– Жашоодо күтүлбөгөн жагдайлар көп болот экен. Ушунчалык ишенчээк элем, бир дагы кишиден кара саначу эмесмин. Баарынын жүрөгү таза деп билчүмүн. Бирок азыр ал ишеничтин карааны да калбады. Анын баарын жакындарым өлтүрүштү, көздөрүмдүн балбылдаган нурун өчүрүштү. Анда кеп башынан болсун.
Жогорку окуу жайды бүтүп, сүйлөшүп жүргөн жигитим менен баш коштук. Жолдошумдун өзүнүн бизнеси бар, мындайча айтканда, бай болчу. Башта баары жайында, сый-урмат менен жакшы эле жашап жатканбыз. Жыл айланбай тун уулубуз төрөлдү. Бизден бактылуу киши жок. Экөөбүз тең аны айланчыктап эле калдык. Кайын журт жактан, өзүм жактан деле улуулар “удаа төрөп алсаң жакшы, экөө чогуу чоңоюп калат. Анан экөөнү бала бакчага берип коюп ишиңе чыга бересиң” деп көп айтышты. Муну мен да туура көрдүм. Ошентип экинчи балабызды күтө баштадык. Кош бойлуулук өтө оор болду. Катуу кыйналганда врачтар ай-күнүмө жеткирбей эле кесарево менен төрөтөрүн айтышты. Улуу баламды карап бер деп жакын курбу кызыма сүйлөштүк. Кичинебизден чогуу өскөнбүз, өтө жакын элек. Кандай учур болбосун бири-бирибизге кол сунчубуз. Ал ошол тапта Орусияга иштегени кеткени жаткан. Ага “Орусияга кете турган билетиңди алып беребиз, бизге каралашып тур” деп жумушунан эрте чыгуусун сурандык. Ошентип ал биздин үйгө келип баламды карап калды. Операция оор өттү.
– Кыз төрөдүң, азыр жандандыруу бөлүмүндө,- деди медайым наркоздон ойгонгонумда.
– Көрсөм болобу?
– Көрө албайсың, сага азыр турганга болбойт. Анализдериң чыкса, бөйрөгүңө операция жасашыбыз керек,- дегенди укканда үрөйүм учту.
– Жандандыруу бөлүмүндө бир апта жатып кызым чарчап калды. Өзүмө операция жасалды. Ошентип ооруканалап жүрүп, бир жарым ай дегенде үйгө чыгып бардым. Тыңыраак кыймыл жасай албагандыктан курбум мага каралашып үйдө болуп жатты.
– Мен жакшы болуп калдым. Сенин дагы убактыңды алдык. Эми билетиңди алдырып берейин, канчасында кетесиң?- деп бир күнү курбумдан сурадым.
– Жок, мен кетпей калдым, Бишкекте эле иштемей болдум,- деди.
– Андай болсо жакшы болгон турбайбы,- анын кетпей калганына чындап сүйүндүм.
– Андан көрө батир таап алганча силердикинде жашап турбаймбы?
– Ой, үй кенен, биздикинде деле жашай бер. Батирге акча кетирип эмне кыласың, ал акчаңды чогултуп керегиңе жарат,- дедим. Жолдошума айтсам ал дагы каршы болгон жок. Ошентип курбум кийим-кечегин алып келип үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашты. Анда менде жаман ой кайдан болсун?
Бир күнү кечке маал баланы ээрчитип көчөгө басып келүүгө чыктым. Телефонумду албай калыптырмын, баланы кошуна келинге таштап, үйгө кирдим. Эшикти бекитпей чыккандыктан шар эле уктоочу бөлмөгө кирип бардым. Күйөөмдүн моюнуна асылып, эркелеп алдында отурган курбумду көрдүм. Көрбөй калсам эмне?! Ал абалымды эстегенде азыр дагы жаман болом. Үнүм чыкпай калды. Канча убакыт далдырап турдум билбейм. “Айка эже, эмне болдуңуз, балаңыз ыйлап жатат” деп кыйкырган үндү укканда гана эсиме келе түштүм. Ыйлап жаткан баланы сооротконго аракет кылып жаттым. Күйөөм эч нерсе болбогондой сыртка чыгып кетти. Курбум кечирим сурагандын ордуна “биз сүйүшүп калдык, эми күйөөңдү бошот. Мен деле бай кишинин камкордугунда жашап көрөйүн. Жалаң жакшы нерселерге сен эле жетип келе жатасың, эми калыстык деле болсун” деп мени акырая карап мыскылдады. Күйөөмдүн менин бозоргон абалымды көрүп чыгып кеткенине, курбумдун кара өзгөйлүгүнө чыдай албадым. Баламды алып дароо үйдөн кеттим. Эртеси ажырашууга арыз бердим, ажыраштык. Ошентип күйөөмдү жакын курбума тарттырып коюп, жакшынакай бүлөмдү буздуруп алып отуруп калдым. Жашоодо баарын өзүңдөй ак жүрөк көрбөш керектигин ошондо гана түшүндүм.
Алина