КЕТТИК, ПИКНИККЕ!

Табият коюнуна чыгып таза абадан кере-кере дем алуу кандай ырахат! Күн жылыганы тоого чыгып көңүл ачып, дымдама менен шишкебек жасоону сиз да пландап жатсаңыз керек. Ал жакта даярдалуучу даамдарга өгөчөлүк кошкусу келгендерге даамы таңдайда калчу тамактардын рецепттерин сунуштайбыз. Керектелүүчу азыктарды кишинин санына жараша алыңыз.

ЖАШЫЛЧАЛАР МЕНЕН ХОД-ДОГ

Тасмал жайып, салат даярдап, самоор кайнаганча ачка болуп кетет эмеспизби. Ошон үчүн бул ход-догго керектелүүчү азыктарды ала барып, бир заматта жасап алыңыз. Ход-дог үчүн сосисканы үйдөн майга кууруп даярдап алганыңыз жакшы. Ал эми булочканын ордуна багетти 2-3кө бөлүп колдонсоңуз болот. Аларды базар, дүкөндөрдөн таба аласыз.

Керектелүүчү азыктар:

Багет наны же сүйрү булочка – 4 даана

Сосиска – 4 даана

Кетчуп (шишкебек үчүн дегенин же ачуусун тандаганыңыз жакшы)

Кызыл же ак кочан капуста – 100 грамм

Шпинат – 1 боо

Туздалган бадыраң – 2 даана

Каймак (сметана) – 4 аш кашык

Консерваланган буурчак же козу карын

Даярдоо ыкмасы:

Булочканы узунунан тең ортосунан аягына чейин жеткизбей кесип, эки бетине тең кетчуптан сүйкөп алыңыз. Бир жак тарабына жуулган шпинат жалбырактарын, консерваланган буурчакты, сосисканы салып, бир жак тарабына ичке тууралган бадыраң менен капустаны салуу керек. Үстүнө каймактан куюп, күтүп жаткан жакындарга суна бериңиз.

ЧОККО БЫШКАН КАРТОШКА

Чокко бышкан картошка балалыктан калган эң сонун даам. Анын даамын арттырууга болот. Кантип дейсизби? Төмөндө жасалуу ыкмасы менен таанышып, сөзсүз жасап көрүңүз.

Керектелүүчү азыктар:

Картошка

Колбаса

Сыр

Даярдоо ыкмасы:

Алгач жуулган орточо көлөмдөгү картошкаларды шишке 2-3төн сайып айлантуу менен чокто тегиз кызартып алыңыз. Өтө бышып кетпеши керек! Кааласаңыз кабыгын аарчып да салсаңыз болот. Андан соң тең ортосунан тилип колбаса менен сыр кесимдерин саласыз да, фольгага ороп, чокко 5 мүнөт коёсуз. Эми даамын татсаңыз болот.

Же болбосо картошка чийки кезинде эле тилип, ортосуна колбаса менен сыр кесимдерин салып фолгага ороп бышырсаңыз да болот.

МАНГАЛДАГЫ БАЛЫК

Салтка айланган шишкебек түрлөрүн балыктан жасалчусуна алмаштырууга болот.

Керектелүүчү азыктар:

Балык

Маринад үчүн: өсүмдүк майы, туз, балык тамактары үчүн татымал, паприка

Даярдоо ыкмасы:

Форель же сёмга балыгы мангалга жакшы бышат. Балыкты тазалап, жууп, башын кесип салабыз да, калганын 1,5 сантиметр калыңдыктагы кесимдерге бөлөбүз. Маринад үчүн кошулмаларды көз болжол менен кошуп, 1 саатка чейин тыныктырып коюңуз. Тыныккан соң атайын мангалдын торчосуна тизип, эки бетин тең кызарта бышырып алабыз. Балыктын жумшак этинен тамшана жеп, жаратылышка суктана карап ырахат алыңыз.

ЖАШЫЛЧА ШИШКЕБЕГИ

Демейде эттен шишкебек жасап келебиз. Анын жанына жашылча шишкебегин кошуп жасасаңыз тамак сиңирүүгө да жардам берет. Этти маринаддап жатканда эле жашылчаларды да маринаддап коюуну унутпаңыз.

Керектелүүчү азыктар:

Пияз

Помидор

Баклажан же кабакча

Болгар калемпири

Козу карын

Сосиска же колбаса

Маринад үчүн: өсүмдүк майы, лимон ширеси, туз, кара мурч, кинза же райкан жана табитиңизге жараша татымалдар

Даярдоо ыкмасы:

Алгач маринад даярдап алуу керек. Өсүмдүк майына татымалдарды кошуп, жарым лимон ширесинин сыгып аралаштырып коюңуз.

Жашылчаларды жууп-тазалап өтө чоң эмес, өтө кичине да эмес формаларга бөлүп, буларга маринад соусун куюп, 2-3 саат тыныктырып коюңуз. Узун шпажкилерге же шишке кезектештирип сайып, араларына сосиска же колбаса кесимдеринен кошуп жибериңиз. Мангалга тегиз кактап бышырып алыңыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан