БИР БҮРКҮМ. 18 АВТОМЕКТЕП ЖАБЫЛДЫ...

  • УКМК: Бишкекте жарандарды коркутуп жүргөн деп шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.
  • Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматтан бошотулуп, ордуна Олег Попиков дайындалды.
  • Чаткалдын Жаңы-Базар айылында 18 жаштагы жигит сууга агып кетип изделүүдө.
  • Өлкөдө айдоочуларды даярдоочу 18 мектеп талапка жооп бербейт деп жабылганы кабарланды.
  • Токтогул суу сактагычында суу көбөйүүдө, 11-майга карата анда 9 миллиард 518 миллион метр куб суу бар.
  • Жаан-чачында таш түшүү коркунучунан улам Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Арал айылынан Казарманга чейинки бөлүгү 11-майдан 18-майга чейин жабылат.
  • Депутат Арсланбек Малиев Кыргызстанда марихуананы легалдаштырууну сунуштап чыкты.
  • Бишкекте 16-майдан 16-июнга чейин ысык суу берүү токтотулат, себеп – тармактагы оңдоп-түзөө иштери.
  • Чүйдүн Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалганы маалымдалды.
  • Сүлүктү шаарында 8-майда өткөн тойдо 32 адам тамак-аштан ууланганы айтылды.
  • Чек ара кызматы: Баткенде кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү.
  • Бишкекте Кытай жаранын тоноого шектелип 4 жаран кармалды, шектүүлөрдүн бири кыз.
  • Кара-Суу районунда селден 12 үй зыянга учураганы маалымдалды.
  • Кыргызстандын президентинин эл аралык "Эл үмүтү" стипендиясы негизделди.
  • 12-майда Бишкек-Ош жолунун Өзгөн аймагындагы тилкесинде жол кырсыгы катталып, айдоочу, анын 6 жана 5 жашар балдары каза болду.
  • Кыргыз-Түркия өнүктүрүү фонду түзүлүшү мүмкүн экени маалымдалды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Жаңы окуу жылында деле мугалимдер жогорулатылган маяна алышат.
  • Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп Каныбек Осмоналиев дайындалды.
  • Кара-Балта шаарында 15-майда велосипед тебүү мезгили расмий түрдө ачылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан