“МАКСЫМ – КЫРГЫЗДАРГА ЭЛЕ ТИЕШЕЛҮҮ СУУСУНДУК”

Максым, жарма кыргыздардын турмушунда улуттук суусундук катары мурунтан ичилип келсе, азыр да ысыкта сергитүүчү суусундук катары актуалдуу. Бул улуттук суусундуктун тарыхына, пайдасы менен кошо жасалышына токтолдук.

“МАКСЫМ 19-КЫЛЫМДА ЭЛЕ ЖАСАЛЫП БАШТАГАН”

Нурудин Кыдыралиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн башчысы, профессор:

– Ачытылган суусундуктардын ичинен максым кыргыздарда эле бар. Ал эми бозо Африка, Сибирдин батыш тарабынан баштап Албанияга чейин жасалат. Максым убагында Нарын менен Ысык-Көл тарапта эле жасалса, учурда башка аймактарга да тарап жаткан чагы. Нарын менен Ысык-Көлдө ачытылганын деле жарма дешет. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Таласта ачытпастан, кайнатылган жармага айран, сүзмө катыктап ичип келишет.

Кыргыз тарыхы тууралуу “Кыргыздар” деген китептин 2-томунда бугу уруусунун бийи Боромбай болуштун аялы Теке максымды ойлоп чыгарган деген маалымат бар. Боромбай болуштун демилгеси менен ошол учурда Ысык-Көл өрөөнүнө бак-дарактар тигилип, эли буудай, арпа, таруу айдап баштаган. Ал аял 1856-жылы каза болот. Бул ошол кезде эле жарма ачытылып жасала баштаган дегендик. Бирок орустардын келиши менен алардын тамак-ашына өтүп, ачытып жасоо ыкмасы башка аймактарга жайылбай калса керек. Ошондон тартып СССР таркаганга чейин славян элдеринин тамак-аш, суусундуктары көп жасалып, өзүбүздүн көпчүлүк улуттук тамак-ашыбыз унутта калган. СССР таркагандан кийин кайрадан улуттук баалуулуктарга, тамак-аш, суусундуктарга басым жасалып, аларды жайылтууга Таабалды Эгембердиев жакшы салым кошуп кетти.

КӨРӨҢГӨ КАЙДАН АЛЫНГАН?

– Бүт жерде, абада да ар кандай микроорганизмдер көп. Аларды тирүү жандык десек болот. Нымдуу жерде алар жашоосун улантып кетет. Ачытуучу затты субстрат дейбиз, ага микроорганизм түшсө ачытуу процесси жүрүп кетет. Көрөңгөнүн пайда болушу да ушу микроорганизмдерге байланыштуу. Көрөңгө аз убакытта пайда боло калбайт, бир нече жылдык убакыт керектелген.

“НЕРВ СИСТЕМИНИН ИШИН ЖАКШЫРТАТ”

– Жарманын пайдасына келсек, дан азыктары В тобундагы витаминдерге бай, ал эми сырткы катмарында минералдык заттар көп. Минералдык заттар негизинен чийки азыкта кандай болсо, даяр азыкта ошол бойдон сакталат. Булар нерв системинин иштешин, эс тутумду жакшыртууга жардам берет. Ал эми жарманы ачытуу процессинде С витамини пайда болот. Ал организмдеги кычкылдануу, зат алмашуу процессинде негизги роль ойнойт.

Жарма суюктук катары ичегиде сиңирилип, анан канга өтүп, кан болсо бөйрөк аркылуу тазаланып турат. Ошондуктан бөйрөктүн иштешинин жакшырышына, шлактардын чыгышына жардам берет.

Боор уулуу заттарды зыянсыздандырат, жармада андай заттар жокко эсе болгондуктан боорго күч келбейт, иштеши жеңилдейт.

Дан азыктарындагы крахмал ичеги-карында аз-аздан глюкозага ажырап анан канга сиңет, игеги-карында көбүрөөк убакыт болгондуктан адамды ток кармайт. Ченеми менен ичүү пайда гана алып келет.

ЖАРМА ЖАСОО ЫКМАСЫ

Максым

Керектелүүчү азыктар:

Тоң май – 1 аш кашык

Ун – 3 аш кашык

Талкан – 100-120 грамм

Суу – 5-6 литр

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ысып турган казанга тоң майды салып эриген кезде 2 аш кашык унду кошуп кызарта кууруп алабыз. Алгач бир аз кайнак суу куюп, куурулган унду эзип алган жакшы. Калган сууну куюп, кайноо алдында талканды себелеп чалып алабыз. Талкан бөлтөк болуп калбашы керек.

2. Кайнап чыкканда ташытып жибербеңиз. Отту бир аз жайлатып, жарым саат кайнатып бышырабыз. Оттон чыгарган соң каймактатпастан улам сапырып туруу кажет. Жарма жылуу кезинде тузун кемирээк салып, бир кашык ун чалып, 0,5-1 литр көрөңгө (максым) куюп, бир түнгө коюп ачытып алабыз.

• Тоң май жарманын жагымдуу болушуна, эгер ачытылса жакшы көбүрүшүнө өбөлгө болот. Буларды кошпой ысыган сууга талкан чалып жасаса да болот.

• Жылуу жармага туздан башка кошпой ичсе кара жарма болот.

Катыкталган жарма

Керектелүүчү азыктар:

Жүгөрү, арпа талканы – 120 грамм

Суу – 5-6 литр

Айран же сүзмө – 500 грамм

Жүгөрү менен арпа талканын казанга салып бир аз кызарганча кууруп баштыкка салып даярдап койсоңуз болот. Керек учурда колдоно бересиз.

1. Казанга сууну куюп, чымырап кайноо алдына келгенде талканды себелеп чалабыз. 30-35 мүнөт кайнатуу керек.

2. Оттон чыгарган соң каймактатпастан улам сапырып туруу кажет. Жарма муздаган соң туз татытып, чалынган айран же бир аз суу кошулуп эзилген сүзмөнү куюп аралаштырып коёбуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан