Футбол жылдызы КАРИМ БЕНЗЕМА

Жакыр жашаган үй-бүлө. 9 бир туугандын арасында тамак-аш, кийим-кече, үй-бүлөдөгү сыйлуу орун, көчөдөгү, мектептеги шылдың-келекеден арылуу үчүн күрөш... Испандардын “Реал Мадрид” футбол клубунун чабуулчусу Карим Бенземанын жашоосу кичинекейинен эле кыл чайнашкан күрөш, атаандаштык менен өтүп жаткан өңдүү. Бир кезде эч ким теңине албай, “кедейсиң, семизсиң” деп шылдыңга кабылган Каримдин аты азыр дүйнөгө белгилүү футболчулар Месси, Роналдунун ысымдары менен катарлаш жүрөт.

Аты-жөнү: Карим Мостафа Бензема

Туулган жери: Франция, Лион

Туулган жылы: 1987-жыл, 19-декабрь

Бою: 185 сантиметр

Кесиби: футболчу

Ойногон клубу: “Реал Мадрид”

Номери: 9

Амплуасы: чабуулчу

Жетишкендиктери: УЕФАнын чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү – 2013/14, 2015/16, 2016/17, 2017/18.

Клубдук дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү2014, 2016, 2017, 2018

ЖАМАН-ЖАКШЫ ПОЛИЦИЯ

Түндүк Африкада жайгашкан Алжир мамлекетинде Бенземанын үй-бүлөсү жакыр турмушта жашашкан. Өз мамлекетинен жаркын келечекти көрө албаган үй-бүлө 1950-жылдары Франциянын Лион шаарына көчүп келишет. Француздардын жеринен баласы Халид Бензема сүйүктүүсүн таап, түбү алжирлик Вахида Жеббара аттуу кызга үйлөнгөн. Халид менен Вахида 9 балалуу болушту. Алар жашаган Лиондун Брон Террайон району эң жакыр, жумушсуз, кылмыш-кырсыктар көп катталган аймак эле. Ата-эне “жаман жолго түшүп кетпесе экен” деп айрыкча эркек балдары үчүн көп кабатыр болушчу.

Карим кичинесинде толмоч бала эле, анын салмагын көчөдөгү, мектептеги балдар көп шылдыңдашты. Анан да эмигранттарды жактырбай, көзүнүн төбөсү менен карагандар четтен чыгат эле. Көк, кызуу кандуу, тентек Карим ызаланып “карап тур, чоңойгондо баарыңардан өч алам. Менин атымды эстеп кала тургандай болосуңар” деп айта турган. Бир тууган Бенземалар бири-бирине болушуп башкалар менен көп мушташышты. Балдарынын тарбиясына катуу көз салып, алардын жаман жолго түшпөшү үчүн аракет кылган Халидди үйүндө “жаман полиция кызматкери” деп коюшчу. Апасы болсо баарына болушкан “жакшы полициянын” ролунда эле.

БИЛИМ ЭМЕС, ФУТБОЛ!

Каримдин окууга кызыгуусу жок болгону менен, футболду кичинесинен сүйдү. 8 жашында өздөрү жашаган райондун “Брон Террайон” футбол клубуна кошулган. 17 жашында ал Франциянын “Лион” курама командасына резервдик оюнчу катары кабыл алынган. Көп өтпөй ал негизги курамда чабуулчу катары ойноп калды. 2007-жылы Чемпиондор Лигасында жана Франция чемпиондугунда чечүүчү голдорду киргизген Бенземага европалык клубдардын кызыгуусу арткан. “Арсенал”, “Милан”, “Ливерпуль”, “Челси” сындуу футбол алптары Каримди колго алгысы келишти. Бирок “Лион” ишенген футболчусунан кол жуугусу келбей, “жок” деген жоопту беришкен.

Калп айткан менен болобу, көп нерсени акча чечери анык эмеспи. 2009-жылы көп суммадагы акча Бенземанын тагдырын башка нукка бурду. Испандык “Реал” клубу “Лионго” Карим үчүн 35 миллион евро сунушташкан. Буга чейин алмашкыс болгон оюнчу 35 миллион еврого сатылып кеткен. Бул чечимден кайсы тарап утулганын ким билсин, бирок Карим Бензема үчүн жемиштүү эле келишимге кол коюлду. Ал “Реал Мадрид” менен 6 жыл иштешүү жана жылына 6 миллион евро акы алуу сунушуна макул болгон. Андан бери клуб менен футболчу келишимди улам-улам узартып, жаңылап отуруп 2022-жыл келди. Каршылаштардын дарбазасына чечүүчү голдорду, хет-триктерди киргизген Карим бир нече жолу командасын алга сүрөп чыкканын футбол күйөрмандары тана албас. Бензема “Реал Мадриддин” курамында эле 600гө жакын оюнга чыгып, 300дөн ашык гол киргизген чебер футболчуга айланды.

БЕНЗЕМАНЫ БЕНЗЕМА КЫЛГАН ЗИДАН

Анын футбол ааламында жылдызга айланганына Зинедин Зидандын опол тоодой салымы бар. “Реалга” келгичекти эле Каримдин оюнуна көз салып жүргөн Зидан командага кошулганда жаш футболчуга кеп-кеңешин берип, анын потенциалын өстүрүүгө аракет кылган. Футболчу катары да, машыктыруучу катары да “Реалдын” тарыхына атын калтырган Зинедин Зидандын оюнчусу устатынын ишеничин толук түрдө актады десек болот. Буга Зидандын “Бензема – мен үчүн тарыхтагы мыкты француз чабуулчусу” деген сөзү далил.

МЕДАЛДЫН 2 ТАРАБЫ БАР

Футбол талаасында жылдыз аталып, шамал менен жарышып топ кубалаган спортчунун жеке жашоосу ызы-чуулуу окуяларга бай. Кайсы бирин айтайын дегендей эле кеп.

2015-жылы Карим Бенземанын аты француз футболчусу Матьё Вальбуэнадан коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылган адамдардын арасына кошулуп калган. Матьё Вальбуэна менен жаш кыздын интимдик видеосу колуна тийген адамдар футболчуну коркутуп, көп суммадагы акча талап кылышкан. Спортчу укук коргоо органдарына кайрылып, жыйынтыгында шектүүлөрдүн катарына Карим Бенземе да кошулуп калган. Бирок Карим ал видео жөнүндө билбестигин, досу Матьё менен жолуктур дегенде алардын ортосуна көпүрө гана болгонун айткан. Сот иштери 6 жылга созулуп, 2021-жылы сот Бенземаны да күнөөлүү деп таап, аны бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ошондой эле
75 миң евро айып пул төлөө чечимин чыгарган. Бул иш, албетте, Бенземанын карьерасына таасирин тийгизбей койгон жок. Франция аны улуттук курама командасынан бир нече жылга четтеткен.

2015-жылы “Реалдын” форвардына дагы бир кылмыш иши ачылып, ал мыйзамсыз баңгизат сатууга шектелген. 2017-жылы гана кылмыш иши жабылып, футболчу акталып чыккан.

Бензема жашы жете элек кыз менен интимдик катнашка барган деген да ызы-чууга кабылган. Тергөөдө кыз жашын футболчудан жашырганын айтканда гана иш “дым-дым” болгон.

2017-жылы Карим жол кырсыгынын күнөөкөрү болгон. Буга чейин деле жол эрежелеринин коопсуздугун сактабаганы үчүн полициядан бир нече эскертүү алып, айып пул төлөгөн спортчу өткөндөн сабак алышы керек эле.

БИР КЫЗ, БИР УУЛДУН АТАСЫ

Шаан-шөкөттүн үстүндө жүргөн жигиттин жашоосунда белгилүү айымдардын да ысымдары бар. Ырчылар Рианна, Женифер Яэль, модель Аналисия Чавес менен болгон сүйүү мамилелери узакка созулган эмес. Модель Хлоя де Лоне экөөнүн ортосунда Мелия аттуу кыз бар. Ал эми Карим Бенземанын моюнуна “каамыт кийгизип”, нике шакегин салдырган модель Кора Готье болду. Карим менен Кора уулу Ибрагимди тарбиялап келишет. Футболчунун социалдык тармактардагы баракчаларындагы уул-кызы менен түшкөн сүрөттөрүн, видеолорун карап, “ий, баласаак ата экен” деп сүйүнүп каласың.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан