СЕРИАЛДАРЫ ЖАНА ТЕКИЛАСЫ МЕНЕН ДАҢКЫ ЧЫККАН ӨЛКӨ МЕКСИКА

Мексикалыктарча “Hola mi lector” – кыргызча айтканда, “саламатсызбы, окурманым?” Бүгүн биз Түндүк Америкадагы эң чоң үч өлкөнүн бири Мексикага саякатка чыгабыз. Алардын популярдуу сериалдарын көрбөгөн адам калбаса керек. Жапайы жаратылыш, ак кумдуу пляждар, башын кар чалган жанар тоолор, чөлдөр, байыркы цивилизациянын өкүлдөрү майя, ацтек урууларынан калган археологиялык жерлер... Булар өлкөнүн тарыхка бай экенинен кабар берет. Шаарлары да ар түрдүү, заманбап мегаполистен баштап, байыркы колониялык сарай курулуштары сакталып калган. Өткөн заман менен азыркынын карама-каршылыгын өзүнө камтыган чыныгы кенч Мексика тууралуу кызыктуу баянга көз чаптырыңыз.

Борбору – Мехико шаары

Аянты – 1973 000 чарчы чакырым

Калкынын саны – 128,9 миллион (2020-жылга карата)

Башкаруу формасы – Федеративдүү президенттик республика, Андрес Мануэль Лопес Обрадор учурдагы президенти

Акча бирдиги – мексика песосу (1 песо 4 сом, 16 тыйын)

Расмий тили – испан тили

300 ЖЫЛ ИСПАНИЯНЫН КОЛОНИЯСЫ БОЛУП ТУРГАН

Мексиканын расмий аталышы – Бириккен Мексика штаты. Өлкө боюнча 31 штат бар. Тарыхына токтолсок, 300 жылга жакын Испаниянын колониясы болуп, мурун Жаңы Испания деп аталчу. 1810-1821-жылдары эгемендүү өлкө катары көз карандысыздык алган. Калкынын санынын көптүгү боюнча дүйнөдө 10-орунда турат. Мексикалыктардын 90 пайыздан ашыгы испан тилин эне тили деп эсептешет. Ошондой эле англис тилин билүү туризм жана тейлөө тармактарында жумушка орношуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат. Анткени АКШ менен кошуна, Канада менен АКШдан келген туристтердин көптүгү да таасир этет. Өлкөнүн Мехико шаары ацтектердин Теночтитлан шаарынын урандыларынын үстүнө курулган Түндүк Америкадагы эң байыркы шаар. Ошондой эле АКШга оңой өткүсү келген эмгек мигранттарынын коридор өлкөсү катары белгилүү. АКШ менен Мексиканын чек арасы узундугу боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Эки өлкөнүн чек арасы дүйнөдө эң көп кесип өтүлгөн аймак катары эсептелет. Ал жерден жылына 350 миллион адам мыйзамдуу өтсө, бийиктиги 4-5 метр болуп корголгон чек ара дубалын 500 миңге жакын адам мыйзамсыз ашып өтөт.

Мексика күмүштүн эң ири өндүрүүчүсү. Калкынын 60 пайызы метистер, 14 пайызы индей уруусундагылар жана 9 пайызы ак терилүү адамдар. Элинин 74 пайызы шаарда жашайт. Диний ишеними боюнча элинин 90 пайызы католиктер.

СЕРИАЛДАРЫ, ТЕКИЛАСЫ ЖАНА БАШКА АЧЫЛЫШТАРЫ

Мексика кинемотографиясы кезинде дүйнө элин мыкты сериалдар менен сугарып турган. Алсак, КМШ өлкөлөрүндө кенен жайылган

“Просто Мария”, “Күң Изаура”, “Жапайы роза”, “Козголоңчулар”, “Байлар да ыйлашат”, “Эсмеральда”, “Узурпаторша” сериалдары башталганда көпчүлүк ичкен ашын таштап сыналгынын астына кадалып көргөн учурлар болгон. Ошондой эле Мексика ашкабак, шоколад, жүгөрү, чили калемпиринин жана текила ичимдигинин мекени. Текила – Мексиканын Текила шаарында пайда болгон жана 5 штатында гана өндүрүлөт. Расмий маалыматтарга таянсак, мексикалыктардын эң жакшы көргөн суусундугу – кока-кола. Ошондой эле Мексикада алгачкы түстүү сыналгы чыгарылган. Окумуштуулары медицинада бойго бүтүрбөөчү дары каражаттарын ойлоп табышканы менен тарыхта калышкан.

БАҢГИЗАТ ТАШУУЧУ ТРАНЗИТТИК ӨЛКӨ

Мексика баңгизат ташуучу транзиттик өлкө катары да белгилүү. Көбүнчө алар АКШга ташылат. Өлкөдө баңгизат ташыган криминалдык уюмдар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда тынымсыз согуш болуп, алардын 2006-2011-жылга чейин созулган тиреши “Баңгизат согушу” деген атка конгон. 5 жылга созулган согушта 47 500 адам криминалдык уюмдардын өз ара чатакташуусунун жана өкмөттүн күчтөрүнө каршы куралдуу согуштун курмандыгы болушкан.

ТАҢ КАЛЫЧТУУ САЛТТАРЫ

Мексикада ноябрь айынын башында белгиленчү “Өлгөндөр күнү” деген майрам бар. Майрамда каза болгон жакындарынын руху мекенине кайтып келет деп ишенишет. Майрамга карата карнавал өтүп, анын катышуучулары тегеректеги бардык нерселерди тематикалык атрибуттар менен кооздоп, беттерине баш сөөктөрдүн сүрөтүн тартышат. Ошондой эле мексикалыктардын салттуу тамагы деп эсептелген позоле шорпосунун тарыхы да үрөй учурарлык. Колонизаторлор Мексиканы басып алганга чейин анда жашаган уруулар бул шорпону адамдын этинен жасашкан. Испандар басып алганда каннибализмден баш тартып, ошондон бери бул шорпону тоок же чочко эти менен жасап калышкан.

Мексика тууралуу кызыктар:

  • Мексиканын Чиуауа штаты дүйнөдөгү эң кичинекей чихуахуа породасындагы иттердин мекени.
  • Мексика "Оттуу шакекчеде" жайгашкан – эң коркунучтуу сейсмикалык аймактардын бири.
  • Мехико акырындап жерге чөгүп бараткан шаарлардын бири. Шаарды жаан-чачындуу мезгилде суу каптап кетпеш үчүн скважиналар казылып, насостук систем иштеп турат.
  • Пуэбло шаарында дүйнөдөгү эң кичинекей “Куэскомат” жанар тоосу бар. Бийиктиги 13 метр.
  • Юкатан штатында 65 миллион жыл мурун кулаган метеориттен ошол кездеги динозаврлар жок болуп кырылган, анын ордуна азыркы Чикшулуб шаары пайда болгон.
  • Мексикада сүрөтчүлөр салыкты өзүнүн чыгармалары менен төлөй алышат.
  • Мексикалык криминалдык жана баңгизат ташуучу уюмдар авокадо өстүрүү жана сатуудан жылына 150 миллион доллардан ашык киреше табат.
  • Америка Кошмо Штаттарында жашаган мексикалыктар ай сайын Мексикадагы туугандарына эки миллиард долларга жакын акча жөнөтүшөт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан