Өмүрүнүн 70 жылын театрга арнап, театрда да, кинодо да эсте каларлык ролдорду жаратып жаткан актриса Кеңеш Курманалиева жашы 80ден ашса да Эл артисти наамын ала элек. “Садагаң кетейин, алдыңа кетейин” деп жалынып-жалбарып тосуп алган апабыз өткөн өмүрүн сыдыргыга салгандай эстеп айтып берип отурду.
“3-КЛАССКА ЧЕЙИНКИ ЭЛЕ БИЛИМИМ БАР”
– Бала чагым кыйын учурга туш келди. Ал кездеги элдин жашоосу кыйын эле, согуштан кийин ачарчылык болду, анан кара тумоо болду. Апам 4 кыз, 3 уул төрөптүр, ойлосом эле ыйлагым келет (ыйлап). Ошондон баары өлүп, мен калып жатпаймынбы кыздардан, уулдардан Сүйүнтбек деген байкем бар. Кудай жалгап, ал аскерге барганда эле ашканага бир бала керек деп, Сүйүнтбек акемди алып калыптыр. Бир туугандарымдан ошол гана тирүү келди, азыр 93кө чыгып, бала-чакасы бар. Мен 3-класска чейин эле окуп калдым. Анткени ооруп калдым. Жоон тарамышка жара чыгыптыр, бутум тырышып сунулбай калган. Табып “доктурга барсаңар кесип салышат, чолок болуп каласың” деп 3 жыл дарылады, ошентип айыккам. Анан мектепке барсам мени менен окугандар алдыга жылып, мен классымдагылардан эң чоң болуп көрүнүп, ыйлап окубай койдум. Келесоомун да, чыдап эле окуп алсам болмок да. Кийин 7-классты бүттү деген документ алдык.
“АПАМА БЕРГЕН ЭКИ УБАДАМДЫ АТКАРДЫМ”
– Кудай бир жагынан берет экен, үнүм жакшы болчу. Бир күнү жети облустан таланттуулар чогулуп сынак болот экен деп калышты. “Теңдешим” деген ырды ырдачумун, ошону даярдадым. Райондон, облустан тандалып Бишкекке келдик. Бишкектен да сынактан өттүм. Анан сынактан өткөндөрдү концерт бересиңер деди, Опера-балет жаңы бүткөн кез эле. Ар бирибиз бирден номур даярдап, концерт бердик. Ошондо Алымкул Үсөнбаевди биринчи көрдүм, анын жээни “үйүнө чогуу барып келели” деп калды. Барсак ал киши “үнүңөр жакшы экен, хорго калгыла” деди. Азыр ойлосом кыйын экенмин, дароо эле “Үй береби? Айлыгыбыз канча?” деп сурадым (күлүп). Айлыгы 50 сом экен. Макул болгон жокмун.
Ошентип Бишкектен кайра Таласка кеттик. Бир күнү Капар Медетбеков “Жалал-Абадга театр ачылыптыр, ошого жакшы ырдаган кыздарды издеп жүрөбүз” деп калды. Ырдатып көрүп, мен, Мария, Рая деген үч кызды жактырышты. Апама айтсам, “ий, өлүңгөрөйүн, жалгыз кызым болсоң, анан артисттериң сандалып цыгандардай болуп кетет экен, анан мен сени каяктан табам?” деп болбойт. Эрменбек Токтогулов деген кудабыз бар эле, ал “кудагый, мен ушуну Ташкенттен 5 жыл окуп келбедимби, муну окубай эле театрга алабыз деп жатат, сүйүнбөйсүзбү” деди. Ага да болбоду. Мен “эртең эле мени күйөөгө бересиз, же пол жуугуч болом, же саанчы болом, башка ким болом? Окубай да калдым. Эмне кылсаңыз да барам” дедим. Акыры апам айласы кетип, “эки талабым бар, ошону аткарсаң жиберем” деди. “Биринчиси, артисттер аябай арак ичет экен” деди, “ичпейм” дедим. Анан экинчиси, “шаарга барса төрөбөйт имиш го, доктурга барып эле баланы алдырып салат экен” деди, мен “жок, алдырбайм” дедим. Ошентип апама берген ушул эки убадамды аткардым.
“ЖАШЫМ 84тө, АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН ТЕАТРДА ИШТЕП ЖҮРӨМ”
– Жалал-Абадда театрда Амантай Ниязалиев башкы режиссёр экен, Эрменбек Токтогулов, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Рыспай Абдыкадыров, Тууганбай Абдиевдер менен иштедик. Кийин Хрущёв театрды жоюп салбадыбы. Рыспай, Тууганбайлар Бишкекке кетишти, 7 киши болуп биз Нарынга кеттик. Бул жактан бизге үй беришти. Анан суукта жылуулуктун баары иштен чыкпасын, отту үзбөй жаккыла дешти. Бакирдин түнү менен уктабай от жагып чыгат. Ошентип жүрүп элге жагып, анан шаарга эки жолу депутат кылбадыбы менин жолдошумду. Ошол кезде Бакы Наарын шаарына эки троллейбус керек деди. Аны укканда баары шылдыңдап, каяктагы троллейбус дешпедиби. Анан эки жылга жетпей эле ишке ашып калды анысы. Мына, азыркыга чейин жүрүп жатат ал троллейбус. Анан баягы шылдыңдаган кишилер кайра майда-чүйдөсүн көтөрүп келип, кечирим сурашты.
Нарында да жакшы иштедим, башкы ролдорду аткардым, Бишкекте Сабира Күмүшалиева менен Даркүл Күйүкова ойногон ролдордун баарын Нарында мен ойнодум. Ал кезде концерт койсок эл кышында дагы көчүктөрүнө уйдун тезегинен коюп алып отуруп көрүшчү. Төрт айлап гастролдо жүрчүбүз, андан келип 20 эле күн эс алчубуз. Эки кар жаамайын Ошто жүрчүбүз. Спектакль коюп Москвага, Каракалпакстан, Алматыга чейин барып келгенбиз. Азыркы артисттер ошентип иштейби? Нарындан Эмгек сиңирген артистти алдым. Жашым 84тө, документ боюнча 86да, азыркыга чейин театрда иштеп жүрөм. 70 жылдай болду. 7 жыл Жалал-Абадда, 94-жылга чейин Нарында, 94-жылдан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында иштейм, аксакалмын.
“БАКИРДИН МЕНИ ЭРКЕ КЕМПИР КЫЛДЫ”
– Бакирдин Алиев менен Жалал-Абад театрына барганда таанышканбыз. Биз барганда ал ошол жакта иштечү экен. Анан Эрнис Турсуновдун “Сулуулар” деген чыгармасын коюп калдык. Ошондо Бакирдин экөөбүз бири-бирин сүйгөн кыз-жигиттин ролун ойнодук. Ошону 6-7 жыл койдук. Абдыашым Көбөгөновдун чыгармаларында да экөөбүз сүйүшкөндөрдүн ролун ойнодук. Ошентип жүрүп жакшы көрүшүп, анан экөөбүз баш кошуп, батирге бөлүнүп чыктык. Ошондо 1 жарым тонна көмүр алдык. Ал арык да, ага таштекти берип коюп, өзүм эки чака менен ташыдым. Ал "муну канча күндө ташып бүтөр экенбиз?" деп ойлогон экен да. “Ой, Боча, азаматсың да! 2-3 күн ташыйбыз го деп жатсам, 2 саатка жетпей эле бүтүп койдук” деп күлгөн. Ошондон атым Боча болуп калды.
Жалпысы 4 уул, 3 кызды тарбияладык. Бакы мени аябай жакшы көрчү, өзү дүкөнгө барып сүт алып келип, сүттөп чай демдеп берчү. Бут кийимдеримден бери тазалап берчү. Ырыстуу тамактын баарын эле Боча жейт деп мага бере берчү. Дайыма театрга чогуу барып, чогуу келчүбүз. Кокустан эки башка спектаклда ойноп жумушта кармалып калсам, үйгө келип эле бут кийимимди карап, “ай, Боча келе элекпи?” деп кайра кетип калчу экен, балдарым айтып калышат. Мен эрке кемпир болдум. Деги бир сен дешкен жокпуз. Алиман Жанкорозова эже тамашалап айтып калчу эле, “кимдин арманы жок? Кеңештин арманы жок, жанында секретары бар” деп. Менин көп картайбаганым ошол себептен да. Меникиндей күйөө эч кимде болгон жок. Көзү көрбөй калгандан кийин да мени күтүп, балдарыма “Бочанын келер убактысы болду, чай коё берсеңер болот” дечү экен, “так ошол убакта сиз келип калчусуз” деп таң калып жатышпайбы алар.
Эки көзү глаукома экен, аны бизге айтпай жүрө бериптир. Мен өтүмдөн операция болгондо наркозду көбүрөөк берип коюшкан экен, эсиме келбей жатсам, катуу санаа тартып, ошол жерден эле көзү көрбөй калбадыбы. Көзү көрбөй 10 жылдан ашык жашады. Бакирдиндин көзү азиз болуп калгандан кийин театрды таштайын десем, кызым мен багам деп мугалимдик ишин таштап, атасын көзү өткөнчө бакты. Азыр эми мени карап жатат. Бул үйдү ошол көзү азиздердин чоңу берген, ошол үйдө турабыз.
Гулийпа Маметосмон кызы