КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жанында эч нерсени көрбөгөн, жашоону түшүнө элек жаш кыз турса да Тимур ага жан дүйнөсүн төккүсү келди. Эч бир аялзатынын алдында актанбаган неме ушул кыздын алдында актанды. Аялы Нурзат ал сүйлөшкөн кыздарды айтып, канча суракка алгысы келчү. Бирок “ишиң болбосун” деген гана жооп алчу. Айсара аны Нурзатча такап сураган деле жок, бирок ал өзүнөн-өзү актанып, болгон чындыгын төкпөй-чачпай айтып берди.

ххх

Короз кыйкырып таң жаңыдан сүрүп келе жатканда Марат ойгонду. Айылга келгенден бери ойгонуп эле телефон караган адатын таштады. Туруп уйларды чыгарып, тоокторго жем берип, айтор, эшиктеги жумуштар менен алектенет. Бүгүн дагы шаарга жолго чыкканча бүтүрө коёюн деп огороддун ачылып кеткен торлорун тосуп жүрөт. Айнаш огороддун тиги башында иш кылып жаткан уулун алыстан карап “оп, балекетиңди алайыным” деп күбүрөнө кубанып, самооруна чай коё баштады. “Электр чайнегиңерден чай ичкендей болбойм, оттун чайындай болбойт” деп чакан самоорун жага баштайт. Жалгыз учурда көбүнчө коңшу-колоңун “ай, самоордун чайына келгиле” деп чакырып алып алар менен өткөн-кеткенди сүйлөшүп шашпай чай ичкенди жакшы көрөт. Уулу, неберелери келгени самоорун керели кечке өчүрбөйт. Бүгүн шаарга апабызга кетебиз деп эки бала да күндөгүдөн эрте турушту. Баары дасторконго чогулуп чай ичишип, Марат атасына багыштап куран окуду. Бата кылынып бүткөн соң кемпир оор үшкүрүп, алдында турган майлыгын бүктөгүлөп отуруп калды.

– Апа, капалана бербечи, буюрса, келебиз. Бир аз чыдап койсоңуз.

– Ээ, балам, жашың өткөн сайын ушинтип жашык болуп, болбогон нерсеге капаланып калат экенсиң. Кой, узак жолго чыгып жатасыңар, үңүрөйбөй узатайын,- деп кемпир батасын берип, неберелерин беттеринен өөп, уулун бекем кучактап коштошуп кала берди.

Унаада терезеге үңүлгөн Марат ар нерсени ойлоп бара жатты. “Шаарда жумуш, акча деп жүрө берип апамдын бул жакта кейип, жалгыздыктан тажап жүргөнүн бир этибарга албаганымды кара” деп өкүнүп дагы алды. Анын азыр оюнда шаарды жыйыштырып айылга апасынын жанына келүү гана болуп калды.

ххх

Карлыгачтын Байышка жолугууну токтотом, жумуштан кетем дегени ой бойдон эле калды. Түндө кабыл алган чечим таңда күчүн жоготот эмеспи. Байыш менен бир күн байланышты үзгөнү менен, оюнан бир мүнөт да чыгара албай койду. Марат жолго чыктык деп телефон чалары менен “алар келсе бара албай калбайын” деп ойлонуп дароо такси чакырып Байышты көрүүгө шашыла оорукананы көздөй жөнөдү. Карлыгач кирип келгенде Байыш кубанып кетти. Аны көрүп келиндин да көздөрү жайнай түштү.

ххх

Марат, балдары менен үйгө келип Карлыгачтын жок экенин көрүп сумсая түшүштү. “Ата, апама телефон чалсаңыз” деди кызы. Алар телефон чалганда жолдо келе жатканын айтты. Карлыгач эмнегедир күйөөсү, балдары менен да салкын учурашты. Үйдүн ичи мурункудай опур-топур болгон жок.

ххх

Баары белен, көзүн карап турган адамы бар. Оозунан чыкканы көп узабай колунда болот. Кыялданып жүргөн саякатына дагы жакында кетүү пландалып жаткан. Бирок ушул күндөрү кыз эркин эч жакка баса албаганынан, Тимурдун ыксыз эле кайтара бергенинен тажады. Машина, үй, саякат, айтор, белен жашоосунун баарын таштап басып кеткиси келди. Мурдагыдай эркин кушча учкусу келди. Курбулары менен өткөргөн күндөрүн сагынды. Айсара көп ойлонуп, Тимурга кат жазып коюп кетүүнү туура көрдү. Кат жазып түшүндүрсө эле баары бүтчүдөй сезилди ага. Үйдү күзөтүп турган жигиттин намазга кеткен убакытынан пайдаланып чемоданын алып чыгып кетти. Такси үйдөн узаары менен Тимур келип калды.

– Айсара-а,- деп кирип келип эле үйдөгү жымжырттыкты сезди. Бөлмөлөрдү карап таппай калды. Сыртка чыгып бара жатып стол үстүндөгү кагаз менен калемди көрдү. Жетип келип кагазды ала салды.

– Менден кетем дейсиңби, сен менденби, ха-ха-ха!- деп кагазды кармап алып мыскыл каткырып күлгөн кишинин үнү шаардын борборунда жайгашкан хан сарайды жаңыртты. Ал бир нерсеге кыжырданып, ызаланып турганда ушинтип күлчү. Буга чейин кыздардын баары дайыма анын этегине жармашчу, Тимур алардан кутулууга шашчу. Айсаранын кетип калганы ага күтүүсүз болду.

– Сени коё бере албайм,- деп сүйлөнгөн бойдон сыртка чыгып үйдү күзөтүп турган жигитке кыйкырды.

– Кана Айсара?

– Эмне, жок бекен? Жана эле үйдө жүргөн,- жигит жүгүрүп камераларды карай баштады. Бир аз мурун эле чемоданын сүйрөгөн кыздын таксиге отурганы көрүндү.

– Чемоданын алып чыгып кеткиче көргөн жоксуңбу? Каякта жүрдүң темселеп?- столдун үстүн уруп жиберди. – Машинанын номерин кара, алыс узай элек, кантип болсо да таап келгиле!- айдоочусу менен күзөтчүсүнө буйрук берди.

Чоң жол тыгын болгондуктан чын эле такси алыс деле узабаптыр. Жигит бордюрду жээктеп айдап барып таксисттин катарына токтоду. Дароо түшүп таксинин арткы эшигин ачты.

– Кечирип кой, бирок буйрук ушундай, ызы-чуусу жок жөн эле түшүп бер, чатак салам десең, азыр баарынын камерасы даяр, өзүңө да жаман болот,- сүйлөнгөн жигит кызды, бири багаждан чемоданды алып көтөрүп жөнөдү. Таксинин салонун көздөй 500 сом ыргытып койду. Кыз көп узабай көздөрүн балбылдатып жашка толтуруп Тимурдун алдында отурду.

ххх

Карлыгач жумуштан кеч чыгам деп балдарды бакчадан дайыма Марат ала турган болду. Карлыгач кечки 10-11лерде келет. Бүгүн да Байыш жумуштан кийин Карлыгачты үйүнө жеткирип келди. Күндөгүдөн кабагы салыңкы экени байкалып турду. Карлыгачтын үйүнө жеткенче үн деген жок.

– Сен ажырашышың керек, мен ушинтип бирөөнүн аялы менен жүрө бербейм да. Ажырашып толук түрдө меники болушуң керек. Болду да эми, ар кимден жашырынып жүрүүдөн өзүң деле тажасаң керек. Ачыкка чыгып эл сыяктуу жашайлы. Болбосо бири-бирибизди коё берели, жашоодо убакыт менен бардык кыйынчылыктар өтүп жатпайбы, сүйүү да өтөр. Ошол, мени танда же үй-бүлөңдү,- Байыш бул сөздү олуттуу түр менен сүйлөдү.

– Байыш, биз бул сөздү канча айттык. Канча жолу коштоштук. Эртеси кайра эле жолугуп алып жатпайбызбы. Ажырашам болду, мен сени тандайм. Мейли кандай күндү көрсөм да сени менен өмүр кечиргим келет,- Карлыгач Байышка жалбара сүйлөп моюнунан кучактады.

Үйгө келери менен Карлыгач ар нерсени айтып, айылга барбайм деп, энесине асылып Мараттын кыжырына тие баштады. Эптеп урушту ырбатып ошону шылтоолоп кетип калууну көздөп турду. Баары ал ойлогондой болду. Апасына асыла бергенде Марат ачуусу менен Карлыгачты жаакка чаап жиберди. Ушуну эле күтүп тургандай Карлыгач кийимдерин чогултуп кетем дей баштады. Ачуусу менен “кетсең кет” дегени менен, Карлыгач кетүүгө олуттуу киришкенде Марат кетпе деп жалдырай баштады. Балдары дагы “апа, кетпеңизчи” деп жаалап ыйлап бутуна жармашышты. Кармайын деп келе жаткан Мараттын колун силкип жулунуп-жулкунуп чыгып эшиктин алдында турган таксиге түшүп кетти. “Чаппашым керек эле, эми ачуусунун тарашын күтөйүн. Эртең эле таарынычы жазылар” деп ойлонгон Марат балдарын сооротуу менен алек болуп кала берди. Карлыгачтын алардан биротоло кетүүгө камынганы жүз уктаса түшүнө кирбейт эле...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан