ТЕХНИКА ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жыл башында АКШнын Лас-Вегас шаарында турмуш-тиричиликке керектүү технологиялардын көргөзмөсү – CES болуп өткөн. Көргөзмөгө жыл сайын технологиянын алпы аталган компаниялардын баштап, жаңыдан бул тармакка аралашып жаткан жүздөгөн компаниялар катышып, өздөрүнүн алдынкы технологияларын, ойлоп табууларын коомчулукка тааныштырышат. Кызыгуу жараткан айрымдарына биздин да көзүбуз түштү.

Коңурукка каршы жаздык

10Minds компаниясы коңуруктан арылуунун жолун тапкан Motion Pillow 3 жаздыгын сунуштады. Буга чейин деле коңурук менен күрөшкө арналган технологиялар чыккан. Бирок алар коңуруктун үнүн басаңдатуу кызматты эле аркалашчу. Motion Pillow 3 сыртынан кадимки жаздыкты элестетет. Ичи аба толтурууга ылайыкталган 4 бөлүктөн турат. Керебеттин алдына жаздыкка туташтырылган коңуруктун үнүн басаңдатуучу AI Motion System жабдыгы орнотулат. Адам башын кайсы тарапка бурганда коңурук тартпайт, кандай абалда жатканда дем алуу органдарына аба жетпей кысылып, коңурук тарта турганын жаздык анализдеп чыгат. Ошого жараша жаздыктагы 4 бөлүктүн керектүүсүнө акырындык менен аба толтурулуп, адамдын башын ыңгайлуу тарапка өзү эле буруп турат. Адам жыргап уктай берет, жаздык болсо түнү менен моюн, башты акырындан укалаган да кызматты аркалайт.

Массаж жасаган робот

Жумуштан чарчап келгенде колу-бутуңа, уюп калган ийиндериңе бирөө массаж кылып берсе кандай сонун. Бирок мындай мүмкүнчүлүк баарында эле боло бербейт, айрымдар массаж үчүн акча төлөп адистердин кызматын колдонушат. Бул маселени Massage Robotics компаниясы чечти. Компания көргөзмөгө массажга керектүүнүн бардыгын камтыган техникасын алып чыкты. Механикалык массаж столунун капталдарында түрдүү тишчелери бар эки робот кол жайгашкан. Робот колдорду үндүн жардамы менен башкарасыз. Мисалы, “өйдөрөөк, ылдыйраак, оңго, солго, катуураак бас, акырын” деген сыяктуу. Роботту өзүңүзгө массаждын кайсы түрү жакканына ылайык программалап алсаңыз болот. Ойлоп табуучулар программалык чектөөлөрдөн улам робот ден соолукка эч кандай зыян келтирбейт деп жатышат. Бизге мындай технология качан келет көрөттүрбүз, бирок адамдын чарчаганын жазып жыргата тургандай эле буюм экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан