Айтыш сүйүүчүлөрүнө Акылай деп таанылып калган төкмө кызыбыз Аккыз Абазбекова менен маектештик. “Моюнумда улуттун улуу жүгү тургандай сезилет” деген жаш акын кыял-максаттары менен бөлүшүп, өзү, чыгармачылыкка таштаган алгачкы кадамдары тууралуу айтып берди.
– Арыбаңыз, Аккыз, сиз менен кенен таанышалы, ээ?
– Бар болуңуздар, жакшы болот. Мен Токтогулда төрөлгөм. Кичинемден жан дүйнөм музыкага жакын. 13 жашымдан баштап Манас айтууга, дастан айтууга, комузга, акындык өнөргө кызыга баштагам. Ошол кезде түшүмдө жоокерлерди, “Манас чоң казатка аттанып жатат” деп дуу түшүп жаткан элди көргөм. Ошондон кийин Манас айтып калгам. Ага чейин деле айтчумун. Бирок Манас меники эмес, кыздар айтса болбойт деген ой болчу. Кийин Манас айтып райондук, республикалык сынактарга катыштым, ал сынактар мага эргүү берчү. Окуучу кезде актёрлукка да кызыгып, чакан иш-чараларда чеберчилигимди көрсөтчүмүн. Комуз да үйрөнүп баштадым.
2013-жылдарга туура келет, теледе устатым Элмирбек Иманалиевдин 20 жылдык концерти болуп жатканын көрүп, комуз менен төксө болот турбайбы деп кызыгып калгам. Таасир берди окшойт, түшүмө да кирди. Түшүмдө устатым мени бир акын менен айтыштырып жатыптыр. "Аян болбой баян болбойт" дейт. Бара-бара кызыгуум өсө берди. Адабият сабагын жакшы көрчүмүн. Бул сабактан Токтогул, Эшмамбет, Жеңижок, Коргоол, Барпы аталарыбыз тууралуу окуганбыз, өнөргө келишиме адабият сабагынын салымы чоң. Анткени алгачкы жолу адабият сабагынан Манас айткам, төкмөлүккө ушул сабактан улам кызыккам. 8-классымда “Айтыш” коомдук фондуна келип, төк десе төгө албай койгом. Асылбек Маратов “9-классты бүткөндөн кийин кел” деди. 9-классты бүтүрүп келип, салт боюнча учурашып төгүп фондго кабыл алынгам. Манасчылык өнөрүм да, акындык өнөрүм да ушул жактан өөрчүп баратат.
– Үйдө чыгармачылыкка кызыккандар барбы?
– Чоң атам комуз чертип ырдап калчу экен. Ошонун комузу менен черткенди үйрөнгөм. Атам ырдап калат. Бир байкем комуз чертип ырдайт, калганында андай кызыгуу жок.
– Чыгармачылык жол кыздар үчүн оор дешет. Ата-энеңиз каршы болушкан жокпу?
– Башында апам каршы болду. Атам бул чөйрөгө жакын да, колдоду. Менин кызыгуумду көрүп апам да колдоп калды, кайсы жакка барбайын апам дайыма жанымда жүрдү. Чыгармачылык менен кеткендер окубай коюшат дешет го, мен апамдын түрткүсү менен экөөнү бирдей алып кеттим. Мектепти жалаң “5” менен бүтүрдүм. Азыр алардан алыста жүрөм, кээде күнү-түнү жумуштар менен жалаң мырзалардын арасында жүрөм, атам менен апам сарсанаа болушат. “Кийин күйөөңдүн колуна тапшырабыз, анан “өх” дейбиз” дешет.
– Кичинекей Аккыз тентек беле?
– Мектепке чейин тентек болдум. 8 жашымда 1-класска баргам. Кичинекей болсом керек да, кыйналбасын деп кеч беришкен го. Тарсылдап жүргөн эркек мүнөз болчумун, азыр деле ошондоймун. Эркек балдар менен ойночумун, эртең менен кетсем, үйгө кечинде 10дордо келип тил укчумун. 2-3-класстарымда токтоло баштадым. Бирок ата-энемдин сөзүн укпай койчу эмесмин. Биздин үйдө атамдын сөзү мыйзам, апамдыкы андан өтөт (күлүп).
– Сиздин жаштагылардын кызыгуулары, ойлонуулары башка...
– Менин чөйрөм жалаң билимдүү, илимдүү, эл, жер деген адамдардан турат. Бул тармакка келгениме аябай сүйүнөм. Жүрөгү кыргыз деп соккон, улутту ойлогон адам болуш өтө оор.
Менин жашымдагылардын арасында кыргыз экенин унутуп койгондор, комуз чертип жатсаң “что это?” дегендер бар. Бизди карап айрымдар “колхоздор” дешет. Менден кийинки жаштарга кыргыз ким экенин түшүндүргүм келет. Классташтарыма келсек, алар мени менен сыймыктанышат. Бул мен үчүн стимул. “Аккыз телеге чыкты, аны көп кыргыз тааныйт” деп мактануу менен айтышат.
– Алгачкы жолу эл алдында айтышканыңызды эстейличи...
– Алгач 2021-жылы “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунда жаш акын Элмирбек Иманалиев менен айтыштым. Андан кийин устатымды биринчи эскерүү концертинде Темирбек Матыбаев менен филармониянын сахнасына чыккам. Элдин сүрү башкача экен. “Толкунданбаган адам чыгармачыл адам эмес” дешет го, аябай толкунданат экенсиң, эл колдоп турса ошол сүр жоголуп, эргип кетет экенсиң.
– Азыр аз да болсо таанылып калдыңыз...
– Ооба, көбүнчө орто муун, чоң ата, чоң энелер таанышат. Алар айтышты калтырбай көрүшөт да. Көчөдөн көрүшсө, жаныма келип сүйлөшүп, ийгилик каалап кетишет, жүрөгүм жылып калат. “Жаштар арасынан суурулуп чыгып ушул чөйрөгө аралашканың үчүн, бул өнөрдү алып жүргөнүң үчүн азаматсың, бактылуу бол!” деп бата беришет, бул мага аябай жагат. “Кореянын жылдыздарын таанып, кыргыздын залкарларын тааныбай жаткан жаштарга үлгү болуп жатасың” деп колдошот, ыраазымын.
– Жаттап алып айтышкан учур болобу?
– Албетте, баарында эле болот го, сөзүңдү жаттап да, баптап да, таптап да чыгасың. Анча-мынча маанилүү сөздөрдү баары эле жаттап чыгат, мындайча айтканда, даярданып чыгат.
– Сахнада айтылгандардын канча пайызын жаттап аласыз?
– 50-50 десек болот.
– Элге Акылай болуп таанылдыңыз...
– “Айтыш” фондунда 10 күндүк сабактарда жаш акын Элмирбек экөөбүздү тамашалап Акылай менен Актандай деп калышты. Жашыбыз да тең, тайпалаш болчубуз, окууда да, жумушта да чогуу жүргөндүктөн салыштырып ошентип коюшкан. “Төкмө келсе төр бошотто” мен “экөөбүз Акылай менен Актандайбыз” деп айткам, Элмирбек улап кетти. Туура айтасыз, эл көбүнчө Акылай деп таанышат. Кээде атымды алмаштырып алсамбы деп ойлоп кетем (күлүп).
– Кайсы акын менен айтышкыңыз келет?
– Бардык акындар менен айтышкым келет. Чоң тилегим – Айнур Турсунбаева менен айтышуу.
– Дагы кандай кыялдарыңыз бар?
– Моюнумда улуттун улуу жүгү тургандай сезиле берет. Келечекте төкмөлүк улуу өнөрдү улантып, өөрчүтүп байытарымды, маданият, адабиятка чоң салым кошорумду билем. Бирок андан тышкары да, улуу жүк тургандай сезилет. Ошону аткарсам дейм. Эмне экенин азырынча билбейм бирок. Максатымды толук аныктай элекмин. Өзүмдү таппай жүргөн чагым.
Перизат Музуратбекова