ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-майдан 22-майга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Койгон максаттарыңыз ишке ашып, көп нерсеге жетишесиз. Болгону максаттар ырааттуу жана туруктуу болушу шарт. Жылдыздар ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн бир сыйра медициналык кароодон өтүп коюуну сунушташат. Бош убактыңызда үйүңүздү иретке келтирип, косметикалык оңдоо иштерин жасасаңыз болот. Ал эми жеке жашоодо орчундуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт, жан дүйнөңүздө тынчтык орун алып, апта бир калыпта өтөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада сизди эмоцияга бөлөгөн окуялар көп болот. Бирок эмоционалдык абалыңыз кубанычтан да, таарынычтан да болушу мүмкүн. Туристтик сапарга чыгууну пландап жаткан жалгыз бой букачарлар чамдай берсе болот, сапарда романтикалык таанышуулар орун алып убакытты көңүлдүү өткөрөсүз. Жалгыз бой жана никедеги букачарлар үчүн да сүйүү мамилесин өнүктүрүүгө, гүлдөтүүгө, бекемдөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер аптада көптөн бери чечилбей келген тиричилик маселелерин тез арада чече алышат. Мисалы, насыяга эмерек сатып алып же батириңизди усталарга оңдоп-түзөтсөңүз болот. Жакын туугандарыңыз менен келишпестиктер болуп жатса сизден улуу, тажрыйбалуу адамдар менен көбүрөөк баарлашууга аракет кылыңыз. Апта ортосунда сүйүктүүңүз менен мамилеңизди кайра карап чыгып, ортодогу өз ара түшүнүшүүнү жакшыртасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бул жумада бөйөндөр башкалар менен интенсивдүү баарлашууга жакын болушат. Себеби башка адамдарды угууга караганда, өзүңүздүн оюңузду жана позицияңызды билдирүүгө көбүрөөк кызыгасыз. Аптада жакын санаалаш достор жана туугандар менен айылга, шаардын сыртына чыгып эс алыңыз. Ошондой эле буга чейин араздашып жүргөн түгөйлөр жарашып, бири-бири менен компромисске келе алат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Көп тынчсызданышыңыз ыктымал, айрыкча материалдык жана каржылык маселелерге байланыштуу көйгөйлөр сизди түйшөлтөт. Бул убакта тынбай тытынып иштегенге туура келет. Достор менен болгон мамилени бир сыйра карап чыгуу үчүн ыңгайлуу мезгил.

Мүмкүн, сиз мамилеңизди эчак өзгөртүшүңүз керек болгон тааныштарыңыз бардыр: кээ бир байланыштарды үзүп, айрымдары менен катышты убактылуу токтото турганыңыз оң.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада бийкечтер демилгелүү жана чечкиндүү болушат, өздөрү үчүн жоопкерчиликти алууга, өз алдынча аракеттенүүгө даярдыгын көрсөтөт. Айланаңыздагы адамдар мындай чечкиндүүлүктү көрүп, сизге тоскоол болушпайт. Арыктагысы келген бийкечтер аптада мүнөздөп тамактанууну баштаса жакшы жыйынтык берет. Ошондой эле аптанын ортосунда материалдык абалыңызды чыңдоо үчүн жагымдуу мезгил келет. Жаңы сатып алган буюмдарыңыз көп убакытка кызмат кылат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ден соолукту чыңдоого багытталган руханий тажрыйбалар үчүн ыңгайлуу учур. Эркиңиздин бекемдиги менен ден соолугуңуздун абалын жакшыртууга таасир бере аласыз. Ошондой эле муктаж болгондорго жардам көрсөтүү, кайрымдуулук менен алектенүү сунушталат. Сүйүү мамилесинде никедеги түгөйлөр бири-биринен эч нерсе жашырбай, талаштуу маселе жаралса жеринде чечип алышканы туура. Эл көзүнчө уруш чыгаргандан алыс болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Иликтөөгө, чындыкка, адилеттүүлүккө жеткиси келген чаяндарды ийгилик коштойт. Кандайдыр бир чоң сырды ачып сизден ким эмне жашырганын түшүнгүңүз келсе аптада бардык сырлар ачыкталат. Чаяндар аптада достору менен спорттук стадионго барып сүйүктүү футбол командасына же сүйүктүү ырчысына күйөрмандык кылса болот. Виртуалдык дүйнөдө таанышкан адамыңыз менен жолугуп, реалдуулуктагы жүз көрүшүү жаңы сезимдериңизди козгошу мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кандайдыр бир орчундуу жумушту баштоого ылайыктуу мезгил күтүп жатсаңыз, аракетти баштай берсеңиз болот. Сиз каалаган нерсеге оңой эле жетүүгө болот. Бул жума эч кимден тагдырдын эркине баш ийүүнү же багынууну талап кылбайт. Никедеги мамилени гармониялуу кылып, түгөйлөр каалаган маселесин ортого салып талкуулашса болот. Ал эми бойдоктордун жеке жашоосунда орчундуу бурулуштар күтүлбөйт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Студенттер жана билим мейкиндигин кеңейтүүнү каалагандар үчүн ийгиликтүү жума болот. Сынактарга даярданууга же диссертациялык ишиңизди коргоого эң сонун убакыт. Сизге көп нерсени үйрөтө турган адамды жолуктурасыз. Бойдок текечерлер сүйүктүүсүнөн кол үзгүсү келбесе ага койгон талаптарды жеңилдетип, туура, сылык мамиле кылышканы оң. Балалуу текечерлер алардын ийгилиги менен кубанып, ар бир ийгилик ата-эненин жашоосунун бир бөлүгүнө айланат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Мурунку сүйүктүүңүз менен кокустан жолугушуп, аны менен мамилени жаңыртууңуз мүмкүн. Ошондой эле баш аламан мамиледен оолак болгонуңуз жакшы, тагыраагы, бир убакта бир нече адам менен мамиле түзүүнү адат кылбаңыз, “эки тоонун чөбүн эңсеген теке ачкадан өлөт” деген макалга мисал болуп каласыз. Эс алуу күндөрү бак тигип, гүл отургузуп бакча жумуштары менен алек болуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй-бүлөдөгү айрым жумуштардан баш тартып түгөйүңүзгө өткөрүп берүүгө убакыт келди. Түгөйүңүз өзүн көптөгөн маселелерди ийгиликтүү чечүүгө, адаттан тыш активдүү жана демилгелүү адам катары көрсөтөт. Жалгыз бой балыктар чечкиндүүлүк жасап жактырып жүргөн адамына сезимдерин билдириши мүмкүн. Бирок ал адам сезимдериңизди жоопсуз калтырышы ыктымал. Эс алуу күндөрү шаңдуу достордун кампаниясы менен тоого чыгып эс алсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан