БАКТЫЛУУ ЖАШООНУН СЫРЛАРЫ

УЙКУНУ КАНДЫРА УКТАҢЫЗ

Күнүнө 7-8 саатка чейин уктасаңыз, үлп эткен желдин аркасынан чыга калчу оорулардын көбүнөн кутуласыз. Маанайыңыз да көтөрүңкү жүрөт. Анткени организм толук кандуу эс алып, организмге зыян алып келчү факторлорго күч топтоп алат. “Уйкум келбесе эмне кылайын” деген жөн гана шылтоо! Адам өзүн тарбиялап 3-4 күн, керекпи 1 жума же 1 ай болсо да эрте жатса, организм тарбияга көнүп, убагында эс алганды адатка айландырат. Уктагандын ордуна телевизор, компьютер көрүп, телефон тиктеген жаман адат экенин унутпаңыз.

ЖАКШЫЛЫК ЖАСАҢЫЗ

Жакшылык десе эле өзүңүздү “байкуштун” катарына кошуп, “башкага жардам кылмак турсун өзүмө жетпейт” дебеңиз. “Жакшылык” деген сөздүн ичинде көптөгөн маани жатат. Коомдук транспорттон түшкөндө, дүкөндөн соода кылып чыкканда “рахмат” деп коюңуз. Улууларды жөөлөп кетпей алдыга өткөрүңүз, эшик ачып бериңиз, орун бошотуңуз, муктаждарына бир даана нан болсо да алып берип коюңуз. Көчөдө бала ыйласа сооротуп коюңуз, бирөө жардам сураса укмаксан болуп өтүп кетпей колуңуздан келгенин жасаңыз. Жаман жолдо жүргөнгө акыл-насаатыңызды айтып оң жолго салганга салым кошуңуз.

ЖАШООҢУЗДУ НЕГАТИВДЕН ТАЗАЛАҢЫЗ

Жаркын келечекке умтулгуңуз келсе, өзүңүздү терс ойлордон, негативден тазалаңыз. Өткөнгө өкүнбөңүз, көңүл ооруткан адамдарды кечире билиңиз. Жүрөктө сакталган кек өзүңүзгө гана зыянын тийгизет. Болгону өткөн иштен сабак, тажрыйба ала билиңиз. Кудай ар бир адамдын башына өзү көтөрө алган сыноону жиберерин унутпаңыз.

ӨЗҮҢҮЗДҮ МАКТАГАНДЫ УНУТПАҢЫЗ

Башка бирөөнү мактап, өзүңүзгө келгенде бет кызарып “жок, мен андай эмесмин” деп инсандыгыңызды “сындыруудан” качыңыз. Майда-чүйдө ийгиликтер үчүн да өзүңүзгө жакшы сөз айтууну адатка айлантыңыз. Анткени сиз чынында эле жакшы сөзгө, мактоого татыктуу адамсыз. Мактайт десе эле аша чаап “мен эле, мен” деп кетпеңиз. Баарын өз ченеминде кармаган адилеттүүлүгүңүзгө ишенебиз.

ЖАШООНУ СҮЙҮҢҮЗ!

Үй-жумуш, жумуш-үй! Жашоонун ушундай агымы кызыктуу көрүнөбү? Албетте, жок. Ыңгайлуу болушу мүмкүн, бирок кызыктуу жашоо эмес. Ак-кара сүрөткө караганда түркүн түстүү карандаш менен боёлгон сүрөт кандай кооз көрүнөт? Жашооңузду түркүн түскө боёо өзүңүздүн колуңузда. Жаратылыш коюнуна чыгыңыз, спорттун түрү менен машыгыңыз, түрдүү тренинг-окууларга катышыңыз, жаңы адамдар менен таанышыңыз, жаңы чыгып жаткан китептерди окуңуз, бара элек жериңизге коңшу айыл болсо да барып саякаттап келиңиз. Концерт, театр, музей, кино жана башкалар. Негизгиси өзүңүздү баалаңыз, өзүңүздү сүйүңүз! Бактылуу болуңуз, окурман!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан