурун мени Адилет деп таанышса, азыр агай деп тааныгандар көбөйдү.
– Актёрлуктан башка эмне иш кыласыз? Сценарий жазуу, режиссёрлук кылуу оюңуз барбы?
– Башка ишим жок, тойлорго дагы чыкпайм, меники болгону театр, чакыруу түшүп калса тасмаларга тартылмай. Бирок Кудайга шүгүр, ушуну менен нан таап жеп жатам. Азырынча сценарий жазуу, режиссёрлук кылуу оюмда жок. Менин негизги багытым – актёрлук. Азыркы максатым – кандай роль болбосун, бүт баарын ойноп, чыгармачылыкта өсүш керек. Наркоманбы, селсаякпы, иши кылып кызыктуу персонажды жакшы ачып бергим келип жүрөт.
– Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
Динара Акимова